Жеңишбек Эдигеев: Көк дептер

Көк дептер

Ар бир нерсенин башталышы бар. Адамдар да ошондой. Бири төрөлгөндө эле башталат. Бири төрөлгөн менен башталбайт, оо-у далай баштан өтүп, адеп кадам таштап көрүп, басып көрүп, желип көрүп, чуркап көрүп анан башталат. Башталгандар бар. Башталбай, баштала албай күтүп тургандар бар. Адамда тема көп, деги. Өтө көп. Башталбай атып бүткөндөр, башталбай атып өлгөндөр десең да тема. Анткени ал чындык. Биз баары бир, кайсы бир темага киребиз. Биздин турган турпатыбыз, аракетибиз, касиетибиз, кылганыбыз кайсы бирине кирет, ошого жатат. Кыргыздар ушинтип айтат да: “Жатат” деп. Же “мунуң жакшы ишке жатпайт, эй!” деп. Анын сыңары биздин бар кылганыбыз кайсы бирине жатат. Ошону, ошол теманы бүт түзүп койгон гана киши жок да. Болбосо адамдар бүт иретке келип өз катарыбызды, өз темабызды, өз жолубузду, стиль менен багытыбызды билип калат элек. Ошентип, ар бир нерсенин башат менен башталышы бар. Ушу Көк дептердин да башталышы бар. Ал мурда, тээ башында жөн эле, колго кармалган, сумкага же чөнтөккө салынган, сырты калың көк дептер болчу. Мен кайда барсам ошол жакка барган, улам алынып чыгып, чиймеленип, кайра салынып, кайра алынып чыгып чиймеленип… а кээде алып чыгып бирок эчтеме чиймеленбей кайра салынган, чекесинен кертилген, айрылган, транспорттун түрүнө түшкөн, ат минип көргөн, бирде төө минип көргөн, бирде жөө калып көргөн дептер эле. Ал эмне көргөнүн тизмектеген күндөлүк эмес болчу. Ал деген – адамзаты көйгөй менен азапка өзү барабы, өзү барып кабылабы же алар адамды көздөй өзү жылып келеби, кайдан-бурчтан чыга калып, чап жабышып чырмайбы? -деген суроолор болчу. Ал деген – адамзат ийгилик менен бакытка татыйбы? Татыган үчүн келеби же татыбаса да алар бурчтан-кайдан чыга калабы? Ошондойбу? деген же өзүм түшүнбөгөн же бөлөккө түшүндүрө албаган, же түшүнгөндү таба албаган дептер болчу. Ошентип күндөрдүн бир күнүндө “Агымдын” кезектеги летучкасында редактор адаттагыдай кимибизде эмки санга эмне план барын сурады. Кезек мага жеткенде “Менде көк дептер бар эле… -дедим. -Көк дептер деген бир рубрика бар эле…” дедим. Редактор түшүнгөн жок. Баары түшүнгөн жок. “Ал эмне болгон рубрика?” Мелис байке бурк этти. “Ал ушундай да, алчы…, башталышы, баш сөзү бар анан аяк сөзү бар. Анан ортосунда да көп нерселер бар, – дедим… Дагы эле эч ким түшүнгөн жок. “Алып кел, көрөлү эмкиде” деди. Бат эле эмки күн келди. Кайрадан летучка. Жолдошбек байке Зарлыкбеков чыккан санды талкуулап атып айтты: “Көк дептер” боюнча айтсам, билбейм, биягы биякта жүрөт, тиягы тиякта жүрөт… мага жаккан жок” деди. “А мага аябай жакты. Өзгөчө болгудай. Башкача болгудай. Дагы күтөбүз!” деди Эрнис Асек уулу. Ошентип башталып кеткен. Ошентип анан от алып кеткен ушул “Көк дептер”. Ошентип ал кармалган дептерден кармалбаган дептерге өтүп кеткен. Жокем да Зарлыкбеков туура айткан, ошондон бери биягы биякта, тиягы билбейм каякта жүрү… ушинтип жазылып келет. Бирде төө минип, бирде жөө жүрүп.

******

Карып атканыбызга сүйүнөлү. Канчалар, алыс-жакындар жаш бойдон токтоп атышат…

*****

Ажал деген бар, анан өзүн өзү өлтүрүү деген бар.

*****

Бишкек да көз жашка ишенбейт кээде…

*****

Ал баарын көргөн адам: коркунуч менен, ажал менен, оору менен, жокчулук менен “сен!” деп сүйлөшкөн адам, ал!

*****

Актерлор жашоосунда бир нече ирет өлүшөт: сахна менен кинодо. Ошолор бир нерсе билип жүрбөсүн, чын өлүм туурасында…

*****

Баштан өткөрүү, жон териң менен сезүү, көзүң менен көрүү деген – көзүрү болот турмуштун.

