Топчугүл Шайдуллаева: Күтүү

Күтүү

(аңгеме)

Жай саратан. Мөлтүр-Булакта өрүк тегиз бышып, шыйпыры жок үйлөрдүн үстү кургатуу үчүн жайылган кызыл бөйрөк сары өрүктөргө тегиз толгон маал. Айылдыктар чаң-чуңдан оолак, шамалбакта тезирээк кургайт дешип эзиле бышкан өрүктөрдү эринбей там башына көтөрүп чыгып жайышат. Саарлап айылдын ортоңку көчөлөрүнүн бириндеги там үстүндө кемпир небере кызы экөө жайылган өрүктөрдү бирден кармалап, ичиндеги сөөгүн чыгарып, баргек жасап отурушту. Баргектерди узун жайык тактайларга тизишип, кочуштарына толгон данектүү сөөктү болсо улам чоң чакага салып коюшат. Аны да ширесин жууп, өзүнчө кургатышат. Мындай убаракерчилигине жараша баргек менен данек базарда өтүмдүү келет. Бул там башында баргек жасоо үчүн жайылган “эттүү” курмайы өрүктөр оголо көп эле. Баш-аягы жок шул иши ылдый жерде болгондо тестиер кыз балким чоң энеси айтмакчы “күн кызыгыча” чыдап отура алмак эмес. Тамдын үстү кыз үчүн кызык эле. Кыз өрүктү кармалап атканы менен көчө-көйдөгү кыбыр эткендин баарын өйдөдөн алмак-салмак тиктеп отурганына маашыр. Тигине курбусу уюн бадага айдап баратат, карасаң, атлес көйнөгүн кийип алыптыр, бүгүн бир жакка жөнөгөн го, же жөн эле мактанганыбы, ушунуку өттү, карап тур, мынабу өрүктөр сатылса атасы буга андан сонунун сатып берет. Курбусун узата тиктеген кыз муңая түштү. Аңгыча өздөрүнүн дарбазасы “шарак” ачылып, апасы чыкты. Адатынча шашып алган, сайга сууга баратат, мүрүсүндөгү баканга илинген чакалары ары-бери кыймылдап, түшүп калчудай…, апасы кичине акырыныраак басса болот эле. Кыз өрүктөргө эңкейди. Катуу аңгырап жиберген эшек анын башын кайра көтөрттү. Кошуна авасы дарбаза сыртында байлануу турган эшегин таягы менен сабап кирди, сөгүп да атат, ачууланып алыптыр. Байлануу эшек казыгын тегеренип качып, баари бир коргоно албады. Авасы аны башынан калпагы түшүп калганча сабады. Кызык, эми ал азынап кыйкырган эшегин казыктан бошотту да минип алып бир жакка жөнөп кетти. Минип баратып да эшегинин башы-көзүнө койгулап атат.

Кемпир өрүктөн башын көтөрбөй туруп кызына наалыды:

-Күн кызып кетти, бол, тезирээк, эки жакка элеңдей бербей! Шо аваңды көрбөй жүрдүңбү…

-Эне, кошуна авам эшегин неге ура берет?

-Анан кимди урсун, аялы өлүп калса, балдары жок болсо.

Өрүктөргө жаңы гана колун тийгизген кыз эми эшекке боору оорубаган чоң энесин жаман көзү менен карады:

“Урба!” деп урушуп койбойбу…

Ширеси таарга жабыша түшкөн өрүктөрдү ыкчамдык менен чыгарып алып, сөөгүнөн ажыратып аткан кыздын ою эми өздөрүнүн короосундагы жалгыз тытка бурулду. Азыр батыраак барып, инилери тура электе мөлтүрөп бышкандарынын баарын терип жеп алса. Кыз күн сайын ушинтет, андан калганын үйдөгү башкалары жейт. Кайсы шакка чыгып, кайсы бутакка жармашып, тыттын эң бышкандарына жетсе болоорун кыз там башында отуруп жакшылап болжоп карап алат эле.

