Акын Жыпар Акунова дүйнөдөн кайтты

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын Жыпар Акунова дүйнөдөн кайтты. Акын Жыпар Акунова 1958-жылы 17-июнда Нарын облусунун Тянь-Шань районундагы 8-март айылында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы улуттук университеттин) филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. Эмгек жолун “Ленинчил жаш” гезитинде кабарчылыктан баштап, бир катар облустук жана республикалык басылмаларда эмгектенген. Ошону менен катар “Мектеп” басмасынын көркөм редакциясында кенже редактор, Ош облусунун губернаторунун жана Ош шаарынын мэринин басма сөз катчысы болгон. КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. Кыргыз Республикасынын “Ардак грамотасы” менен сыйланган. “Шок жылдыз” (1985), “ толугу менен…..