Т.Шайдуллаеванын “Балакана” аттуу китеби жарык көрдү

Жазуучу, публицист Топчугүл Шайдуллаеванын “Балакана” аттуу китеби жарык көрдү. Жашоо-турмушубуздун түркүн түс көрүнүштөрүн чебер сүрөттөгөн реалист жазуучунун “Турар” басмасынан 1000 нускада басылып чыккан бул китебине  кийинки мезгилде жазылган аңгемелери киргизилген.

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын академиги, профессор, адабиятчы Осмонакун Ибраимов: “Т.Шайдуллаеванын аңгемелери – прозадагы лирикалар, биздин элеттен келген элестер. Жөн эле элестер эмес, эстен кеткис элестер. Дээрлик бардык аңгемелер негизинен бир эле айылдын – “Мөлтүр-Булак” аттуу чакан айылдын эли-журтунун турмушунан алынса да, бул китеп – дагы баса белгилегим келет – азыркы кыргыз элетинин көркөм элестери, ар кимге эле байкала бербеген маанилүү эпизоддору” деп белгилегендей, бул китептен биздин замандын кишилеринин Т.Шайдуллаева тарткан таасын элестерин, бейнелерин (О.Ибраимов) окуп ырахат алыңыздар.

Китеп жалпы окурмандарга арналат, сатып алууну каалагандар автор менен байланышыңыздар.