Атахан Кожогулов: Жаздым көп ыр, билем менден бийикте, жазылалек бир керемет ыр барын

*****

Бир сырыңды айтсаң койдум түшүнбөй,

бир ырымды жазып жүрөм бүтүрбөй.

Кабагым бар бул жарыктын жазындай,

кабагым бар бул жарыктын күзүндөй.

 

Ушул күндөр келбейт эми кайрылып,

ушул жылдар жүрүшүмөн талдырып,

бир өксүтүп, бир кубантып кыстатат,

бирде зуулап, бирде мөгдөп жай жылып.

 

Бирде туруп каткырыгым таш жарып,

бирде өксүп карегимде жаш калып,

бара жатам бийигине жылдардын,

буурулумду таң ашырбай аттантып!

 

Бир күч мени жөлөп, таяп тургандай,

бир күч ошол касиети ырлардай!

Ак жолуман жаңылганда жазганам,

абай салып кырдан карап тургандай.

 

Өзүмдү өзүм жектейм кээде түшүнбөй,

өткөнүмдү жазып жүрөм бүтүрбөй.

Кыялым бар бул жарыктын жазындай,

кыялың бар бул жарыктын күзүндөй!

 

*****

Көңүлүм ооруп, сыздап

күздөгү жалбырактай дирилдедим.

Ырларым танбай турган

сүйүүм менин!

Жарыктан кеткенимде,

жамгырдын тамчысында,

шамалдын үнүндөмүн!

Дайының айтканың жок,

доордой качанкы өткөн билинбедиң.

А балким жүрөгүңдө,

булуттай дилиңдемин!

 

Биз менен жаркып көктөм,

биз дагы булуттардай айдалыппыз,

кайдадыр каалгып көчкөн.

Сен кеттиң, менден кеттиң,

сезимдин ак бешигин миң терметтим.

Канча жаз канат какты каркырадай,

кайрылып бир келбепсиң?!

Өмүрдүн өрүн таяп калганымда,

өкчөлүп азабымда, арманымда,

жоргодой суу төгүлбөс кара жолдо,

жетпедим жээрип бир кез танганыма.

Жазам деп жазбай жүргөн жакшы ырымдай,

жеткирбей алыстаган жаштыгымдай,

турасың бийигимде балбал жанып,

таптаза тоодон түшкөн ак нурумдай.

Тагдырдын татаал жолун кырдап баскан,

таңдан ак жоолугуңду булгап жатсаң,

эсимден кетпей калдың ал көктөмдөй,

ырлардай качанкы бир ыйлап жазган.

Жүрөгүм алып учуп кусам баткан,

жылтылдап карегимде ызам жаштан,

көзүмдөн кетпей калдың кызыл гүлдөй,

ыргалып бийигимден жыпар чачкан.

 

Жүрөгүм дүк, дүк согуп,

жолумда жалбырактай дирилдедим.

Жылдардай жүзүң жарык,

түңүлбөдүм!

Жарыктан кеткенимде,

жамгырдын тамчысында,

шамалдын үнүндөмүн!

 

*****

Кызыл оттой алоолонуп жанамын,

көңүл эргип көзгө толот карааның.

Эңсей берем нөшөрлөгөн жамгырын,

эстей берем боройлогон шамалын.

 

Өскөн жер ай, булут көктөн көчкөн жер,

кенедейден оюн, кырын кезген жер.

Канат болду жаз ээрчиткен куштары,

кубат болду унутулбай өткөндөр.

 

Унутулбай ууз сезимим булактай,

узун түндөр көз жашымды кулаткан.

Аман болсун мени билген тууганым,

чымчык конгон дубалымды уратпай.

 

Ата көргөн күнүм огун жонуп жай,

айланып бир акыр келчи конуштай.

Мени унутпас, менин жакын теңдерим,

мен бойлогон өзөнүмдү соолутпай.

 

Жүрөк канча жараланды, ээндеди,

жараткандын жазганына көнбөдү.

Ушул жамгыр кирдегеним тазартып,

ушул шамал бешик болуп термеди.

 

Ак дайрадай алдым жиреп агамын,

аман барда, арзып бүтпөс баяным.

Эңсей берем көз жашымдай жамгырын,

эңсей берем боройлогон шамалын.

 

*****

Оюм ырда, колум калем, кагазда

бир сезимдин өзүн таза түнөктөп,

жаштыгыма кайтып барып келемин,

жазып койгон ырларымды иреттеп!