 

Конгодон келген кыз

Конгодон келип окуп аткан бир кыз бар. Тетиги эле Африканын Конгосунан. Аты Мерлин. Адамдар жакшы сүйлөшүп калганда сөзсүз ичиндеги бир сырын, сыр болбосо да бир туюмун сыртка, ошол жанындагы адамга чыгаргысы келет. Анткени адам табияты ошондой. “…Төрт ай болду апакемди жоготконума, билесиңби, баарынан эң биринчи болуп сен мага көңүл айтып кат жөнөткөнсүң! деди. “Ырахмат дегенсип, унутпайм дегенсип” мени жаралуу карады. Капыстан эле ошентти. Мен күткөн эмесмин. Мен эң биринчи болуп жазганымы да билген эмесмин. Унутуп койгом. Чынын айтсам алыс эле жүргөн адамдар, турмушун, бир-биринин башынан өткөн жана өтүп аткан өйдө-ылдыйын эстеп олтурат дейсиңби… Бирок ал унутпаптыр да. Эмне үчүн дебейсиңби? Анткени ал апасы болчу да. Апаныкы башкача да! Анткени ал ошондо, азыр дагы жаралуу экен да. Ким билет дагы канча жаралуу жүрөт? Эненики башка да! А биз байкабай калабыз да. Маани бербей калабыз. А адам өз башындагы өйдө-ылдыйларда, өзгөчө Эне менен Атаныкында катуу жаралуу болушат… Ошол үчүн унутпай калыптыр, Мерлин. Ошол үчүн айтып коеюн, ырахмат деп коеюн дептир да. Адамдар, өзгөчө Батыш өлкөлөрдө адамдар өзгөчө алыстап кетишти. Ансыз деле алыс эле… Пандемия ого бетер алыс кылды, аралыкты, адамдарды. Мага каңк этип ошондо сезилди. Ошондо тимеле жете түштү. Биз, адамдар бир-бирибизден канчалык алыс жашоо куруп алып жүргөнүбүздү. Кенедей көңүл бөлүп койгонубуз, кенедей эле сөз арнашып койгонубуз канчалык дары экени, керек экени, азык экени тарс эткенче сезилди. Мээме жетти, жүрөккө жетти. Конголук кара кыз. Жүз бөлүп өргөн чачтарын силкип, “Макул анда!” деп кол булгап коюп, билинер-билинбес жылмайып коюп автобуска чуркап баратты. Конголук бир энени жоготкон кыз. Бир үзүм жылуу сөздү издеген кыз, кара кыз…

 

Бир киши

Сен окуган бир китепти мен 30 жылдан кийин окудум. Ошол китепти ойлоп көчөдө келаткам. Анан сени ойлодум. Алыста эле эмес, сен бу дүйнөдө жок болсоң да сенден уялдым. Аябай уялдым. Трамвай келип калды аңгыча. Эшиктери ачылды. Күч менен, ошол кыйналгандын, уялгандын, өкүнгөндүн күчү менен жинденип, трамвайдын кармагычын мыжый кармап ичине аттап кирдим.

 

Суроо жана карыя

92 жаштагы философ-математиктен журналист сурап турат: -Айтыңызчы бу жашоодо эмнеге, эмне ийгиликтерге жетиштиңиз? Карыя 92 жаштык башын өйдө көтөрүп, жаш кызды карап жылуу жылмайып күлүп койду…

 

Бурчтар

Шаардын, чоң көчөнүн бурчтарын жакшы көрөм. Бурчтан капилет жолугушат, бурчтан чыга калышат, чарчагандар ошол бурчка көчүк басат же шаарды карап тунжурашат, чарчагандар ошол бурчтан кийин үйлөрүнө жетишет, бурчта дайым дүкөн болот, бери жагында же ары жагында, бурчтан эки жакты тең көрүшөт, көчөнүн бурчунда деп ыр жазышат акындар, бир сонун сүрөттөшөт, Пятигорский дегендин “Философия одного переулка” дегени бар, романы. Бурчтар. Бурчта гүл саткан апа болот көбүнчө, бурчтар жоголбойт, шаар миң өзгөрсө да кала берет ал бурчтар, тура берет, дегеле бурчтун арткы жагы кызыктуу, табышмак болот. Жол буюруп, сагынган шаарга барчу болсом бир бурчтарга сөзсүз барамын, ким билет ары жагында сен келаткан болосуң…

 

Улуу эл

Биздин эл улуу эл деп айтыш үчүн да кызара турган бет керек. Мен сыртта жашап жүргөн катары Европа элдеринин ортосуна барып алып Кыргыз эли улуу эл деп айтышым үчүн да чоң бетбактык (наглыйлык) керек, эй! Анткени элге болгон сүйүү минтип чыкпайт, минтип берилбейт. “Кое туруңузчу, адеп сиздин улуу элиңизди картадан издеп табалычы! деп чыгат четтен какшыкчысы. Ал эми мына элибиздин тереңдигин мен баш көтөрүп айта алам. Ага эң жөеөкөй мисал: философтун миң далайы ошол Батыштан чыккан. Философтор карап туруп көзүнө көрүнгөндүн баарын, четинен алып философтоно берсе болот. Алардын чындап айтчусу бар, көзүнө көрүнгөндүн баарына. Ал эми кыргыз төкмө акынына дал ошол тапшырма буйрулса философтон кем калбай, андан артыгы менен – ырга салып, көзүнө илингенди четинен ырга салып токтобой коер эле. Мына элимдин тереңдигин ушул тейде көргүм келет. Болбосо “улуу менен сулуу” элдер толуп атат…

 

Жакшы тур, сен!

Көп улуттуу шаарларга айла жок. Көп улуттун көңүлүн алабыз дешет, бурабыз дешет, жагабыз дешет. Анысы мага жагат, чын эле. Айрым чоң дүкөндөрдө, айрым чоң мекемеде, айрым вокзал, аэропортто бери жагы жыйырма элдин тилинде учурашкан анан коштошкон сөздү жаза коюшат. Кооз кылып, сулуу кылып. Жөн эле, кооздук үчүн, стиль үчүн, жагыш үчүн, тартыш үчүн, жылуулук тартуулаш үчүн… Жыйырма тилде… Учурашкан, коштошкон. Эмесе, жакшы тур, сен. Көрүшкөнчө!