Жунай Мавлянов: Жайлоодо

Жайлоодо

Небереси Азиздин көңүлүн көтөрөм деп Жаркынай өзүнүн көңүлүн чөктүрүп алды. Жайлоого келбесе антмек эмес да. Жыл сайын жайлоо маалында сөзсүз, бир кусалык, кандайдыр эски сагыныч жүрөк-боорун аралай чаап, санаасын эңшерип, маанайын басайтып кете турган. Андай кусалык, орду толбогон сагыныч бир нече күнгө созулчу. Ал күндөрдө Жаркынай бети шылынып, көздөрү алайып, айлап төшөктө оору менен алпурушкан кишидей шапайып азып кетер эле. Күн сайын бирин-бири көрүп жүрүшчү кошуналар биринчи байкашат ал өзгөрүүнү. Алар тарабынан: «Эмне болду, Жаркынай? Арыктап кеттиң го?» – деген суроонун сөзсүз берилерин алдын ала билген анын жообу да белен: «Жайлыгым жокпу, жылда эле ушу маалда арыктап алам го», – деп гана басып кете берчү.

Ошентип, Жаркынайдын дарты эч ким эмдеп айыктыра алгыс дарт. Аны өзүнөн башка жан да билбейт. Июнь айынын 11-күнү – анын эсине өз атындай түбөлүккө жат болуп калган күн. Ошол күнү – анын ою боюнча элдин түп көтөрө жайлоого көчкөн күнү. Жумалап төө байлашып суутуп, аттарды таң ашырып, өгүздөргө чейин белендеп, эки күндүк жол азыкты кошо даярдашып: оймобоорсок салышып, эжигей бышырып, быштак жасашып, береги сары журтка айланып калган бөксө жайлоодон таң тыяктан жаңы гана куланөөк салып, асман бетин каймактаган сүт сымал саргыч агыш түскө бөлөп келаткан маалда энелерин издеген козу-улактарды мааратып, тайлактарды боздотуп, музоолорду мөөрөтүшүп, азан-казан болуп, анан бир таман жолго улуулата түшүп, улуу жайлоого көчкөн кездин бир күнү ошол бойдон Жаркынайдын сезиминде кала берген. Андан бери кырк жылга жакын убакыт өттү… Бирок июнь айынын 11-күнү бүгүнкүдөй эсинде.

… Ошол жыл жаан-чачындуу келип, тоодо али суук болгондуктан андагы чөп жетилбей, ошондон улам элдин он-он беш күнгө кечигип көчкөнү менен да Жаркынайдын иши жок. Азыркылар июнь эмес, майдын аягына жетпей эле көчөрүн, андагыдай жүктөрүн төөлөргө, өгүздөргө, аттарга, артып, мал-кели менен кошо самсаалап жолго чыкпай, машиналар менен жетип алышарын деле эстебейт. Андагыдай эки түнөп жетишпестен, үч сааттан ашпаган убакытта барышып каларын деле ойлобойт. 11-июнь күнү мурдагыдай эле шаан-шөкөт менен алды-арты алда кайда созолонгон көч жашылга оронгон арасындагы бир таман жол менен бараткандай туюлат ага. Жакшы жасалгалуу кунан, быштыларды минген, жарашыктуу кийинген жаштар: жигиттер, кыздар, келиндер жарыша чабышып, үзөңгүлөрү кээде тийише калып, «шыңгыр» этсе, анысы кылык көрсөтө шаңкылдаган кыз үнүнө кошул-ташыл болуп, теребелдеги гүл жытына атыр куюнуп, упа сүртүнүшүп, эндик коюшкан кыз-келиндердин жыты аралашып, эки күн, эки түн бою алда кандай керемет жытка толгон абадан жутуп магдыраган, эсирген Жаркынайга ошондогу гана июнь, ошондогу гана жайдын көркү жаштык сезимине мөөр болуп басылып калган. Ошондуктан жылдын ал мезгили анын жан дүйнөсүнө дүрбөлөң салып таштайт. Июнь айынын бүтүшү менен аны аздырып-тоздурган алиги түпөйүл оору да кетет. Мурунку баралына келет.