Кемпир да тамдын башын жакшы көрөт. Өрүк жайылбаган учурда да саар-кеч бир чыгып, түшөт. Чыгат да тээ алыстагы чоң жолдон айылга бурулган жерди тиктеп отура берет. Көшөрө жол караган көзү талып кеткенде, көтөрө чыккан ийигин ийире баштайт. Анда деле көзүн жолдон албай утуру бир карап алат. Кокус жат машине айыл жакка бурулуп калса жүрөгү дүкүлдөп, уулу азыр ошол машинеде кирип келчүдөй шатыдан шашып түшүп, жоолугун оңдоп, ай-буйга келбей, айылдын идарасына жол тосуп жөнөйт. Согушка кетип, өлүү-тирүүсүнүн дайыны билинбеген уулу энесин далай жылдар ушинтип көз каратты.

Бир күнү там башында адатынча телмирип отурган кемпир чоң жолдо акырын жүрүп келаткан танкты көрдү. Ордунан тура калды. Колун пешенесине коюп алып, дагы карады, чын эле танка…, эсинде, согуштагы уулу акыркы катында танка айдаймын деп жазган эле. Ошо, болду болбоду уулу танкасын айдап келатсачы…

Оов, Жоробайым, алдыңа кетейиним!

Эненин жүрөгү бир оодарылып алды.

Кемпир шатыдан ылдам түшүп, көчөгө чыкты. Адатынча идарага жөнөдү.

-Танка, танка келатат! – Алдынан чыккан ким болсо колун чоң жолду көздөй сермеп, ушул сөзүн айта берди. Жаш балдар аны “танка көрөбүз” деп ээрчип алышты. Кемпир айылдын этегине келгенде чоң жолдогу танк көрүнбөй калган эле. Ал ылдыйда жаңы ачылган аскер бөлүгүнө бурулуп кеткен.

-Кана танка, апа, жок го!? – муну ээрчиген балдар чурулдай түштү.

-Азыр эле келаткан, көргөм…- Колун пешенесине алып бет алдын телмирген эне ындыны өчө жол четине отура калды. Кемпир көп отурду, турайын десе буттары ооруп, денеси таштай оор. Аны күн батаарда үйгө алып келишти. Энесинин акыбалын көрүп, мектепте иштеген кичүү уулу ага катуу эскертти:

-Апа, көрүнгөн машинеге чуркаганды токтотуңуз эми, картайдыңыз. Авамдын кабары чыкса өзүм айтып келем сизге!

Ушинткен баласы энеси чыгып, түшүп жүргөн тамдын бооруна тирелген шатыны да алып салды, жыгылып кетпесин дедиби, же аялынын сөзүн колдоп, апам жол караганын токтотсун дедиби, ким билет. Кемпирдин келини кайын энесинин жол карап, жөн эле убактысын коротконун жактырбайт, андан көрө ийигин көбүрөөк ийирбейби, чеберлерге гилемби, таарбы токуттуруп алат эле элге окшоп. Эбак жок болгон адамды жөн эле күтө бергенден эмне пайда, колунда турган уулун ойлобойбу. Танк окуясынан кийин келини эрине көптөн бери ичинде багып жүргөн оюн ачык айтты:

-Авама  куран окутуп, ашын берип, энемдин кыжаалатчылыгын бир жаңсыл кылалы да?

-Аны ойлободу дейсиңби? Мойнумдагы жүктөн мен да эртерээк кутулсам болот эле. Апам буга жол бербейт…

–Кемпирдин уулу чайын чала ичип, дасторкондон туруп кетти.

Кемпир эми ийигин көбүрөөк ийирип, коргондон чыкпай отуруп калды. Анан эле бир күнү түштө ойдо жок бир окуя аны дагы көчөгө түрттү. Бул жолу кемпирди эч ким токтото албады. Коңшу айылдан бирөөнүн согушта дайынсыз жоголгон уулунан почтого “тирүүмүн, жакында жолугабыз” деген кат келиптир. Энеси жүрөгү жарылып кеткенби, бу кабарды уккандан кийин тез эле каза тааптыр. Шоруң каткыр, уулуна жолукканга үлгүрбөптүр. Там башын жакшы көргөн кемпир эми күн сайын почтого каттаган адат тапты. Почто ташыган машина качан келип- кетерин билип алган. Келет да кеңсенин кире беришиндеги отургучка көчүк басып, таягына кош колдоп жөлөнүп алат. Жакшы кабарды угуп, ушул жерде өлүп калсам да мейли дейт. Жакшы кабарды күзбү, жазбы угаармын деген ниетте почточуга “ме” деп бере койгонго сүйүнчү пулу да дайын, кемселинин оң жак чөнтөгүндө, бет аарчысына түйүп салып алган. Аны кемпир сары майдай сактап, үйдөгү зарыл кем-карчка да бере турбайт.

