Айдарбек Сарманбетов: Сетер

Сетер Адан кажылдаган катуу үндөн капыс ойгонуп кетти. Атасы менен апасы  таң азандан адатынча бири-бирин кажыша башташкан экен. Күнүгө ушул. Көкөйгө көк талкандай тийип бүттү. Мына, бүгүн да атасы күңкүлдөп актанып, энеси албууттанып жатыптыр: -Өлүкканаңды көрөйүндөр! Деги бу, иттин турмушунан качан кутулар экемин? Таң азандан талпылдап оокат-оокат деп жүрүп өлүп кетмей болдум. Качан бир элчилеп жашайбыз? Же күйөөң адамдай болсо эмне, оозунан алдыргансып, өлдүрөп… өлүү-тирүүң баары бир. Колунан котон иш келбейт! Баары очор-бачар үй-жайлуу болушту, машинада чалкалашат бири калбай… Менин эмнем кем экен, алардын аялдарынан? Институтту деле бүткөм, жалаң балдар, оокат деп толугу менен…..