… Жалгыз уулу Калый бала-чакалуу болгону быйыл биринчи жолу апасы Жаркынайды жайлоого барууга мажбурлайт. Жок баласы эмес, небереси. Былтыр көл ичинде эс алышып жүргөндө, Калыйдын андагы тааныштарынын бири күн мурунтан макулдашып алгандай машина менен келип, буларды Каркыра жайлоосуна алып барат. Чоң-Капталдагы жыш карагайларды, андагы булактарды, Сан-Таштан ары керилип жаткан жайыктагы иче чапкан түркүн чөптөрдү көргөндө, бирде энесинин, бирде мамасынын, бирде папасынын колун кармай жүрүп, такыр эле башка дүйнөгө келгенсип таңыркай оозун ачып, тегерегине көз чаптырып алаңдаган, кайсы гүлдү үзөрүн билбей алдастаган, кайсы көпөлөктү кууп жөнөшүн билбей элеңдеген Азиз эки-үч сааттык сейилден кийин чоң энеси Жаркынайды туурап, борсойгон кыпкызыл боорсоктон улам бирде кеседеги мелтилдеген кымызга матырып жеп отуруп, анан чоң энесине суроо таштабайбы.

–Биздин жайлоо жокпу, эне?

–Кантип жок болсун, бар. Жайлоосу жок кыргыз болмок беле.

Жаркынай кеңирсиген бул жайлоонун береги четине бут койгондон тартып, мындан отуз сегиз жыл мурдагы жайлоо маалы, аны менен кошо бир жарым айга гана бирге өмүр сүрүп, анан согушка кеткен бойдон кайтпай калган жары Кубатын эстеп заарканып алган эле. Атүгүл бушайман жеген жайлоого келгенине. Баласын, келинин жиберип коюп, өзү бир нерсени шылтоо кылып, келбей койсо болмок да. Элүүдөн ашкан кишиге шылтоо табылат эле. «Ары-бери жүргөндө кыйналам. Жүрөгүм жаман эмеспи» – десе эле жетишмек. Эч ким аны кыстамак эмес. Кала бермек. Бирок, антпеди. Антмек түгүл, жайлоону укканда эмнегедир, делбиреп, эңсеп жүргөнүнө барчу кишидей көңүлү көтөрүлө түшөт. Жүрөгүнүн бир четине уялап, ушунча жылдан бери эскирбей келаткан бир сезим кайрадан козголуп, тулку боюна алда кандай күч-кубат тартуулаган эле. Жаркынайдын дүйнөсүн эстеген сайын өрт илебиндей кайрып алчу жайлоо эмес бу. Бу даңазалуу жайлоо экенин, бир көргөн киши дагы көрсөм экен деп дегдечү атактуу жайлоолордун бири экенин угуп жүргөн Жаркынай. Бирок көз карегине уюп калган тиги жайлоодой таасир эткен жок. Көңүлүн өксүттү тескерисинче. Жоготконун издеп, бирок таппаган кишиче, умсунуп калды. Ошентип, ич туйгусу менен алек болуп кыйналып отурганда небереси ушул суроону берип жатпайбы.

–Бизди алып барбайсыз го, болсо? – деди жайлоонун жаркын күнүнөн, нары аз да болсо сыр кеседен ууртап отурган кымыздан торсоюп эки бети кызарып, тегерек көздөрү моймолжуп чыккан небереси эч нерседен бейкапар.

–Алып барса болот, – деп койду биерге бут койгондон бери эчаккы окуя эсине түшүп, кыжалаттана баштаган энеси.

Качан? – деди бакыракай көз сегиз жаштагы небереси, көлөкө жапкандай ажары күңгүрттөнө түшкөн энесинин жүзүнө ишенбегендей тиктеп.

–Быйылкы жайлоо маалы бүтүп атпайбы, уулум. Эми келерки жылы барабыз да. Сен экинчини жалаң «беш» менен бүтсөң, өзүбүздүн жайлоого алып барам, – деди ал ушул сөзү менен да небересин бир нерсеге милдеттендиргендей. «Келерки жылга чейин эсинде жүрмөк беле менин бу убадам. Унутуп калат да эртең эле. Бала эмеспи», – деп Жаркынай ичинен бейкам жыйынтыктап койду.

Машиналардын жытынан алыс, алардын күр-шарынан да алыс, абасы таза, туш тарабы көкмөк жыттанган жайлоо Жаркынайдын ой-санаасына бүлүк салып, санааркатып таштады. Баласы политехникалык институтун бүтүп, илим-изилдөө институтунда иштеп калган. «Үйлүү болдук, апа, биз менен бирге туруңуз» – дегенге көнгөн эмес эле. «Балалуу болдук. Эми небереңиз үчүн да келбейсизби?» – дегенинен көңүлү түтпөй шаардык болуп калган.

