Качкынбай Осмоналиев: “Балалуу аялдын мазары – эри болот”

Көчмөндөр кагылышы китебиндеги көөнөрбөс накылдар 

*****

Баш деген баш! А башты баш кылган – мээ. Мээ иштебесинчи! Көз көрүп, эмнени ажыратат? Кол кармап, кайсыны көтөрөт? Бут басып, не жолду арбытат? Бүт тулкуну баш башкарып, мээ тейлеген сымал, ар айылды теске салчу бир башчысы болот. Ал өзүн: “Карамагымдагы айылдарды башкара аламын, менин мойнумда аларды башкаруу милдети турат”, – деп, өзүн ишенимдүү сезет да, берген буйругун туура деп чечет. Баш ийүүчүлөр да анын кабак-кашына карап, моюн сунууга аргасыз. Ошол баш ийүүдөгү аргасыздык пенделерди жакшылык үмүткө да жеткирет, азап-тозокко да туш кылат. Акыры, абалкы туура өңдөнгөн, дилди баш ийдирген башкаруучулуктун анык купуя сырынын дал чыгышы, же адашып калышы кийин-кийин ачылат.

*****

“Жаштын иши жаш, баштын иши баш”, – деп бир угар элем. “Суу ылдый агып, суу өйдө чыкмайын адам кагылбайт”, – деп эки угар элем. “Эли тозмоюн, эл кадыры билинбейт, жери тозмоюн, жер кадыры билинбейт” деп, үч угар элем. “Аксабаса ат кадыры билинбейт, ата өлбөсө аксакал кадыры билинбейт”, – деп төрт угар элем. Бая белде кубат барында, билекте күч барында, жүрөктө от барында азууга салып таш чайнап, алаңгазар кыял менен алоолоп сөз кадырын билбегем. Сөз кадырын билбесең, өз кадырың билбейсиң. Дөбөгө чыгып сүйлөшүп, сөзгө кулак тосуп, сөз кадырын билгенде адамга көз бүтөт экен. Көз бүтүп, имерип, алысты карай баштаганыңда карылык жакадан алып, адамга ажал чукулдай баштайт экен. Топтогон акылыңды билбегендерге үйрөтөйүн десең, бирөө угат, көбү кол шилтейт. “Сенин иттик менен өткөн өмүрүңдү бу да басканы турат”, – деп чөгүп, шалдырайсың!

*****

Мыкты жактарыбыз болсо көтөрүлүп көкөлөйбүз. Кемчил жагыбыз болсо, чөөттүн көзүнө чөп таштагансып, жашырабыз.

*****

Болот бий: – Кыраан уруктанбы? Жатынданбы?

Санчы-Сынчы: – Экөөнөн тең. Кай күчтүүсү өз тарабына тартар. Ошондой болсо да, урук – атылган ок. Ок ташка да тиет, чапка да тиет. Маани жатында. Башталган түйүлдүк тогуз ай ошол уяда жатат. Ошондо кыбырап, ошондо өсөт.

*****

Курсак ачса – аш кадыры билинет. Башыңа мүшкүл түшсө – турмуш татаалы байкалат.

*****

Качыке бий: – Жүз жаш кандай болот экен, аба?

Ниязбек баатыр: – Бешиктеги таңылуу баланын ыйлаганың көрдүң беле апасынан эмчек күтүп? Куш уясынан аккүп балапан көрдүң беле жем сурап, оозун ачкан? Көрсөң, пенде жашап чегине жеткенде, кайтып абалкы абалына келет экен. Жүзүң ошол наристе менен балапан өңдүү. Жооштугу да, бейкамдыгы да. Чыкпаган чымындай жан үчүн тамак күтүп, ооз ачканы да окшош.

*****

Кыргыз бышкан ашты таштабайт. Өчөшүп, даяр тамакты таштоо – Кудай сунган белен ырыскыны тепкен менен барабар.

