Суад Аль-Кувари: Буттарымды сууруп алып баткактан, Көзүм түштү көк тиреген үйлөргө

Суад Аль-Кувари

(Катар)

Суад Аль-Кувари – Чилиде жайгашкан Эл аралык акындар кыймылы тарабынан (WPM) “өз өлкөсүнүн поэзия элчиси” эсептелген он сегиз араб акыны жана беш континенттин 3500 акыны менен тең катар, араб поэзиясынын элчиси” делип, Ортоңку Чыгыштагы Катар өлкөсүнүн атынан тандалган улуттук координатор.

Төмөнкү ырлар жыйнагы, көптөгөн тилдерге которулган: “Бул менин жан-дүйнөм эмес”, “Чөл мурасчысы”, “Кылымды издеп”, “Ачылган жаңы эшик”, “Тоолордун ханышасы”, “Поэтикалык тандалмалар жыйнагы”.

Көптөгөн эл аралык адабий фестивалдарга катышкан: Доха Маданий фестивалы, Оман Султанатында Аль-Ханса фестивалы, Персия булуңунда Шарджи менен Абу-Даби Маданият айы, Судан Беджравия Фестивалы, Парижде Араб дүйнөсү Институтунун «Поэзия Жазы» фестивалы, Швейцарияда Аль-Мутанабби фестивалы, Колумбиянын Маданий фестивалы, ж.б.

***

Буттарымды сууруп алып баткактан

Көзүм түштү көк тиреген үйлөргө,

Булуттарга, поюздарга, шамал менен жарышкан.

Бир ураанга башын кошту бул Дүйнө,

Глобалдык желбиреди желек сымал төбөмдө,

Мен көйнөктөй кенен-чонон кийип алдым үстүмө.

 

***

О, кайрымдуу адамдар, кармаш бүттү,

бири жеңди, бири жеңилди.

Ачкыла Күн киргизип үйүңөрдү,

куугунтук дубалынын ар жагынан

сезгич жүрөк угууда муңдуу үндү,

эми аз-аздан кутул арызчылдыктан,

мегаполис кымгуутуна, шарына аралашкан.

 

***

Айтпайм, күтүп турам,

урап түшкөнчө акыркы храм,

ооз ачпайм.

Кайсы акылмандыкка ишенмек элек биз?

Эң акыркы дарбазабыз – Күтүүбүз.

Оор каргыш калчылдатып чайпайт үстүдөн,

тарыхка сүңгүбөйм.

Тарыхчылар талаасы, брокерлер флоту биргелешкен

көрүп турам келечекти

чындыктын өлүгүн сүйрөгөн,

дагы укмуш окуяларды күткөн.

 

***

Ыйык – бул соккулар,

күлкүбүз да айласыз чыгар,

көз ачып-жумганча колдон учурган,

талкаланган кыялдар,

эскерүүлөр…

Биз эми, ийгилик көгүчкөндөрү

ар башка орбитага кубалаган жандар, –

бирге өткөргөн түндөр да жамай албастар,

жык-жыймалуу бир да кафе-бар,

эч бир көз жаштар,

бир азга да кайрый албастар…

 

***

Эми бизде эмне калды?

Бардык иштер жартыланды,

жылмаюнун жармы калды,

шаарыбыз да жарымдалды,

жалгыздыгыбыз да жарты,

жанчылган дене эски буюмдай

чарчаңкы чемодандын үстүнө кулай,

куулган ден, берки денден жылат жай.

Ач санаалар жабалактап көнүшкөн,

курчаган алгачкы бир жаман түштөй,

үн салып коюу түндүн үкүсүндөй,

мээ баңги

калчылдап, иштөөдө жай,

ай астында эзелки.

О, бүттү баары, кеткилечи,

жүрөктүн актыгы,

караңгылык элестери.

Муң сактыктын бомбасынан от алып,

жаркыроодо кулактарды түймөлөй,

кыялкеч көгүш көздөр

түшүүдө сандыкка күүлүп күлдөй,

түбөлүктүн муңу ороодо,

чынжырлап жанды бүтүндөй.

 

***

Отурамын кулап түшкөн уядан

кичинекей балапандын жанында,

кандайдыр бир, бир жайда.

Шамал күүйт дарактарды,

а дарактар тоготпойт.

Кең бакчаны бороон тонойт.

Таң кенебейт,

ойгонууну көңүл эңсейт.

Кайсы жээкке казыгыңды кагасың,

о, кыялым? О чыдамым!..

 

***

Жарым кыйгач, аягына чейин өмүр сыягы.

Ким билет?

Ай бетинде, же жараңка турабы,

же сымаптай чычкандарды Жер тууп,

же дарактар кулады,

а жылдыздар чөйчөгүнө күүлүп талаанын,

балким бороон кычады.

Балким кайгы дайрасында

жүрөк гүлү ачылды,

мүмкүн коюу кара түн да

жолум ачып,

бир аз бакыт, же ийгилик сунабы.

Которгон: Алтынай Темирова, акын, драматург, котормочу