…Жок, небереси эстен чыгарбаптыр энесинин андагы убадасын. Мурда жайлоо дегенди укса да өз көзү менен көрбөгөн ага Каркыра катуу таасир эткен го. Түшүнө да кириптир бир жолу. Энесине айтып берген. «Баягы чоң кырдын төбөсүндө жүрүптүрбүз кол кармашып. Тизеден чөп, гүл. Үстү жагыбыздан бир нерсе шуулдайт. Өйдө карасам чоң куш шукшурулуп келатыптыр. Жайлоодо жүргөндө сиз айткан бүркүт дегендин өзү. Канаттары кулач келет. Көздөрү бир нерсени аларында сенин көздөрүңдөй болуп чоңоюп, анан оттой жанып кетет дебедиңиз беле? Кийикти, түлкүнү айры-куйрук жөжөнү көтөргөндөй эле көтөрөт. Аларына эч нерсе табылбай калса, жаш балдарга деле кол салгандан тартынбайт дебедиңиз беле? Эсимде калган экен ошентип айтканыңыз. Анан канаттарын капталдарына кыса кармап, төмөн карай шукшурулганда үңкүр оозуна кирип жаткан шамалдай күүлдөп угулат дегениңиз да эсиме түштү алигини көрүп. «Эне! Бүркүт! Бүркүт келатат!» деп кыйкырган бойдон ойгонуп кеттим», – деп энтиккен наркы бөлмөдөн чуркап келип, бүркүттөн качкан канаттуудай кенже небереси менен жаткан энесинин колтугуна башын ката берип Азиз.

Анда бир эске салат энесинин убадасын. Жаркынайды ал түндүн калган бөлүгүн уктабай өткөрүүгө мажбурлаган. Жайлоо жөнүндө дагы сураган. «Жаш балага коркунучтуу немени айтып, натура иш кылган экенмин», – деп небересинин алиги түшүнөн улам өкүнүп алган эне эми жалаң гана жакшы нерселер тууралуу кеп салат. Жайлоонун жанга жагымдуу абасын, жылга сайын эритилген коргошундай жылтырап аккан булак сууларын, бийик чокулардын этегинде эл көчүп барган кезде деле мелтиреп жатчу нык, нары муздак мөңгүлөрүн, жүк түшүрүлүп, үйлөрдүн керегелери али жайылып-жайыла электе өзү сыяктуу айылдын жаш балдары, кыздары топтолуп алышып, ошол мөңгүлүү тоолордун капталдарынан солкулдаган ышкын терүүгө баргандарын, айлуу түндөрдө «Ай көрдүм! Ай көрдү-ү-үүм!» – деп айылдын жаштары кечкисин кой-эчкилерин эртерээк саадырып бүтүп, козу-улактарын көгөнгө мурдараак байлап коюшуп, оюнга чыгышарын, андай түнкү шаңдуу чууга жамаатташ отурушкан, кемегелеринен түндүн бир оокумуна чейин асман төшүнө көк түтүндөр булап, кечки абаны тезектин, арчанын жан сергитчи жытына толтуруп, кут орногондой камур-жумур бойдон түн койнуна көшүлүп кирип бараткан кокту-колоттогу, кырдагы айылдардан да шарактаган жаштар келишип, оюн курулчу жайык жер боз балдарга, бийкечтерге толуп чыгарына чейин, небересине эмес, ошол оюндарга өзү менен моюндашып бирге барчу курбу кызына көптөн кийин жолугушуп, өткөндү чогуу эскеришип жаткандай Жаркынай толкундануу менен сүйлөп берген эле. Ошонусу менен небересин дагы бир жолу бүтүндөй башка дүйнөгө үндөп таштаганын, аны өз көзү менен көрүүгө дегдетип таштаганын эне байкаган эмес. Түшүнөн чоочуп калган небересин сооротуш үчүн гана айткан. Жанагылардан тышкары кере тартылган желелерден кечке маал агытылган кулундардын оюн салганын, болочокку аргымактары энелеринин үстүнөн ары-бери секирип ойногондорун, көгөнгө тизилген козу улактардын энелерин көргөндө айылды түп көтөрө маарагандарын, ачык асмандан төмөн төгүлгөн аппак ай нурун колдоруна шамдай кармап алышып, кызыл ашыктан келип желпилдеген жашыл шибер ичинен «Ак чөлмөктү» издеп жайылып жүргөн балдарды, кыздарды, же тегерене отура калышып, бирин-бири эшилген жоолук менен кууп ойношконун энесинин эргий жатып айткандарынан так элестеткен небереси айыл ортосундагы кык жыттанган короо ичинде жуушап, күн бою жеген чыктуу чөптү аш кылуунун аракетинде кепшеп анда-санда гана оор онтошкон малына чейин мемиреген түнкү айылдын бейкуттугун бузган күкүк үнүнө дейре мөңгүлөрдөн төмөн жылга менен агылган суулардын шылдырына чейин кулагына угулгансыган, башын ийилте желге ыргалган ышкындарды өз колу менен терип, өткүр тиштери менен «кырт-кырт» эттире бир четинен тиштеп жеп киргендей сезген неберенин, сөзсүз, жайлоо дегенге барууга, барганда энеси айтып берген булардын баарын адатынча анын колунан кармай жүрүп, өзү көзү менен көрүүгө үмүтү, тилеги биротоло бекемделип калганын да эне байкаган эмес эле.

