Сардарбек Рыскулов: Көкүмбай, Курмандын чатагы

Көкүмбай, Курмандын чатагы Бир жылы шайлоодо болуштук мансапты талаша кетишип Көкүмбай менен Курмандын эли эки тарап болушуп чабышып калды. Бир тарабында Көкүмбай, экинчи тарабында Курман. Чатактын аягы эр өлүмүнө чейин барды. Көкүмбайдан бир, Курман жагынан үч киши өлдү. Көкүмбай чоңдук кылып Курмандан үч киши өлгөнүнө карабай бир кишиси үчүн кун кестирип ала турган болду. Курмандын айласы кетти. Айласы кеткени, Шабдан Көкүмбай менен таяке-жээн эле. Ошондуктан Курман Шабдан Көкүмбай тарапка оойт деп ойлоду. Тынчы кеткен Курман ар кайсы элден акылман кишилерге жолугуп, мунун акылын ким табар экен деп далбас уруп жүрдү. толугу менен…..