Султан Раев: “Мен дүйнөнү да, адамды да таанып билдим деген күнү өз жаназаңды өзүң окуйсуң”

Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Султан Раев:   “Мен дүйнөнү да, адамды да таанып билдим деген күнү өз жаназаңды өзүң окуйсуң” -Сиздин алгачкы чыгармаңыз “Күн кармаган бала” жөнүндө собол таштайын дедим эле… Чыгарма 1985-жылы жарык көргөн экен. Сиз бул атактуу чыгарманы жаратканга чейин кандай адабий даярдыктан өткөнсүз, кантип такшалгансыз, кимдерди окугансыз, кайсы улуу жазуучулардын мектебинен өткөнсүз? -Ошол мезгилдин биз курактагы “мадыра баш жазуучуларына” дүйнөлүк классиктерден кийин эле, Айтматов, Жусубалиев, Гапаров өзгөчө кумир эле. Алардын таасиринде калып, аларды туурап жазган учурларыбыз да болду. Бир кызыктуу окуяны эске толугу менен…..