–Кайсы айда барабыз? – деген небересинин акыркы суроосу болгон.

–Урра! Биздин окуу бүткөндө тура! Барабыз, энеке, барабыз! – деп төшөктүн жакасын арыга кайрып таштап небереси кыйкырып жибергенде, сол колтугунда бышылдап уктап жаткан кенже небереси ойгонуп кетпесин деп чоочуган эне анын оозун алаканы менен баса калган.

Июнь эмес, апрелден тартып эле, кээде дем алыш күндөрү папасы, мамасы, апасы менен автобуска олтурушуп, эл менен кошо белгилүү аялдамага чейин барышып, андан ары көк жыттанган, ным жыттанган, нары күн жыттанган талаага сейилдеп чыккандан тартып Азиз «Жайлоо, баягыда энеси айтып берген керемет жайлоо» жөнүндө тез-тез эстей баштады. Папасынан да, мамасынан да жайында айылга, андан ары жайлоого барууга убадасын ала баштады. «Таекемдикине барабыз. Сүтү бар, майы бар. Тооктору бар. Биз мине турган эшеги да бар. Ошол алып барат андан ары жайлоого», – деп бар болгону ал эс тарткандан бери эки жолу гана болгон энесинин айылдагы колхозчу инисин айтып, чоңдордун бир нерсени шылтоолоп буйтап кеткенине жол койбостон жүрдү. Шаардын четиндеги ал көргөн чөптөр, ал көргөн көпөлөктөр деле Каркыра жайлоосунда көргөнүнө окшошпой туруп алды. Карагайлары кана? Чөбү эмне үчүн андагыдай тизеге чаппайт? Булактарычы? Тамылжытып жагымдуу ныксыраткан кымызычы? Энеси айтып берген жайлоо андан бетер кооз. Али уга элек жомоктой кызык. Балалык кыялы менен сүрөтүн тарта баштаган ал ажайып көрүнүштү шаардын четинен көргөндөрүнө салыштырса такыр эле окшошпойт. Каркырага барганга чейин биерге келген сайын жаңы эле ваннага жуунуп, аарчынып чыга калгандай тазара да, жеңилдей да түшө турган. Бу жолу антпеди. Аркы-берки басышкан ата-энесинин жанында алыстабай суз жүрүп, суз кайтты. Анткени жайлоо, энесинен уккан күмүш булактуу, дың этип чымын учпаган, коңур салкын жайлоо, жылкылары бетеге жегендиктен кызгылт кымызынан бир пияла ичсең эле магдыратып уйкуну келтирчү касиет чөптүү, түркүн үндө сайраган куштарга толгон токойлуу жайлоо, чындап көзүнөн учуп калган болчу. Күндө болбосо да күн алыс энесинин мазасын ала берди: «Жайлоого барабызбы?» «Барабыз» – анын жообу. Башка шылтоо жок да. Папасы, мамасы гана бир жолу «Биздин отпускабыз кандай болор экен быйыл, билбейбиз (мамасы ошол эле институтта лаборантка болуп иштөөчү). Мекемеде график деген болот, уулум, алдын-ала түзүлгөн. Ошо боюнча отпуска берилет. Азырынча ал түзүлө элек. Биз барбасак да энең, сөзсүз, барат сени ала барат», – деп анын үмүтүн үзүшкөн эмес.