 

Качанкы бир жолдорума агылып,

кайтып куштай ошол күндөн табылып,

канат керем мейкининде көңүлдүн,

кечте оорусам, аткан таңда айыгып.

 

Өзүмдө өзүм ак болоттой кетилип,

өкүнөмүн кылып алып чекилик.

Өзүмдү өзүм койсом дагы кечирбей,

өзгөлөрдү келе жатам кечирип.

 

Тагдыр арткан салмагынан талыдым,

карайлатып кароолонот жарыгым.

Мейкиниме калабы деп баш багып,

мен бирөөнүн самап келем жарыгын.

 

Шамалдай ак ыр булутун айдадым,

шашып келип жакшылыкты жандадым.

Өзүмдү өзүм алдасам да ичимден,

өзгөлөрдү алдаганга барбадым.

 

Оюм сенде, колум калем, кагазда,

ошол жарык күндөрүмдү түнөктөп,

жаштыгыма кайтып барып келемин,

жазып койгон ырларымды иреттеп!

 

*****

Өмүр сенден-аз сурадым көптү алдым,

маңдайыңа кызыл гүлдү кыстардым.

Өз тилинде- чардап берчи баканын,

өз тилинде- сайрап берчи куштардын.

 

Өмүр сенден- толкудум да, ташыдым,

өзөк өрттөп кайгырдым да, жашыдым.

Бирде сызып сай күлүктөй озунуп,

бирде сылтып жайлай түштү басыгым.

 

Унутулду, унутулбас асылдар,

кыйбас тоолор кышың кымбат, жазың жар.

Кадырымды билген кезде мекеним,

кадырымды билбей турду жакындар.

 

Дилим көктө, өзүм жерде, суудамын,

балким отто, шамалдамын, буудамын.

Ысымымды тааныганда калың эл,

ысымымды тааныбады тууганым.

 

Болбос жерде, болор кепти козгодум,

боорум тилип, боз ингендей боздодум.

Ырларымдан тааныганда бейтааныш,

ырларымды тааныбады досторум.

 

Мен сөгүлүп, миң төгүлүп толгонуп,

мунар тоонун муңду төрүн болжодук.

Жерде туруп жеңил болдук камгактан,

кээ бир кезде чулу таштай оорлодук.

 

Өмүр сенден- аз сурасам, көп бердиң,

бооруңа мен асыл таштай көктөлдүм.

Бир жазган ыр көңүлүмдү жибитип,

бир арманы жүрөк эзет өткөндүн.

 

Өксүп бүтүп кайра баштан куралдым,

өлгөндө да өмүрдү эңсеп турармын.

Өз тилинде-шаңшып берчи кыраандын,

өз тилинде-ышкырып бер жыландын.

 

*****

Шамал ойноп ыйлап жазган ырымдан,

каяктандыр кайгы, муңуң угулган.

Кыш каарданып боройлосо жолумда,

ат кошкурат муздан тайып жыгылган.

 

Азабымды, арманымды көтөрүп,

ай-жылдарым алга барат көшөрүп.

Күн төгүлгөн узун жолдун башына

агып жетсе экен тунук өзөнүм.

 

Ошол өмүр сенин мээрим, жүзүңдөй,

унутулбай көргөн жакшы түшүмдөй,

өзүм болуп жашап жүргөн өңдөнөт,

өргө тарткан үмүтүмдөй үзүлбөй.

 

Көңүл калып, бирде ооруп айыгып,

кырка тарткан кыргыз тоого табынып,

келе жатам комуз болуп муңканып,

келе жатам сагынбасты сагынып.

 

Туруп эле аппак кардай жумшакмын,

туруп эле кара таштай муздакмын.

Токтоолугум тоолорундай мекендин,

шашмалыгым шамалындай биз жактын.

 

Туруп эле жыргадым да, ыйладым,

туруп эле кыйып кетип, кыйбадым.

Жаздым көп ыр, билем менден бийикте,

жазылалек бир керемет ыр барын.

 

Туруп эле майдаландым болбоско,

туруп эле кейип орду толбоско.

Ийигимдей ийилбеске ийилип,

ишенемин капа кылган жолдошко.

 

Туруп эле доорлор көчүп көзүмөн,

туруп эле толуп ташып өзүмөн.

Качандыр бир өлүп кайра жаралып

келген окшоп бул ааламга сезилем.

 

Шамал шашып тоодон, кырдан, ырымдан,

шамал шашып кубанычтан, ыйымдан.

Арманымды, азабымды бөктөргөн,

ат кошкурат муздан тайып жыгылган.