Максуда Ормонова: Кара-Дөбөнүн гүлдөрү

Кара-Дөбөнүн гүлдөрү

Эмнегедир баары мени карашкансыйт. Кимден уялып баратканымды да билбейм… Алар мындай тыкан, мындай чакан гүлдестени өмүрү көрүшпөгөндөй… Билип турам, гүлдестенин жарашканын. Кимге деп ойлоорсуз? Албетте, мага да, мага жарашты. Тим эле сонун жарашты. Күзгүдөн улам-улам каранып, анан… анан, бул… чачымдагы ичке шайы боону, китебимдин ичинен таап чыкпадымбы. Агыш-пушту түстөгү шайы боо, гүлдестемдин гүлдөрүнө түспөлдөш болуп калды. Жеңеме келген белектин байламы болчу. 8-Мартта агам алып келбеди беле. Шайы боо текчеде туруп эле калган. Ыргытылып кетпесин деп тегиздеп, тарых китебимдин ортосуна салып койгон элем. Ошол бойдон туруптур. Тептегиз, тегизделип калыптыр. Дагы жакшы, ушул китепке салган экем аны. Тарых сабагы жумасына бир эле жолу окутулат. Жоголбогону пайда болду.

Апам ай, апам!.. Жарыгым менин!.. Таң атпай тиги Кара-Дөбөдөн ушул керемет гүлдөрдү мага терип келиптир…

ХХХ

Апамдын көлөчүн чечип жаткан шыбыртын сездим. Чачымды өрүп олтургам. Ордуман ыргып турдум да эшиктен кирип келген апамды утурлай бастым. “Ата-эне сырттан келгенде балдардын ордунан тура калганы жакшы адеп” деген, апамдын айткандарын мен өзүмө милдет катары кабыл алчумун…

-Апоо! Сиз кайдан?.. Сизди таппай калбадымбы!.. Сизди сууга кеткенби деп, дайрага да барып келдим…

-Мына кызым, сенин акыркы коңгурооңо гүл терип келдим! Кара-Дөбөнүн куду өзүнөн апкелдим.

Апам гүл оролгон кемселин алдыма жая койду.

-Мына, гүлбү!.. Караңгыда колума тийгенин тере бердим.

-Ай-иий!.. Апоо!..

Түркүн гүлдөрдү карап селейдим да калдым. Колумду кайсынысына сунушумду билбейм. Ак, кызыл, пушту, мала кызыл, сыя гүлдөр эле. Кийик оттун күлгүн түстөгү гүлдөрүнөн да бар. Анан да, мен бала кезден жактырчу, момпосуй жыттанган сары гүл бар экен. Аны биз токоч гүл деп атаар элек. Үйдүн ичин заматта жайлоонун жыты каптап калды.

-Жактыбы кызым? Ушуларды алып барсаң болобу?..

Апам экөөбүз бири-бирибизди тиктей калдык. Апамдын маңдайы тер эле. Суу болгон жоолугун өйдө көтөрүп койду. Кубаныч чайган жүзүнөн кабатырлыктын да учкунун көрдүм. Көйнөгүн желпилдетип, шамалдап алды.

-Апоо! Апоо! Жакпагандачы!.. Таң атпай эмнеге убара болдуңуз?!

Апамдын кыйналганын көрүп жаным кейип, кучактап калдым. Баарыбыз гүл алып барышыбыз керек дегениме, апам байкуш түнү менен ойлонуп чыккан тура. Гүл сатып албаган жалгыз мен эмес, Анара, Ширин, Сымбат, Бакыт менен Кадыр да бар. Биз, тиги шахта кеңсесинин алдындагы ачылган гүлдөрдөн алабыз деп сүйлөшкөн элек. Кадырдын апасы ал жерде ашпоз эмеспи. Мага да ала келишмек. Апама айткан болчумун. Апам ай, апам!..

