Жеңишбек Эдигеев: Көк дептер

Көк дептер Ар бир нерсенин башталышы бар. Адамдар да ошондой. Бири төрөлгөндө эле башталат. Бири төрөлгөн менен башталбайт, оо-у далай баштан өтүп, адеп кадам таштап көрүп, басып көрүп, желип көрүп, чуркап көрүп анан башталат. Башталгандар бар. Башталбай, баштала албай күтүп тургандар бар. Адамда тема көп, деги. Өтө көп. Башталбай атып бүткөндөр, башталбай атып өлгөндөр десең да тема. Анткени ал чындык. Биз баары бир, кайсы бир темага киребиз. Биздин турган турпатыбыз, аракетибиз, касиетибиз, кылганыбыз кайсы бирине кирет, ошого жатат. Кыргыздар ушинтип айтат да: “Жатат” деп. Же “мунуң жакшы ишке жатпайт, эй!” толугу менен…..