Жайлоо жөнүндө сөз болгондо небереси менен кошо Жаркынай өзү да кийинчерээк, эмнегедир, толкундай түшчү болду. Көптөн бери жолугуша элек кишиси менен кездеше тургансып, ашыгып, шашып калып жатты.

Жаркынай өз баласы да билбеген 11-июнду болжолдоп жүрдү. Акыры небересин алып баруу керектиги чечилген соң ошол күндү, кырк жылга жакын убактан бери жыл сайын бир жолу эсине түшүп, бир топ күнгө чейин бүткөн боюн шалдыратып, алдан тайгызып, көңүлүн эңшерип, сүйгөн жары менен жаңы гана коштошуп кала бергендей жалгызсыратып таштачу учур менен аргасыздан беттешүүгө бел байлады…

…Ошентип, небере менен чоң эне күткөн күн да келди! Жыл бою жайлоону сөз кыла берип, өзү менен кошо энесин да дегдетип таштаган Азиз, бирок тигинин жүрөгүн өйүгөн кусалыкты сезген жок. Кичинекей алакандарын шакылдата чапкылап «Ура-а. Ур-а-а!» дегенден башкага жарабады энеси: «Камын, эртең жөнөйбүз айылга, андан ары жайлоого», – деп билдиргенде.

Жаркынай небереси менен айылга 8-июнь күнү келишти. Эки-үч күн инисиникинде болуп, өзү болжолдогон күнү жайлоого бармак. Жайында аякка каттаган машиналар көп болорун билчү. Малчыларга азык-түлүк, койлорго туз, жакага сүт, кымыз ташышат. Ошолордун бири менен жетип алат да. Аердегилердин дээрлик баары: мейли уй кайтарганы, мейли койчулары, мейли жылкычылары болсун, аны таанышат. Анткени айылдаштары да.

Жаркынайдын согушка кетип, келбей калган күйөөсү да ушу өзүнүн айылынан эле. Бул бир колхоздо бириккен эки айыл качан казылганын биердегилердин эч кимиси билбеген чоң арыктын эки жагынан орун алган эле. Бу эки айылдын бирге ойноп, бирге өскөн, мектепте да чогуу окуган балдары жана кыздары: «Медеттер, Жаркынайлар болгондо «Арыктын астындагы айылдан», «Арыктын үстүндөгү айылдан», – деп гана бөлүп сүйлөшчү керегинде.

Шаардык болуп кеткенден бери Жаркынай айылына келгени менен, айылдагылар көп барышчу болгон алардыкына. Кыздарын, балдарын окуу жайына өздөрү келип өткөрүү адатка айлангандан бери, белек-бечкегин куржунга, же чемоданга салышкан ата-энелерден жыл сайын келишет. Тыяктан чыкканда эле «Жаркынай бар эмеспи аерде» – дешип, анын ак көңүлдүгүн билген алар ошерден эле ушунун үйүн болжолдоп жөнөшчү. Июль, август айларында самсып келчү ата-энелерден шаардын мейманканаларынан орун тийбесин билип алышкандан кийин алар бир жолу Жаркынайдын үйүн конок үйүнө айландырып алышкан. Канча күн турушса да кабак-кашым дебестен (уулу менен келини күңкүлдөшсө: «Антпегиле, уят болот, үйгө коноктордун келип турганы жакшы; өзү менен алар ырыс-кешигин кошо ала келишет», – деп калчу) тапканын эртели-кеч алдыларына коюп коноктоочу. Сыйынан ошентип жазбаган Жаркынайды кайтып кетээринде ар кимиси чын ыкластан айылга чакырышчу. «Быйыл барганыңызда меникинен чай ичпесеңиз, экинчи үйүңүзгө кирбейм. Таарынам. Учурашпай коём» – деген сыяктуу сөздөрдү айтышчу. Алардын эч кимисин ичинен карыз деп эсептебеген Жаркынай адатынча күлүмсүрөп туруп гана: «Барганда көрөрбүз. Ыракмат» – деп гана узатып коё турган. Келип-кеткендердин ичинде малчылары да бар эле. Небереси: «Жайлоого алып барасың» – деп кадаланган сайын алар да эске түшпөй койгон жок. Жайлоого барса, айылдын четинен чыгат аны кучагын жая тосуп алчулар. Бирок ал эки ата өтүшкөн тууганынын койчу баласы кылый көз Табылдыны болжоп чыкты үйүнөн.

