«Сен кимсиң, аялзат?» сынагы жарыяланды

Урматтуу журналисттер, публицисттер жана жалпы эле калемгерлер! «Коом жана Мен»сайты «Сен кимсиң, аялзат?» деген тема алдында мыкты публицистикалык чыгармалар жана журналистикалык иликтөөлөр боюнча конкурс жарыялайт. Үйбүлөнүн куту Аялзат, Эне, Жар деген эмне? Анын социалдык турмуштагы башкы ролу эмнеде? Эмнеге бүгүн турмуштун эң оор жүгүн Эне мойнуна артып таштадык?  Буга эмне себеп?.. Бул туурасында конкурстун жобосун жана жалпы байге фондун жакынкы күндөрдө жарыялайбыз. Аталган конкурстун жыйынтыгы 2017-жылдын 8-Март аялдардын Эларалык майрамы күнү чыгарылат. Чамдай бериңиздер! Конкурска жарыяланар эмгектериңиздерди камдай бериңиздер! Аялзатына жүрөгүңүздөрдү арнай бериңиздер! Эскертүү: конкурска жөнөтүлгөн публицистикалык макалалар буга чейин эч толугу менен…..