*****

Туура акылга жинди да кылчаят.

*****

Жакшы айылда чоочундар ата ордуна самап кадырлаган карыя болот. Андайдын акыл сөзү, жүргөнү үлгү. Өзү өлсө да, сөзү өлбөй, муундан-муунга эскерилет. Жылдыздуу жүзүнөн мээр төгүлүп, сөзүңдү кунт коюп угуп, сырыңды тартат. Бабы менен акылын айтат. Кошмолобой туурасын, ылайлабай тунугун айтат. Адам ээй, ушундай карыялардын жоругу, тирүү кезинде, азга жугуп, көпкө жетпегени неси?!

*****

Чыгаан чыкчу уул чыйрак ойлойт. Оттуу жүрөк “кой” дегенге тил албайт. Оттуу көз “басканга” жабылбайт.

*****

Жакшыны элден алыстык бөлө албайт. Жакшыны аска зоо туюктап, чытырман жашыра албайт.

*****

Ормон баатыр: – Кайсы жерден болосуз, карыя?

Карыя: – Асманында шумкар айланган, тоолору булут челген, жайнаган малы бар, арча жыттуу абасы бар жерден болом.

Ормон баатыр: – Кайсы элден болосуз, карыя?

Карыя: – Башы бар, мээси жок, байлыгы бар, ээси жок, алын тынч бакпай, ашын аш кыла албай эсирген элден болом.

Ормон баатыр: – Кайсы айылдан аттандыңыз, карыя?

Карыя: – Каткырыгы таш жарган, төрүндө олтуруп тапкан амалы босогодон ашпаган, бир баштаса, миңдин убалына калган айылдан чыктым.

Ормон баатыр: – Кимди тосуп чыктыңыз, карыя?

Карыя: – Алы бар, акылы жок, өз деп жакынын гана баккан, өзгө деп, коңшусун чапкан, алыска уча албаган, учса коно албаган, кыска өмүрүн узун деп жүргөн, ырысын көтөрө албай тебелеп күлгөн, бир баатыр боло турган эле. Ошону тосуп чыктым.

*****

Эл чачылбасын! Чачылган эл – ээсиз мал. Ээсизди ууру да алат. Бөрү да жейт.

Эл бузулбасын! Бузулган эл түн толгонуп, эмизген эне сүтүн унутат. Эптеп чоңойткон ата күчүн унутат.

*****

Жакшы ата – жаман уулга кырк жыл азык. Жакшы ага – жаман иниге канат-куйрук.

*****

Коңшу эл бизге илгертен ат байлаарга казык, туу илерге шыргый болгон. Колуңан чыгарбай бооруңа тарт. Эл менен кишисиң сен!

*****

Дүйнөдө туулган жердин топурагы – алтын, суусу – мүрөк. Кайда жүрсөң сени кол булгап, өзүнө чакырат.

*****

Мал семирсе, ооз майлайт. Адам семирсе, төбө каңдайт.

*****

Денени мээ башкаргандай, элди теске салчу, шогун колго чаап, уурусуна айып тарттырчу адамдарга адамдан башчы керек го?

*****

Баланын да баласы бар. Көп кийимдин ичинде да бир кийим, көп буюмдун ичинде да бир буюм болот көңүлгө жаккан!

*****

Кыз баланын тагдыры жүрөгүмө бычак уруп атпайбы! Эркек балаң адамдын ургуру болсо да, шалпайып үйүңдө жүрө бергидей. Ай, кыз чиркин! Анын үйдөн аттанып чыкканда да жолу ачакей! Жыргаар жерге барабы? Ыйлаар жерге барабы? Кыздын барган жери канчалык жетиштүү болбосун, ал толук бакты болуп эсептелбейт!

