Кыялбек Урманбетов: Асылды табамын деп алтын издеп, Асылды жоготобуз өмүр деген

Кечиктим Таңшыган булбул белең бутагымда, Талпынам кучагыман учарыңда. Карааның карегимен үзүлсө да, Элесиң кала берет кучагымда. Сен жакка агылармын дагы далай. Өзүмдү ташып бүтпөйм дарыядай. Көзүңчө жаш баладай жайнасам да, Өзүмчө ойго чөгөм карыядай. Билемин, менсиз деле арманың көп, Астыртан аяр карап зарладым көп. Сөз менен жалынычым айтпасам да, Көз менен айтып келем “ардагым” деп. Кербендер өтүп кетти, кайрый албайм, кечиктим, кантип анан кайгыланбайм. Өзүңөн өмүр бою айрылсам да, Ойлордон сен жөнүндө айрылалбайм… Өмүрзар Жашайбыз бала күтүп, кайрым тилеп, Жашайбыз жаралгандан кайгы-муң жеп. Жан барда арман жоктой гүлдөйлүчү, Жашайбыз дагы толугу менен…..