Өзбекстандын Навои шаарында классикалык поэзия фестивалы болуп өттү

Өзбекстандын Навои шаарында классикалык поэзия фестивалы жана Түрк дүйнөсүнүн 100 томдук китебинин бет ачары болуп өттү.

Бул иш чара Өзбекстан жазуучулар уюшмасы, Өзбекстан маданият министрлиги, ТҮРКСОЙ уюму, түрк дүйнөсүнүн жазуучулар бирлиги тарабынан уюштурулду. Алгач ирет түрк тилинде чыгарма жараткан акын Алишер Навоиге арналган фестиваль анын эстелигине гүл коюу менен башталып, улуу акындын ырлары окулуп, чыгармачылыгы тууралуу баяндамалар жасалды.

Түркия, Кыргызстан, Казахстан, Башкортстан, Татарстан, Өзбекстан, Каракалпакстандан барган акындар өз тилдеринде ырларын окуп беришти.

Бул фестиваль менен катар түрк дүйнөсүнүн жазуучулар бирлигинин биринчи жыйыны да өтүп, уюштуруу, иш пландары талкууланды. Жыйында ТҮРКСОЙдун Генералдык секретары Султан Раевдин демилгеси менен түрк тилдүү акын -жазуучуларды колдоо максатында эл аралык Туран адабий сыйлыгы белгиленди. Ошондой эле Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар бирлигинин уставы жана адабий порталын ачуу маселеси талкууланды. Быйыл Бурсада, Шушада, Андижанда, Ысык-Көлдө ж.б. өтүүчү адабий фестивалдар тууралуу иш пландар бекитилди.