*****

Ашык болуп, бир-бирине кошулгандардын деми сууп, күйүтү басылат. Калың элдин койнуна сиңип, көптүн бириндей тымтырс жоголот. Жетпей зарлап кала бергендер үчүн уламалар айтылып, муңканткан ырлар куралып, муундан-муунга даңаза. Өмүрлөр да ошону менен алаксып, ошону менен жашылданып, барк-баасы сезилет. Бул ташка тамга баскандай чындык!

*****

Үмүт жүрөк токтогондо бүтөт!

*****

Ички сыры оңой менен туюлбаган, дүйнөсү татаал – адам баласы.

*****

Тосмого тирелген сел – акыры багытын каптабай койбойт.

*****

“Өз жакшылыгыңды доомат кылба, бирөөнүн жакшылыгын унутпа”, – деген улууларыбыз.

*****

Аял жапаа, ит бапаа!

*****

Сүйүүсүнөн айрылган өмүрдүн бары кайсы, жогу кайсы?

*****

Ит адашпайт, киши адашат көп ичинде.

*****

Жакшы талапты, чоң үмүттү кишинин кишиси ойлойт. Бирок, ал орундалабы, жокпу?! Анын орундалышына да кишинин кишиси түтөт. Жеткенге чейин азап-тозокко да кишинин кишиси чыдайт.

*****

Чындык, эзелтен ийилген, бирок сынган эмес. Дайыма жалганды, күчсүздү сүрүп, өз ордун бербей келген чындык! Оо, адил, ак, күчтүү чындык!

*****

Акын курч, атылган окчо ташка тиет. Акын жалын, алоолоп алса күйгүзөт да, эритет. Акын назик, капыстан урган суук желге кызгалдактай жалбырагын жулдурат. Акын морт, орой сөзгө чорт сынат.

*****

Бирин кор кылган, бийлиги барды зор кылган, ит тиричилик!

*****

Коонун шамалы орой, акылсыздын сөзү орой. Орой менен соргокту эл сыйлап башына койсо көөп, тарс жыгылып жок болушат.

*****

Катын калп айтпайт! Эр ууру кылбайт!

*****

Кейикчээлдик адамды аягыч кылат.

*****

Эне колунан калыстык менен мээрмандык гана келет. Ошондуктан, касиетиңен айланайын, эне! Касиетиңден айланайын, жер эне делинет! Эне көбүргөн ак сүтүн эмизет. Жатык кыял күттүрөт.

*****

Жер эне курсак тойгузат. Тирдентет. Жалпы адам пендесин ала көрбөй багат.

*****

Турмушта кытмырлар өзүнөн жогору турган адамга ар кандай жол менен кошомат кылып, ошону менен талабыма жетем деген далалатын жасайт. Турмушта, мажүрөө айыл башчылары өзүнөн күчтүү экинчи айыл башчыны паралап, сыйлап, жасалма жүгүнүп, кысталыш иштерде өзүн колдотуп, үчүнчү бир айыл башчыга үстөм сүйлөө, ага кыр көрсөтүү далалатына жетмекчи. Мындай амалкөйлүк, мүмкүн убактылуу болсо дагы иш жүзүнө ашар. Бирок… бирок турмуш дегениң өтө татаал. Турмуш дегениң чоң иш. Ал убактылуу чайпалган менен өзүнүн түпкү табигый чындыгынан аша албайт. Айланып олтуруп, жүрүп отуруп чындык негизине токтойт. Анан ошондойчо орундалмакчы болгон чындыкка алымчанын да, кошумчанын да кереги жок болот.

*****

Алсыздык эмне дедирбейт, ачкалык эмне жедирбейт.

*****

Момундан убада бузган жан оңолбойт.

*****

Аш сунгандын баары дос эмес, таш ургандын баары кас эмес.

