Чоюн Өмүралиев: Көлчүктөн Айды көргөн жазуучу

Көлчүктөн Айды көргөн жазуучу

Жазма адабиятыбыздын залкарларынын кийинкилери Түгөлбай Сыдыкбеков, Төлөгөн Касымбеков, Шабданбай Абдыраманов, Сагын Өмүрбаев окшогон жазуучуларыбыздан улам 60-жылдары кыргыз адабиятынын дүркүрөп өскөнү баарыга маалым. Ал кыргыз адабиятында гана эмес бүтүндөй Совет адабиятында орчундуу мерчем болгон. Алардын соңунан Кубатбек Жусубалиев, Мурза Гапаров, Ашым Жакыпбеков жана башка калемгерлер удаама-удаа, жарышып чыга келишкен. Алардын кийин чоң проза суюлуп барат, ал жүктү көтөрүп кетер жаңы калемгерлер чыгабы деген түкшүмөл суроо мага дайыма келер эле. Проза – турмуш менен келчү оокат экен. Оомал-төкмөлүү замандагы окуяларды чагылдырып, алар адамдарды акылгөйлүккө жетилтип, ойго салган чоң жазуучулар болгон. Биздин заманда Казат Акматов “эки сап өмүр” деп айткандай эле мектеп дептеринин жарым бетине жетип-жетпеген өмүр баяныбыз бар эле. Башка жок дечибиз. Турмуштук чоң тажрыйбабыз болбосо, доордун оош-кыйышын, ал окуяларды жазуучуларыбыз аңдап, талдай билбесе, аларды айта албай адабиятыбыз өксүп кетеби аттиң, деген ойлор келчи эле. Ошол, 60-жылдардын жемиштүү өкүлдөрүнүн ичинен алиге чейин узанып жүргөндөрдөн эл жазуучубуз Мелис Абакиров. Мыкты чыгармалары бар. Ошол уңгулуу муун уланбай, адабиятыбыз өксүп кетеби деген кыжалат ойлор келчи. Жок. Андай эмес экен. Мына, Акбар Рыскулов чоң романын жазды, ал айрымдарга кокустук катары каралып калды. Султан Раев заманбап романдарын жазып жатат. Кудайга шүгүр, Турусбек Мадылбай окшогон беш-алты мыкты прозачылар чыкты. Мени абдан кубандырганы ушул. Ар бири адабиятка жетилип келишти. Ушундай, азыркы таптагы жаңы жазуучуларыбыздын бештин бири десем тагыраак болбой калат, азыркы кыргыз адабиятынын жаңы муунунун үчтүн бири деп айтарлык жазуучубуз Айдарбек Сарманбетов деп айта аламын. Ага чыгармалары күбө. Мындан мурда “Мекенсиз” деген жукараак китеби чыккан эле. Көпчүлүк аны жетик аңдап, терең маани берип түгөл окубай калды көрүнөт. Гезит-журналдарга да кай бир чыгармалары үзүл-кесил жарыяланып келди. Мына, эми автордун бирдиктүү, концептуалдуу карай турган китеби колго тийип олтурат. Бул, “Жанбүдөө” жыйнагын окуп олтуруп адабиятыбызга өтө уникалдуу, жаңы, келечектүү калемгер келгендигин баамдап, аны кыргыз адабиятындагы өзгөчө көрүнүш, окуя катары кабыл алдым. Такшалган калемгер келген экен. Мени таң калтырганы, Омор Султанов агабыз айткандай Айдарбек ушунчалык чоң адабий дүйнөнү, мыкты чыгармаларды жаратып коюп кай бирибиздин китептерибизге редакторлук кылып, журнал чыгарып, макалаларды жазып коюп билинбей, биздин арабызда жөнөкөй турмуш кечирип жүргөнү. Бодлердин “Альбатрос” деген ырында айтканы бар: бир канатың тээ, көктүн түбүн чийип турат, бир канатың чөп-чарга илээшип жүрөсүң, сен, байкуш альбатрос дегендей. А.Сарманбетов бир канаты менен көктүн да түбүн чийип, экинчиси менен “чөп-чарларга” илээшип жүрүп залкар чыгармаларды жаратып коюптур. Башкаларды билбейм, мен бул жазуучунун чыгармаларын окуп алып кичирейе түштүм! Чоң чыгарманын касиети ушунда болот тура. Чынында эле өзүм пастай түштүм! Кең дүйнөнү көргөндө ошондой болот окшобойбу!

