Дархан Кыдырали: Үй

Үй (аңгеме) Кызуу жүргөн курулуш күздүн соңунда аяктап калды. Апасы айткан боюнча эски тамдын сынык жыгачына тийген жок. Калганынын бардыгын жаңылап, бышкан кызыл кирпичтен тизип, бийиктетип салды. Айланадан башкача көзгө көрүнүп, бой көтөрүп койкоюп тургансып имарат Көксуудагы эң кооз үйлөрдүн катарына кошулду. Күн-түн дебей эмгектенген Досбол жаңы конушка кирүүгө камынып жатканда күтүүсүздөн көңүл чөктүргөн окуяга туш болду. Жаңы үйгө көчүүгө камданып, буюмдарын жыйнаштыра баштаганда апасы: -Менин буюмдарым ушул жакта эле кала берсин,-дегенде Досбол чок басып алгандай чочуй түштү: -Кандайча? Сиз ошондо?…. -Ооба. Мен ушул үйдө эле кала берейин. -Жеңе! -Эч толугу менен…..