*****

Адам баласы, адам өмүрү жашоо үчүн турмуштун “топ таш” оюнчугу экенин бара-бара баамдоодо; эпчил колдогу “жети таш” ар түркүн экчелип, жалгыздан, жуптан, топтон терилип, ар амалдагы машакаттан өткөн сымал, адам өмүрү да акыркы марага жетип тык токтогонуна чейин турмуштун, өмүр күрөшүнүн түркүн-түркүн калчоолорунан жыгылып, туруп, күлүп, ыйлап, макталып, сөгүү жеп алек болот белем?! Ырас, бул кордукту кечирээк болсо да, бир топ сыноолордон өткөн эстүүлөр гана түшүнө баштаса керек.

*****

Биз… Ушу биз өз түбүбүзгө өзүбүз жетип бүтмөй болдук го?!

*****

Балалуу аялдын мазары – эри болот.

*****

Адамдын жоолашкан жоосу – адам.

*****

Жакшы түгөнбөйт! Жер туткасы эл болсо, эл туткасы жакшы. Эли менен жер көктүү. Жакшысы менен эл эстүү. Жакшысы түгөнгөн эл чачылып, тентирейт. Эли түгөнгөн жерди сел алат.

*****

Ак иш да таң менен башталат. Адал иш да таң менен башталат.

*****

Күүсү жанбас заман жок, күчү кайтпас адам жок.

*****

Кылычың канчалык курч болбосун, көптү чаап бүтө албайсың, мокойт. Жалганды чындай кылган тилиң канчалык бал болбосун, көптү узакка алдай албайсың – айыбың ачылат.

*****

Жакшы санаалаш курбудан ажыраган – жарты өмүрдөн ажыраган менен барабар экен.

*****

Өмүр баркы өлгөндөн кийин билинет экен. Өз акмактыгыңды да, башкалардын акмактыгын да өлгөндөн кийин билесиң. Дат дейсиң. Үшкүрөсүң. Кайта баштай албайсың. Атаганат! Кудай эрк берип кайра тирилсек, адам баркын, өмүр баркын баалайт элек. Ар ким менен итче ыркырашпай, жакын-ыраакка бөлүнүшпөй ынтымак, ынак болуп жашабайт белек…

*****

Көп жашаганыңдан ким качсын?! Бирок, ынсаптуу жанга анын да кайгылуу жагы бар окшойт го? Андайлар азилдештеринен ажырайт экен. Үзөңгү кагышып, жаатташчу, бийлик талашчуларынан ажырайт экен. Бир кездерде ошолордун түрү суук көрүнсө, эми алардын ордун жоктоп? “Эмнеге көңүл калды болуштук экенбиз бул опосуз жарыкчылыкта”, – деп, дилинде арман этет экен. Адамдын акылдуусу ой сапырат.

*****

Урунуп-беринип аккан бул суу жээгиндеги бадалдын, ойдуңдагы чөптүн гана өмүрү болбостон, муундан-муунга улантчу адам баласынын өмүрү экени, жашоо тиричилиги экени баарыга ачык түшүнүктүү дейсиңби?!

*****

Жер бетиндеги жандуунун, көл түбүндөгү сүзүп жүргөндөрдүн баарынан адам артыкчылык кылат. Адамды артык кылган – анын байкай билиши. Байкагычтык бар жерде акыл өсөт, укканы менен окуганы жугат. Билгени менен көргөнү калбырланат. Улам жетилет. Жеткилеңдик кайрат берет. Жеткилеңдик жапыздан улам сереге көтөрүлүүгө ишеним түзөт.

*****

Акылдуу туулган, жатык тарбияда болуп, өсүп жетилген адамга улут бөлүү, тагдырларга кайдыгер кароо – жат. Боорукер, жакшы адам канчыктын эмчегине жабышкан күчүктөргө да, көзүн жылтыратып уяда чыйпылдаган сары ооз балапандарга да, жыгылып-туруп жөрмөлөгөн балдарга да мээримин төгөт. Ушулардын боор көтөрүп, жүдөбөй, ачкалыктан өлүп калбай, тентек балдардан келтек жебей торолуп кетүүсүн самайт.

