Эгерде күлкү сатылса Эгерде күлкү сатылса, Сараңдар дайым түнт жүрмөк. «Бекерге акчам кетти» – деп, Беш мүнөт сайын үшкүрмөк. Эгерде күлкү сатылса, Билишпей эмне кыларды. «Белек кылып бербейт» – деп, Ач көздөр тартмак убайды. Эгерде күлкү сатылса, Ажаандар бизди урушмак. «Нанбы, – деп, – күлкүң жегидей?» Намыска тийип турушмак. Эгерде күлкү сатылса, Капчыкты кагып кош колдоп. Азыркы тартыш маалда, Алуучусу жок болмок. «Кабагын ачып жүрсүн» – деп, «Каткырып бир аз күлсүн» – деп. Бюрократка тултуйган, Бекер берчү күлкүм көп. Мурч кошуп берем сараңга, Туз кошуп толугу менен…..