Сыйлык – жалкы, сыймык – жалпы

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө карата 2019-жылдын 29-августунда  «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Мамлекеттик сыйлыкка ээ болгондордун катарын Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунун мүчөлөрү дагы толуктады. Атай кетсек, III даражадагы “Манас” ордени менен акын, котормочу Алымбеков Надырбек, “Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу” ардактуу наамы менен жазуучу Жусубалиев Кубатбек, “Кыргыз Республикасынын эл акыны” ардактуу наамы менен акын Бакиров Карбалас, акын, “Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзу” коомдук бирикмесинин Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн төрагасы Эгембердиев Абдыжапар Бекбосунович, “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардактуу наамы менен акын Абдалова Фатима Садыковна, акын, обончу Акбаров Атантай, драматург Калчабаева Бурул Макыповна, акын, сатирачы Рысбаев Жолочу Султанович, адабиятчы, жазуучу Пазылов Абибилла сыйланды.

Жазуучулар союзунун жетекчилиги сыйлык ээлерин куттуктоо менен бирге, чыгармачылык ийгиликтерди каалайт!