*****

Илим өскөн сайын жердин баркы билинет. Жер бетиндеги жандуу заттар, жер алдындагы түркүн кен байлыктар келечек тиричиликти жакшыртат.

*****

Ич тарлык элин дагы кеңейтпейт. Жерин дагы кеңейтпейт. Ич тарлык жаркыраган буюмга дат түшүрөт. Ич тарлык шоола кирген коңулга капкак жасап жабат.

*****

Айтса-айтпаса канчалык акылдуу болбогун, көрөгөч болбогун, уганаак болбогун, чукугандай сөз тапкыч болбогун, баары тил аркылуу жетет. Шаттыгың да, кайгың да, жек көргөнүң да, сүйгөнүң да тил менен баяндалат. Демек, адамдар ортосундагы данакер – тил. Элдер ортосундагы данакер дагы – тил.

*****

Бийлик башында куйту адам турса, анын жүргүзгөн бийлиги да куйту. Бийлик башында баатыр адам турса, эли да баатыр. Тайманбас. Бийлик башында акылман турса, эли дагы акылдуу, сабырдуу. Келечеги узак. Чек аралаш элдер бейкут.

*****

Куралына чиренип достошуу жүрөккө зил калтырат. Укумдан-тукумга кек калтырат. Зил жүрөктү айлантып, жанды жейт. Кусмайынча эс ала албайсың. Кек бир жылдарда күчтөнөт. Өч алууга каршы аттанат. Кандай ала салсаң дагы – бул чындык.

*****

Тил аркылуу сырдашып, дил менен кол кармашкан чыныгы достордун биригүүлөрү – уютулган чулу темир. Адам баласынын ага жетиши үчүн али толгон бөгөттөр жатат. Күчтүү мамлекет далай чек араларды бузуп, элди имерип, өз чегин андан нары жылдырып, кеңейтер. Бирок, тил чек арасын бузуу оңойго турбас. Ал көсөөчү куралын мурда камдап албай туруп, тешип нары өтөмүн деп аска түбүнө барган менен барабар. Тилдин жакшы жагы континентте баландай эл жашарын билгизет. Тилдин зыян жагы башка эл менен сиңишип кетүүгө, кыясы жок аскадай тоскоол.

*****

Жаратылышынан таланттуу туулган адам илимдин көп тармагын аралап чыкпаса, суу көрбөгөн чынарча көлөкө бербей жоголот.

*****

“Улуту башка болсо да, өздөн артык кайыры тийгенди “жат” деген оңорбу? Өз улутуңан болуп туруп, жаттан жаман иш кылганды “өз” деген оңобу!” – деген ата-бабаларыбыз.

*****

Адамдын көз жоосун алган, адамдын көңүлүн көтөрүп, жаратылышынын кооздугуна суктанткан момундай асыл жердеги элдин абалын көр?.. Бул чектен чыккан эсирүүчүлүк эмей эмне?! Наадандык эмей эмне?!

*****

Кыз жигиттен куу келет. Кыз жигиттен кыраакы келет. Ал түгөттөрдүн бир айыбы – көз менен сүйлөшөт да, сыр ачпай боюн ала качып турат.

*****

Жүрөккө жаратылыштан “чок” буйруп койсо, жалындын жалбырттап кетиши арзан!

*****

Жакшы обон, жакшы ыр – жарыкчылыктагы тиричилик менен алышкан өмүрдүн гүлазыгы. Ал жаралары менен чек арасын кеңейтип, карлыгачтай канатын зыпылдатып, алыска учат.

*****

Ыймандуу адам улууну урматтайт, кичүүнү ызаттайт. Орой сүйлөбөйт. Орунсуз иш жасабайт. Демек, ыймандуу болуу – жакшы жорук-жосунга умтулуу.

*****

Сүйүү, сен бычак менен кесип алмайынча, жүрөктөн ажырабаган так турбайсыңбы? Сүйүү, сен өлгөндө кошо өлчү дарт турбайсыңбы?

