Арууке Нурбекова: Салижан Жигитовдун “Жаңырык” ыр жыйнагына адабий сереп

Салижан Жигитовдун ырлары азыркы жаштардын көзү менен Салижан Жигитовдун “Жаңырык” ыр жыйнагына адабий сереп Алым Токтомушев кезинде мындай деген экен: “Сакенин ушул сакадай бою сары алтын жыйнагына бетачар жазам деген ой үч уктасам түшүмө кирген эмес. Башка бирөөлөр жазат деп элестетпегем да. Негедир а киши башкаларга гана жазса жарашчудай сезип алыпмын”. Анын сыңарындай, адабият дүйнөсү менен жаңы гана таанышып келе жаткан 4-курстун студенти үчүн бүтүндөй түрк адабият аренасына өзүнүн кылган ишинин майын чыгарган профессионал адабиятчы, сөзмөр, чындыкты так кесе сүйлөгөн реалист, юморист, акын жана жазуучу, драматург, чебер котормочу, кошоматы жок толугу менен…..