Таалай Нуркемел: Өрттөй кызыл гүл каптаган тоолорго, Мен тагдырдын байлап койгом жарымын

Жоголгон муундар * * * Караңгыдан жол издеген адаммын, Күндүз колго кармап алган чырагым. Сени узатып үйдөн жолго чыкканда, Карап турдум үзүлгөнчө карааның. Kарап турдум бактыбызды жолдогу, Оор өңдөнөт кара сумкаң колдогу. Турмуш кандай, сүйүү кандай деп, Сенде да бар нечен санаа, толгонуу.   * * * …Бир өмүрдө күткөн жалгыз тагдырды, Жолуктурду кармап алтын балыкты. Көз жаштарың мончок болуп төгүлүп. Ошондо бир баркың билбей калыпмын. Толкун урган аңтарылган кайыкмын. Эми биздин чексиз махабаттар деп, Чексиз терең сырлар менен алыштым.   * * * Дал ушундай жылдыздуу түн кечте мен, толугу менен…..