“Жигердин” Бишкектеги поэзия күндөрү: Алгачкы күн жемиштүү өттү

Кыргыз Республикасынын Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы 2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” карата өлкө аймагындагы чыгармачылык бирикмелердин ишмердүүлүгүн жайылтуу, бардык таланттуу жаштардын башын бириктирүү, ырыс-ынтымакта иш жүргүзүү, өнөр адамдарын ар тараптан колдоп, өнөрүн өнүктүрүү, өөрчүтүү максатында Ош шаарындагы “Жигер” чыгармачылык борборунун жаш таланттарын 1-2-3-апрель күндөрү чакырып, поэзия күйөрмандарына жагымдуу маанай тартуулоо үчүн Бишкек шаарына чакырган.

Борбор калаага келген меймандар алгач Жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, орун басары К.Кадыракунов жана М.Абакиров, С.Акматбекова, М.Мамазаирва, А.Жакшылыков, М.Ааматов баштаган башкарма мүчөлөрү менен жолугуп, пикир алышты. Андан соң А.Осмоновдун үй музейине болуп, “Алыкул” борборунун жетекчиси П.Казыбаев музей менен кенен тааныштырып, маалымат берди. Иш-чаранын негизги өзөгү болгон поэзия кечеси Ж.Баласагын атындагы КУУда өтүп, ыр сүйүүчүлөрүнүн купулуна толду. Кеченин ачылышында сөз сүйлөгөн КРУЖС төрагасы Н.Калыбеков жана КУУнун мамлекеттик тил боюнча проректору С.Тиллебаев чыгармачыл жаштарга изги тилектерин арнады. Чыгармачылык байланыш түзүү максатында ыр кечеге Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларынын адабий клубдары дагы чакырылган.

Алдыда, тактап айтканда 2-апрелде саат 15:00дө “Жигер” чыгармачылык борборунун поэзия кечеси Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде болот.