Ошол күнү, октябрь майрамынын алдында, почтого кат-кабар көп келип, кирген-чыккандар да көп эле. Кемпирдин жүрөгү туйлап отурду, ошончо каттын бири уулунуку болуп, почточу азыр “сүйүнчү!” деп чыга калса кана… Кемпир чөнтөгүнө колун салып, акча түйүлгөн бет аарчысын кармап койду. Так ушул маалда Мамат араккеч почтонун ичинен аңтаңдап жүгүрүп чыкты.

-Аяш эне, сүйүнчү! Авамдан кат келиптир!

-Эмне дейт!? – Кемпир ордунан олдоксон тура калып, колунан таягы ыргыды, буттары шилтенбей, почтонун эшигине жетпей жыгылып кетти. Жыгылган тейде чөнтөгүн сыймалап, бет аарчыга түйүлгөн пулун калтыраган колдору менен Мамат араккечке сунду.

-Ме, айланайын…

Эртеден бери арак эңсеп, жаны карайган Мамат араккеч акчаны алаары менен почтодон анча алыс эмес турган дүкөн тарапка чуркады. Кемпирдин жүрөгү “шуу” деп алды. Калп айткан жокпу, куурагыр, бу Мамат, ал мени алдады окшойт… Бу араккечтин уятсыз, калпычы экенин эми эстеди. Ичи өрттөнүп кетти.

-Жоробайым, алдыңа кетейиним! – Кемпир жер тытып, озондоп ыйлап жиберди. Кеңседен чуркап чыккандар, көчө-көйдөгүлөр топтолуп, бири аны айтып, бири муну айтып, кемпирди эптеп сооротуп үйүнө апкелишти.

-Мамат араккечке капа болбоңуз, оозуна сала берсин, эми почточунун өзүнөн чындап жакшы кабар угуп калаарсыз…

Бул окуядан кийин төшөккө жатып калган кемпирди ушул сөз алаксытты, ишенгиси келди, калп болсо да жакшы кабарды бир ирет угуп, көз ирмемге болсо да сүйүнүчтүн даамын татканына каниет кылды. Өлөөр-өлгөнчө Мамат араккечтин почтодон чуркап чыкканы, сүйүнчүлөгөнү көз алдынан кетпеди. Кийинки өрүк бышыгы маалда кемпирди там башынан көрбөй калдык. Чоңойо түшкөн небере кызы өзү жалгыз өрүктөрдү бирден кармап, ичинен данегин сыгып алып, күн кызыгыча шашып, баш көтөрбөй иштеп атат. Анын мурдагыдай эки жакты элеңдеп, эркелеп карап, маашырланган кейпи жок. Жанында өрүк тырмалап отурчу чоң энесинин ордун кээде адашып бир нерсе айткысы келип карап алып, таппай умсунат. Эркелете ырдаган ырын эстейт, каргылданган доошун сагынат:

“Кызымды алмалары топулдап

Түшкөн жерге беребиз

Өрүктөрү ийилип

Бышкан жерге беребиз…”

-Эне, ырдабачы бул ырды, жаман ыр экен!

Бакта төгүлүп аткан алмаларды, өрүктөрдү терип, жыйнагандан тажаган кыздын бул ырды уккан сайын кыжыры келе берет эле.

Бул ыр кызга азыр да жакпайт. Бирок бу “жаман” ырды ырдаган чоң энесин кыз өтө жакшы көрөт эле. Көзүнө жаш тегеренди.

Баргек – ичинен сөөгү алынып кургатылган өрүк

Курмайы – өрүктүн сорту

Идара – айылдын мектеп, дүкөн, китепкана, устакана, почто, колхоз кеңсеси ж.б. жайгашкан борбору.