… Жаркынай топурап келген коңшулары менен учурашып, бажырашып аркы-беркини сүйлөшүп отуруп, өзүнө аталып союлган козунун эти бышып калганын да сезбеди. Мында келгенине бир саат болбой жатып, өзүнө а дегенде таңыркай тиктешкен айыл балдары менен таанышып, анан табышып алган небереси ысык боорсоктон эки чеңгелине мыкчый кармаган бойдон ойноп кеткен эле, чарчаганбы, жайлоонун таза абасы көшүлттүбү, күн батары менен уйкуга кетти.

… Сыртка Жаркынай чыкканда ай береги маңдайдагы кырка тоодон өйдө көтөрүлүп калган экен. Ээрчий баскан инисинин келинчегине: «Сен жайыңы ырастай бер. Мен бир аз басып келемин», – деди да жалгыздап кетти.

Медет экөө баш кошкон журтка барды. Аерге эч ким конбой калган, анткени андагы булактан суу чыкпайт азыр. Жалпак таш бар болчу. Ошону издеди. Булактын көзүнө жакын жерде эле, көп убараланбай таап алды аны. Ордунда жатыптыр. Болгондо тегерегин чөп басып, жерге чөккөнгө агарып эки алакандай гана жери көрүнөт. Ага бут койбостон карап туруп калды. Эңкейип тиктеди. Издери жаткансып, ошону издеди үңүлө карап. Көрүнгөн жок эч кандай из. Таш тимирейет…

Бул ташты Медет өзү мал башын салып, же тепсеп булгабасын деп үстү арча бутактары менен жабылган булак көзүндөгү таштардын арасынан тандап ушерге көтөрүп келип койгон. Буларга нике кыйылган алгачкы түндө алып келип койгон. Ошонун үстүндө отуруп, а дегенде өзү жуунган береги булак суусунан жез кумганга куюп келип. Бир жагынан муздак, бир жагынан кандайдыр бир от ич жагынан бүткүл боюн жандырып чыгып келаткандай алоолонгон денесин жууркан ичине кийирип жатып, келиндикти мойнуна ала мемиреген колуктусунун оттой ысык бетине өзүнүн муздак эриндерин тийгизе жыттап өпкөн соң энтигип шыбыраган: «Мен жуунуп келдим. Эми бар. Жез кумганда суу толо. Анын жанында жалпак таш бар. Ошонун үстүнө отуруп жуун». Күйөөсүнүн бу сөзүнөн уялып кеткен Жаркынай «булт» этип төшөк ичине качып кеткен бойдон лаззатка мас болгон күйөөсүнүн бышылдап уктап киргенине көзү жеткенде гана жууркан этегинен акырын жылып чыгат. Медет айткан жерде жуунат. Ай тоо артынан тыктанып калган экен. Айыл жымжырт. Төбөсүнөн денесин жайпап, бут башына жылжыган ошондо булак суусунун жумшактыгы, тоо желинин алиги суу тамчыларын кургаткысы келгенсип сылап турганы, алыстан-алыстан ушул таш үстүнө коюлган мрамор эстеликтей аппак денени көрүп, ошого таңшып киргендей күкүк «көрүп койдук, көрүп койдук» – деп, тамашакөй теңтуштардай жымыңдашкан көк төшүндөгү жылдыздар, койчу ошол минуталарда көзгө урунуп, денеге сезилгендердин баары Жаркынайды кырк жылга жакын убактан бери коштой жүрчү. Ошол түн менен бүгүн ал дагы кездешти. Таш үстүнө чыгып отура кетти…

«Жанагы ташты эмнеге койдуңуз, жумшак шибер турса?» – деп эми күйөөсүнүн ысык көкүрөгүнө өзүнүн муздак бетин коё эркелегиси келген жарынын акырын узаткан суроосуна Медет ошондо минтип жооп берген. «Экөөбүздүн аруу сүйүүбүзгө, биринчи түнүбүзгө күбө болсун, эстелик болсун деп атайлап койдум аны. Дагы канча жолу ошол таштын үстүндө жуунар экенбиз? Ушуну унутпа, Жаркыным!» – деген, жакын арада аны менен коштошорун алдын ала сезгендей.

Ошол таштын үстүндө отурду Жаркынай. Жайлоонун кучагында, жаңы эле чыккан айдын шооласына киринип отурду…

Бүгүн да июнь айынын 11-түнү эле…

1974