А.Сарманбетовдун чыгармаларынын артыкчылыгы эмнеде? Анын билинбей жүрүп адабиятка дапдаяр, такшалган сүрөткер катары келгенинде. Албетте, сыртынан караганда билинбейт, чынында ага жетүү үчүн түмөн түйшүк, көжөлгөн эмгек талап этилип, артында чоң тагдырдын жатканы билинип турат. Алар, чыгармаларынан даана көрүнөт. Азыркы, адабияттын жаңы муунунун ичинен улуттук касиеттерди көкөлөткөн калемгердин келгени көрүнүп турат. Табиятында ширелген. Көчмөн элдерде “улуттук” деген бийик касиет бар. Батыш адабиятында бир эле теманы алып, ошону гана чечип берет. Калганы айтылбайт. Бизде ар тараптуу, бир эле чыгармада кеңири чечмеленет. Ашым Жакыпбековдун “Улуу тоо” деген чыгармасында бир эпиграф бар: эки киши бир тоого чыгат, бири көлчүктү көрсө, бири көлчүктүн ичиндеги Айды көрөт деген. Бири көлчүктү, анын тегерегин гана көрө алса экинчиси бир эле учурда көлчүктү да, анын ичиндеги Айды, анын артын да көрүп, алаканга салгандай тегерете сүрөттөп берет. Ошондой көчмөн элдердин төгөрөк алган чоң рухун, духун, Айдарбектин башка калемгерлерден айырмаланган ошол өзгөчөлүгүн чыгармаларынан көрө алдым. Ал бет алдыңдагы дүйнөнү гана эмес, анын оң-сол капталдарынан да, артынан да төгөрөк көрүп турат экен. Бул, кыязы кандан келет окшобойбу. Табиятынан агылып келсе керек.

Мисалга, “Чыңгызхан…” повестин алсак. Чыңгызхан, уулу Жоочу, анын баласы Батый хан, анын урпагы Сартак баштап дүйнөнүн жарымын чаап алышкан. Көрсө алардын да пендечилиги бар экен, көтөрө алгыс кыйынчылыктары, туруштук бере алгыс – атажурт деген, элим, махабат деген жагдайлары болот экен. Алардан дүйнөнү титиреткен Чыңгызхандар да алсыз экен. Жазуучу “тоодо туруп” бир эле учурда алардын “көлчүгүн” да, анын ичиндеги “айын” да көрүп, сүрөттөп берет. Бүгүнкү заманыбыздагы улуттук сүрөткер деп айтканымдын жөнү ушунда. Ага дагы бир мисал – “Баатыр-Таш баяны” деген чыгармасы. Кыргыз элинде, адабиятында да моңгол, кытай, калмактарды эзелки жоо, кырды бычак душманыбыз деп айтып, кемсинтип жазып келебиз. Туура, душман деген душман. Бирок ошол эле моңголдор, кытайлар дүйнөгө көптөгөн жаңы нерселерди берген эл. Ар бир элдин улуулугу бар, алар кай заманда болбосун сакталып кала берет. Ошол орошон ойду А.Сарманбетов ойроттун Нахсын деген баатыры менен кыргыздардын Соно деген баатырынын образдары, бири-бирине жасаган мамилелери аркылуу чыныгы баатырлыкты, эркектик касиеттерди, татыктуу жоолордун бири-бирин урматтап, кадырлоосун ачып бергендиги кыргыз адабиятында мурдатан жок түшүнүк, балким Борбор Азия адабиятында да боло элек жаңы көрүнүш, жаңылык деп эсептейм. Нахсынга ханы биз кырып-сүрө кубалаган кыргыздардын ахыбалын байкап кел деп, кулагына шыбырап “сан жеткис кытайларга кыргыздарды салып берип, кулу кылып, эзелки жообуздан түбөлүккө кутулалы” дегенде бир элдин жок болоруна жаны ачынып, алдынан жалгыз тосо чыккан Соно баатыр менен жолуккандан кийин, кабылан кабыланды баалайт дегендей анын шерлигин, кенендигин сыйлап, ханынын буйругун аткаруудан баш тартып, кыргыздарга кыргын салбай, акыры өз ханынан ажалын табат. Бир жыл кыргыз элине убакыт утуп берет, ал арада кыргыздар күч-кубат топтоп, коргонууга даяр болуп калууга жетишип калат. Мындай татаал образдарды, мындай чебер сүрөттөөнү, бир эле учурда ар тараптан, акыйкат ой жүгүртүүнү биздин адабиятта жолуктура элекмин. Бул, жогоруда айтылгандай жаңы көрүнүш, жаңыча түшүнүк. Аларга ар бири ат көтөргүс жаңы түшүнүктү, жаңыча ой жүгүртүүнү камтып турган “Жаза, же азаптуу ашыглыктын ыры”, “Малкиши”, “Мекенсиз”, “Айбанталаадагы адам”, “Дөбө”… деги эле бардык чыгармаларын айтууга болот.

Ушундай чебер, кенен талантынан улам Айдарбек Сарманбетов кыргыз адабиятына дагы да омоктуу салымын кошуп, мыкты романдарын жазат деп бекем ишенемин. Ага акылы да, калеминин күчү да толук жетет.

Чоюн Өмүралиев, ойчул, адабиятчы