Акын Дүйшөн Жапаровду эскерүү иш чарасы өттү

Бүгүн №3-шаардык китепканада акын Дүйшөн Жапаровду эскерүү кечеси болду. Китепкана тарабынан демилгеленген эскерүү кечеге К.Иманалиев, О.Шакир, М.Токторов, адабиятчы Б.Таштаналиев, акындын группалаш, курсташтары жана үй бүлөсү катышты. Жакын санаалаштары акындын студенттик күндөрүн эскеришип, чыгармачылыгы жөнүндө сөз кылып, ырларын окушту. КР ЖК мурдагы депутаты К.Иманалиев кыргыз адабияты боюнча жарык көрө турган 40 томдук китепке Д.Жапаровдун ырлары киргизилерин айтып, поэзия кечесин уюштурууну сунуштады.

Сырты ийленген кара ундан,

ичи өпкө, карындан.

Манту жедим беш сомдон,

мал киндиктүү Нарындан.

 

Жакыр көп, бардар аз,

жакшы ырга кардар аз.

Жазганга бар кагаз,

кагаз жок болсо карга жаз,

жаз болуп өссүн Карбалас.

 

Бу дүйнөдө өмүр сүрдүм кейиште,

а дүйнөдө чыгар бекем бейишке?..

 

Жүрсөң да монастрда,

Манас айт, манасты ырда.

 

Жоголгон бычак – сабы алтын,

жоголгон катын – саны алтын.

 

Коркпогон кыргыз арактан,

коркконун кара, арбактан.

 

Коркпогон кыргыз шампандан,

коркконун кара, шайтандан.

 

Коркпогон кыргыз коньяктан,

коркконун кара, маньяктан.

 

Үч ай болду: ишке орношкон бажыга,

үч ирекет барып келди ажыга.

 

Басканың го сонун экен маралдай,

башыңдагы чачың кантет, таралбай.

 

Ичсем жарым бөтөлкө,

ичкич деди бүт өлкө.

 

Кутулганы “застойдон”,

кутулбадык аш-тойдон.

 

Карышкыр десем, бөрү экен,

Карачай десем, лөлү экен.

 

“Кат жазды бала атага”,

кат ичи толо катага.

 

Калдыгы менен чылымдын,

канатын күйгүз чымындын.

Бок баскан кычы бут менен,

бооруна конот чыныңдын.

 

Учкучтан ичкич чыгат,

ичкичтен учкуч чыгат.

 

Жашоону көрүп жээним кейийт.

Жээнимди көрүп зээним кейийт.