К.Жусубалиев 79 жашта

Кыргыз Эл жазуучусу, өз заманынын генийи атыккан  Кубатбек Жусубалиев бүгүн 79 жашка толду.

Кубатбек Жусубалиев 1941-жылы 30-октябрда Алай районундагы Кердегей айылында жарык дүйнөгө келген.  Ал 1963-жылы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүрүп, 1965-1967-жж. Москвадагы Жогорку сценарийдик курстун угуучусу болгон. Эмгек жолун 1957-жылы колхоздо иштөө менен баштаган. 1953-жылдан баштап Чоң-Алай айылындагы «Кыргызстан» сегиз жылдык мектебинде мугалим болгон. 1964-жылдан облустук «Ленин жолу» гезитинин адабий кызматкери, 1965-1985-жж. «Кыргызтелефильм» студиясында редактор болуп иштеген. Тунгуч аңгемелер жыйнагы «Күн автопортретин тартып бүтө элек» деген аталышта 1967-жылы басылып чыккан. 1975-жылдан СССР Кинематографисттер союзунун, 1981-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Кубатбек агай, сизге бекем ден соолук тилейбиз! Жан дүйнөгө төңкөрүш жасай турган шедевр чыгармаларыңыз менен окурмандарыңызды кубантып, узак өмүр сүрүңүз!

 

Урматтоо менен,

КРУЖС Башкармалыгы