Анна Ахматова: Кой көздүү король

Кой көздүү король

О чексиз кайгы, азаптуу бар бол!

Көз жумду кечээ кой көздүү кароль.

 

Үп дагы, ысык күз кечи эле,

Жолдошум айтты жосунсуз нерсе:

 

“Өлүптүр кече аң уулап жүрүп,

Аң өзү аны алгандай күтүп.

 

Ханыша байкуш, жаш эле шордуу,

Жүрөт дейт ыйлап, акмалап жолду.”

 

Деди да алып мүштөгүн кетти,

Жумушка түнкү, бүтүрбөй кепти.

 

Ойготом жаткан кызымды уктап,

Кой көзүн карайм мен үчүн кымбат.

 

Шуудурап сыртта дарактар айтат:

“Каролсуз минтип калдыңбы, бейбак…”

 

* * *

Өзгөлөрдү унуткандай мени да,

«Унутам!» — деп бир кайрылып койбодуң.

Жээрде аттын ыйлай-сыктай жалбарып,

«Жыгылат!» — деп туягына ойлодуң.

 

Же болбосо, көзү ачыкка барат да,

«Сурайт» — дедиң дубаланган тамырдан.

Анан дагы жиберет деп күттүң го,

Жоолугумду кошуп башка салынган.

 

Шайтан алсын, сени билсең эгерде,

Качып менден эч болбогун убара.

Ант беремин биз жамынган түн менен

Бир кездерде баткан балкып кумарга.

Кайрылбасмын, оюңа да келбесин —

Мына мендик темирден бек убада!

 

Соңку кездешүү ыры

Оң колго кийип мээлейин,

Сол колдун анда алыпмын.

Билгенмин сен да түйшөлүп,

Күткөнсүң мени ашыгым.

 

Тепкичтин билчүм үчөөнү,

Ал анда көптөй туюлду.

Өлөлү бирге, келгин! — деп,

Шыбыры күздүн угулду.

 

Анан да айтты: “Куу турмуш,

Балача мени алдады”.

Мен айттым: “Секет кетейин,

Көрбөдүм мен да пайданы!”

 

Акыркы ирет кездешүү,

Ыр менен ушул коштолду.

Үзүлүп мезгил, кетилип,

Убайга салар окшоду.

 

Камчылап күйөөм урганда…

Кош өрүм камчы колго алып,

Эр сөрөй сабап таштады.

Өзүңдү күттүм түн бою,

Чыракдан — шерик. Караңгы

 

Суюлуп, анан таң атып,

Айылда тирдик башталат.

Өттү түн дагы өзүңсүз,

Көзүмдөн ысык жаш тамат.

 

Өзүң деп келип дүйнөгө,

Өзүң деп өтүп баратам.

Арзышкан жаның барбы же,

Айлап да, жылдап сагынткан?

 

Мен сени кантип жашырам,

Көөдөндү эзген муң-кайгым?

Келип кет күткөн сагыныч,

Тартпайын чексиз убайым.

 

Буурул түндө

Эшикти жаппай, чыракты

Күйгүзбөй калган экенмин.

Билбепмин, ойго келбептир,

Турмушуң күтүү экенин.

 

Мен сени күтүп отуруп,

Жылдызды көктө санаймын.

Жүрөгүм туйлап, секирип,

Үн чыккан жакты караймын.

 

Бардыгы бүттү, барысы

Билемин куру убара.

Мен сени алдым жоготуп,

Суу кечпей калды убада.

 

* * *

Шаан-шөкөттү, шарапты

Мындагылар сүйөбүз.

Нени ойлоп, эмнени

Билбейм анан күтөбүз.

 

Колуңдагы мүштөктүн,

Чыгат кызык түтүнү.

Билем мунун бардыгы,

Турмуш күндүн бүтүмү.

 

Сыртта бороон-чапкынбы?

Көргүм келип ашыгам.

Көздөрүңдө барбы дейм,

Купуя сыр жашырган.

 

Санаа басып, саргайтат,

Өлүм артып кусалык.

Тозок күтөт бизди эртең,

Демек, тобо кылалык.

 

Конок

Өзгөрүү эч кандай болгон жок,

Баягы терезе, бурганак.

Баш бакты бир адам үйүмө,

Ар түркүн ойлорду кубалап.

 

Телмирип: “Сен менен тозокто,

Болсом” дейт суроомо жооп кылып.

Мен күлдүм: “Койсоңчу, бай болгур,

Кетпесин оюндан чыр чыгып.”

 

Бир убак гүлдөрдү кармалап,

Түркүн түс, аңкыган, жарашык.

Айтчы дейт: “Өбөсүң кандайча,

Өбүү үчүн калбагын жаралып?”

 

Анан да көздөрүн албастан,

Колумда шакекке тигилет.

Оюнда не барын биле албай,

Ойлорум кетүүдө бириндеп.

 

Билемин ал минтип ойлонот:

“Калп эле, жөнү жок бааланат.

Көп болду жүрөгүн, түгөнгүр,

Алганы мен үчүн жаралап!

Которгон: Таштанбек Чакиев