Юкио Мисима: Улуу урматтуу Аои

Но [1] театр стилиндеги пьеса Катышуучулар: Ясуко Рокудзё – аял; Хикару Вакабаяси – аябай келишимдүү сулуу эркек; Аои – Хикарунун аялы; Медайым.             Түн. Ооруканадагы палата. Көшөгөнүн эң төрүндө Аоинин керебети жайкашкан. Сол тараптагы чоң терезенин пардасы тартылып коюлган. Эшик көшөгөнүн оң тарабында. Аои уктап жатат. Хикару: (Палатага медайымдын коштоосунда плащчан кирип келет. Сумкасын жерге таштап, медайымга кайрылат.) Уктап калдыбы? Медайым: Ии, ооба. Бөбөк сыңар терең уйкуга кетиптир бечара. Хикару: Бир аз катуу сүйлөсөм болобу? Медайым: Болот, бирок өтө катуу эмес. Ага уйку дары берилген. Хикару: (Керебетке жакын келип, уктап толугу менен…..