Талант жана тагдыр

КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, Жазуучулардын адабий фондунун жетекчиси, КР Эл акыны Ж.Саалаев, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, журналист Ө.Тиллебаев, акын, жазуучу Г.Орозматов, adabiyat.kg сайтынын башкы редактору Н.Маамытбаевдер жазуучу Мирзохалим Каримовдун ден соолугунан кабар алып, материалдык жардам көрсөтүп келди.

Узак убакыттан бери дарыланып жаткан жазуучуга дем берип, маанайын көтөрүп, аз да болсо маектешип кайттык. Жашы улуу болсо да Ж.Саалаев, Ө.Тиллебаев, А.Акималиевдер менен кезинде жатаканада бирге жашап, бирге окуган экен. Студенттик курагын кеп кылып, Ж.Саалаев “Талант жана тагдыр” деген ырын окуп берди.

Талант жана тагдыр

(Курсташым, белгилүү кыргыз-тажик жазуучусу М.Каримовго)

Каникулдан келиптир ал үйлөнүп,

Карап аны туруучубуз үйрөнүп.

Курсубуздун улуусу эле аксакал,

Туруучу эле акыл айтып, сүйлөнүп.

 

Кайткан жок ал биздин жатаканага,

Үстү-башы бүт жаңырып жана да –

Бүлөө күтүп чыгып кеткен батирге,

Биз суктанып турдук чыны, агага.

 

Тың, тарс жүрүп, күтүп дайым салабат,

Тыкан кийип, чачын сулуу таранат.

Биз да көнүп анын өзгөргөнүнө,

Анан кеттик күнүмдүккө каралап.

 

Окуу бүтүп анан биз да үйлөндүк,

Ар кимибиз ар жерде иштеп, түрлөндүк.

Агабызды бизден мурда үйлөнгөн,

Аман-эсен бир топ жыл соң бир көрдүк.

 

Эмнегедир агам жүдөп калыптыр,

Турмуш аны көп түйшүккө салыптыр.

Тилдүү чыгып, долу чыгып жеңебиз,

Тирлик жүрбөй ажырашып алыптыр.

 

Жазуучунун кайдан болсун байлыгы,

Калем акы жок, жетишпейт а айлыгы.

Алганына, балдарына сөзү өтпөй,

Тагдыр анын канаттарын кайрыды.

 

Акын журту, журналисттер, башкалар,

Андай жашоо баарыбыздын башта бар.

Мен мугалим болуп кетип ЖОЖдорго,

Эки-үч жерде иштеп, бир аз акча бар.

 

Өткөөл мезгил, эптеп жанды багышып,

Кээ бирөөлөр ажырашып, табышып.

Таланттарды тагдыр катуу сынады,

Жазуучулар каралбастан калышып.

 

Агам дагы эки аял кетирип,

Үй-жайы жок, элден окчун бекинип.

Кайран талант, анан ойлойм түшүнбөй,

Алыкулду чангандарды жекирип.

 

Кайран союз тарых болду алыстап,

Калем акы менен баарын багышмак.

Андай көйгөй жок эле го, Чыңгызда,

Айтматовдун аялдары табышмак…

 

Көрсө кептин баары эмес талантта,

Кеп мында экен: аялы ага жарашса.

Келмем ооздон түшүп, кеттим чалкаман –

Кезек мага келген кезде заматта.

 

Шаарым кыйрап алтымышка келгенде,

Түшкө кирген эмес болуш шерменде.

Кырк жыл чогуу жашап келген аялым,

Кырк күн күтпөй ажырашам дегенде.

 

Астын-үстүн болуп жер, суу заматта,

Барарымды билбей кайсы тарапка.

Дейди болуп, дербиш болуп кетерде,

Дем күч берип, сактап калды жараткан.

 

Мен ошондо агатайым, түшүндүм,

Заматта эле бүлүнүшү бүтүндүн

тура көрсө, ыйман берсин, ырк берсин,

Жараткандан жакшылыкты күтүнгүн.

 

Күн түшүрбө Кудай, баркың билбеске,

Айтматов да ажырашкан бир кезде –

деп сооротуп коем, өзүм-өзүмдү,

Эмне жетпейт Путин менен Билл Гейтске?

 

Качып кутула албайсың дейт тагдырдан,

Кайсыл күнү жаңылдарган, жаздырган.

Сакта кудай, жаман көздөн, сөздөрдөн,

Жана шайтан-шабырлардан, азгырган.

 

Канча сонун тилектери бар эле,

Үмүт үзбөйт андан агам дагы эле.

Азыр кесел, шишип ооруканада,

Үнүн угуп, сүйлөштүм мен жаңы эле.

 

“Же үйдөн жок, же чүйдөн жок”, кыйналып,

Жүргөн жандын убалын биз туйбадык.

Көтөрө албай Кудай берген ырысты,

Кесел кылып, бир-бирибиз кыйнадык.

 

Кечир Кудай, көп күнөөбүз азайып,

Биз жашайлы арууланып, тазарып.

Тагдырлардын тайкы жагын оңдой көр,

Курсташ агам кетсин ылдам сакайып.

М.Каримовго учурда операция жасатуу керек экендиги айтылды. Узак жылдар темир вагондо жашап, суук тийген. Жылуу, жайлуу, шарты бар үйдө каралбаса абалы оор. Ал азыр инисинин үйүндө жашап жатат. Мамлекет тарабынан көңүл бөлүнүп, үй берилип калса деген тилеги бар. Көп жылдардан бери кайрылып, үй ала албай келгенин айтты. Акын, журналист Ө.Тиллебаев Фейсбук баракчасы аркылуу жазуучуга үй берүү керектиги тууралуу кайрылуу кылганын угуп, ушул иштин соңуна чыгышын өтүндү.

Буга чейин жазуучу жашап жаткан аймактын жетекчиси, акын Мирлан Алтымыш уулу ал абалын сурап барып, элге кайрылуу кылып, каражат чогултуп, жардам кылган. Кыргыз элине, пейилине ыраазычылыгын билдирип, ырахматын айтты.

КР Улуттук жазуучулар союзунун жана адабий фонддун атынан 30 000 сом берилди. Калемгерлер дагы да болсо жазуучунун эсебине каражат которушууда.

Мирзохалим Каримовдун тезирээк сакайып кетишин тилек кылып, жакшы күндөрдө жолугушууну ниет кылып кайттык. Жаратканым жазуучунун дартына даба берип, өмүрүн узун кылсын!