Барчынбек Бугубаев: Таразадай таланттарды байкабай, Калгандыктан бизди кудай сактасын

Тараза

Туугандардын улуусу да, жылуусу,
Бардык ишке пейлин момун кылуучу.
Жакшы жандар билингендей-билгиче,
Жаман жандар бир топ бийик туруучу.

Жазганымдын өзү болсун сынчысы,
Жалгандыкты сүйгөн эмес кыртышы.
Жай олтуруп, комуз ойноп отурса,
Жалаң күүдөн бүткөн окшоп тулкусу.

Алтын байкем башкалардан башка эле,
Адилеттик, чындык иши жакчу эле.
-Мисан – деген эмне?- десем, атакем,
-Перс тилинде “Тараза”-деп айтчы эле.

Тараза бул -Чындык, Теңдик эмеспи,
Табияттан тартуулаган белекти.
Той, майрамда калыстардын башында,
Ыр күү менен көтөрчү эле желекти.

Турмуш өзүн турса дагы сездирип,
Болушунча эрезеге жеткирип.
Жеңем экөө кетип калды дүйнөдөн.
Үч уулду, эки кызды өстүрүп.

Суу аккандай сонун аккан нурунда,
Күү черткенде башка болчу чынында.
Кээде ойлосом..Кочкордогу үйүндө ,
Комуз чертип олтургансыйт бүгүн да.

Учурунда бааланбаса максатың ,
Урпактарың үмүтүңдү актасын.
Таразадай таланттарды байкабай,
Калгандыктан бизди кудай сактасын.

Күргүштөгөн көк теңирден кут алган,
Күү үйрөнүп албаптырбыз биз анда,
Эртең байке сенин ырың угулсун,
Таразадай миң миллион Мисандан!

Асанбектин балбан таш

Калкымда… Канча сыр бар тереңдерде,
Кочкордо, Жылуу-Булак деген жерде.
Көрсөңүз, көп-көк гүлү бир таш жатат,
Козголбой, кыйын балбан дегендерге.

… Жаштыкта көңүл бурбай көпкө деле,
Омоктуу ой-санаасыз көздөр эле.
Карылар мага ташты көргөзгөндө,
-Атаңдын балбан ташы,- дешкен эле.

Айтышкан-бакыт көргөн эмгегинен,
Бакыбат бата тийген эл-жеринен.
Уланган уулдары улуулукка,
Кур болбой Кудайымдын бергенинен!..

Айтышкан, айыл элин баккандыгын,
Эмгекчил… а күрөштө чапчаңдыгын.
Көтөрүп элдин духун, эл жигерин,
Калбааты болгон дешет башкарманын.

Эл билип… балбан болуп… таш көтөрүп,
Эл бакса… Кудай берген өзгөчөлүк.
Баарыңа узак өмүр, соолук каалайм,
Бар болсун, баарыбызды бак көтөрүп.
А менчи? Мен ыраазы тагдырыма
Чындыкты жүргөн болсом так көтөрүп!

“Балбан-таш”

Балбан Таш Жылуу-Булакта,
Жапжалгыз калган убакта.
Иса байкем Көк-Ташты,
Апкелдирген бу жакка.

Эрдик да бул иш чыныгы,
А балким элдин ырымы..
Жакалай күз да жетиптир ,
Жакага элдер көчүптүр,
Балбан-Таш жалгыз калганын.
А байкем байкап сезиптир..

Чоң трактир жалдаптыр,
Күчтүүлөрдү тандаптыр,
Баарылап ташты салышып,
Тегирменге айдаптыр.

Мага да ошол кез жакчу,
Тегирменде көп жатты..
Теңтуштар күчүн сынашчу,
Тегеректеп Көк-Ташты.

Тарыхы кызык анын да,
Ташка көп көрүп камылга,
Ал жерден байкем көчкөндө ,
Алып келдирген айылга.

Бул эрдик уулдук парызын,
Аткарган анык карызын.
Ыраазы болом байкеме,
Көк-Ташын билип тарыхын.

Балбан-Таш өзү чындык да,
Тарыхы элге сыймык да,
Көпчүлүк дайым кошулат.
Көк теңир айткан буйрукка,
Көк жалдар Иса байкемдей,
Көбөйө берсин кыргызда!

Ааламды кудай башкарат,
Аталар жолу такталат.
Эл үчүн элдин тарыхы,
Эзелтен бери сакталат.
Эртеңки күндөр кечээки,
Тарыхтан бери башталат!

Тердикбай баатыр баяны

(Болгон окуя)

Керемет го, тоолордун бул турганы,
Болгон ишти боолгойм журтумдагы.
Карт тарыхтын ким кандай айта алмакчы,
Балким ойлуу жылмайган ууртундагы.

…Мейкин талаам үстүңдөн ким өтпөгөн,
Бороон тийген ак шамдай тилек менен.
Эми астыңда эч нерсе болбогондой,
Баатыр жатат кара жал жүрөк менен.

Өкүл кылса өткөнгө журтум мени,
Өткөндөрдөн айтпаска мүмкүнбү эми.
Кандай сырды кимдерге аян кылат,
Карт тарыхтын кайрадан күрсүнгөнү.

…Тоготпойт – деп тектүү хан Карыпбайды,
Көндүрүүгө тартипке арстанды.
Бир жигити, – Карыпбай күтүүдө – деп,
Тердикбайды хандыкка алып барды.

Хан байкабай сабырдан алыстаган,
Баатырсың сен бийиктен дабыштаган.
Салган салык кечикти ошон үчүн,
Бүт айлыңдын үстүнөн салык салам.

Өзү алыс болгон дейт эл бузгандан,
Айт – дегендей сөз күттү Тердикбайдан.
Мал, жер, байлык, айкөлдүк, калыстыгы,
Тердикбайда негизги эрдик калган.

Ачуу бийлеп… сабырды андан ары,
Бирөө жетип көк жалды кармабады.
Токтоно албай карт баатыр учуп жетип,
Карыпбайды жаака тартып алды.

Кылым оошот… жыл оошот айлар кетет,
Чындык калат, эл калат жалган кетет.
Тердикбайга теңелбей сабыр кармап
Карыпбай хан үндөбөй калган дешет.

Даана көргөн жуукту – алыстарды,
Айкөлдүгү чакырган жарык таңды,
Калкым эстейт бүгүн да урмат менен,
Канат кандын тукуму Карыпбайды.

Эрдик барбы чынында мындан өткөн
Андан бери… кыйла көп жылдар өткөн
Бир кездеги курчтугун моюнга алып
Карыпбайды Тердикбай сыйлап өткөн…

Карыялар ар түркүн маек курат
Сабак болсун! – дегендей бир ой сунат
Ханга дагы… элге да …баатырга да…
Сабырдуулук керегин айтып турат…

Быйыл барып көп жерди араладым,
Туулган жерим Кочкордун талааларын.
Тактай берем айтармын бир окуяңды,
Тарых жактан өзүңө таянайын.

Дары-тузуң далайдын табын бурат,
Дайраларың асманды чагылдырат.
Шаар жактан кусалуу сени эстесем
Шамалыңдын шарданы сагындырат…