*****

Дүнүйөң колдун кири, жууса агып жоголгон. Өнөр уюган кыт, ордунан жылбаган.

*****

Тирүүнүн баары келжирек! Наадан! Биринин баркын бири билбейт. Бири-биринен өйдөсүнөт. Бирин-бири жегиси келет! Алсызга сүйөнүч болушпайт. Акылдууну көрө алышпайт.

*****

Өлгөндүн баары мыкты! Алар кайра кайрылышып иттик иштерди да, азаматтык иштерди да жасашпайт. Көргөн-билгендер жалаң жакшы жагын козгой беришет өлгөндөрдүн.

*****

Адам жакшысы үч түргө бөлүнүп, үч башка баа берилет:

Жаманчылыкта да, жакшылыкта да өзүнүн туруктуулугун көрсөткөн, жат дегенге дагы, тууган дегенге дагы калыс мамиле жасап, көпчүлүктүн кадырлоосуна татыктуу болгон жакшы адамдар чыгат. Муну “эл жакшысы” дейт, “журт жакшысы” дейт. Мындайлар башка алгыр куштарча жоон топ болбой, буудайыкча аздап жалгыздап чыгат.

Катаал учурда каршылашкан топко жалгыз аттанган, душмандын мизин кайтарып, жүрөгүнүн үшүн алган кеселдер чыгат. Муну “эр жакшысы” дейт. Андай шерлер сунулган мылтыктан, көтөрүлгөн кылычтан кайра тартпайт.

Ак никелеп алган аялы барктаган, уул-кызы сүйгөн, өзүнүн тамак акы, маңдай тери менен ак жашап, күн өткөргөн адам “ата жакшысы” болот. Мындайлар ар онунчу үйдөн бешөө же жетөө учурайт…

*****

Түйүлдүккө алгач жан салган уянын ээси – эне! Акылдуунун дагы, акмактын дагы имерчиктеп сыйынар мазары – эне!

*****

Аттиң ай! Сөздүн орунсуз айтылышы жыйылып калган кышыңды уратат, ээ! Бүтүп калган үйүңдү бузат, ээ!

*****

Эл: “Ашты ширин кылган – туз. Алысты жакын кылган – кыз”, – деп бекеринен айтышпаптыр. Кыз бечера кандай күйөө буюрса, ошол жакка ашуу ашып, жол басып кете берет тура. Ой-санаасы, жүрөгү туулуп өскөн жеринде, жыты сиңген элинде кала берет тура. Айылынан бирөө келсе, жеринин же элиндеги бирөөнүн атын укса, өз ата-энесин көргөндөй, өз бир тууганын көргөндөй болот тура кыз бечара.

*****

Тирүү пенденин көбү өзүнөн күнөөнү кылайып издебей, жалаң башкалардан көрөрүн, башкалардан гана аны табарын ойлошот.

Пендечиликтин шору ошол чындыкты айткандарды коргобогондукта болуп атпайбы. Пендечиликтин шору ошол калыстык кыла албагандыкта болуп атпайбы…

*****

Эли менен бирге жыргаганды, эли менен кошо куураганды – эл атасы десе болот. Эли менен бирге тик турганды, эли менен кошо жыгылганды – эл атасы десе болот.

*****

Жылынып жүрүп Күндүн баркын билбейт экенбиз: “Чыгыштан чыкты, батышка батты”, – деп. Жашап жүрүп жердин баркын билбейт экенбиз: “Тоосу – таш, түзү – топурак”, – деп. Ичип жүрүп суунун баркын билбейт экенбиз: “Жутса – муздак, кайнатса – ысык”, – деп. Карачы заматта… карайлай түшүп оңолдук ээ, чиркин дүйнө!

*****

Кушту жырткыч кылган – тырмагы, кишини сүрдүү кылган – мансабы.

Топтоштурган: Мээрим Сайдилкан