Досторум жолдо күтүп турушкан экен. Аларды көрүп кубанып кеттим. Мектепке жалгыз кире алмак эмесмин. Кызык… мага эмне болду?..

Кыздардын чачтарына кар жаагандай аппак, кардай аппак.

-Ай-иий! Таппаганың жок ээ!

Ширин агыш-пушту түстөгү шайы боо кошо байланган ак бантигиме тигиле карады. Анан баары жабыла колумдагы гүлдестеге сук артышты.

-Гүлдү кайдан алдың? Ушундай гүлдесте бар бекен ээ?

-Ой-оой, манабу гүлгө… өлөм азыр!..

Сымбат гүлдестемди жыттап, момпосуй жыттанган сары гүлдү кармалап калды.

-Жыты укмуш тура! Мм…мм…

-Кана, кана… мен да жыттайынчы!

-Жылгылачы! Ой, жылсаңар бир аз, мен да көрөйүн! Мен да жыттайын! -Анара четтен үн катты.

-Чика, Анарадан абайла! Абайла Анарадан, гүлдүн жыты калбай калат!

Ширин безилдеп жиберди. Баарыбыз кыраан-каткы күлкүгө баттык. Анара барбайган мурдун созо кыздарды четке сүрүп, туура мага бет алды.

-Акырын! Акырын, ай! Ушу, ушу сен жыттабай эле койсоң экен, чоңмурун!

Анара гүлдестени жыттамак турсун жеп коё жазды.

Гүлдестеми корголоп, кучагыма катып турдум.

Мектептин алдында жык-жыйма эл. Окуучулар, агай-эжекелер, ата-энелер, анан да атайын чакырылгандар. Биз тобубуз менен өз классыбызга кирип кеттик. Эжекебиз көрүнбөйт да… Гүлсүз эч ким келбептир.

-Чика! Чика, ме гүлүңдү!

Кадыр узун сабактуу атыр гүлдөрдү сунуп, маңдайымда турду. Шашкан го, жуула берип сүзүлүп калган ак көйнөгүнүн сол жеңи тасмалданбай келиптир. Апасы жумушта, өзү эптеген го.

-Рахмат, досум! Дос деген сендей болсо!..

-Силерге гүл алам деп колдорум иттей тытылды. Жайы менен чөп чапсам да мындай канталачу эмес. Мына, карачы… карачы! Өлдү бир жолу!

Кадыр тикен тыткан колдорун көрсөтүп жатып ток ургандай менин колумдагы гүлдестени көрүп, катып калды.

-Түшүнбөдүм… Бул гүл кайдан келди?..

-Кара-Дөбөнүн гүлдөрү. Апам эртелеп терип келиптир.

-Ой-оой, ооба, тоо гүлдөрү экен! Укмуш ай! Тегеректи бүтүндөй каптаган жыт, ушул гүлдөрдүн жыты турбайбы!

Гүлдестемди кучактап, кайрадан курчоодо калдым.

-Гүлдүн жыты, жайлоонун жыты! Мас болдум, мас болдум!

Улар темтеңдей басып бараткан. Эшиктен эжекебиз да кирип келди.

-Улар!Эмне болду сага?

Улар какайып түздөлө калды.

-Аа, оо… тиги… Чика! Чика да, эжеке! Баарыбызды мас кылбадыбы…

Эжеке дайымкысындай жылмайып карап турду. Асман көк күрмөсү эжекеме куп жарашыптыр. Мойнуна таккан бир байлам, апакай, үлбүрөгөн жука жоолугунда бирин-серин майда, ачсары гүлдөр бар экен. Сулуу жүзү жылдыздай жанып турду. Ичим тызылдап кетти. Алдыдагы жашоомдо эжекемдей мугалим дагы болор бекен?..

-Бийиңер, ырыңар даяр?..

-Ии эжеке, түнү менен уктабай даярдандык!

-Таманыбыз тешилгенче бийледик!

-Азаматтар! Антпесеңер болчу беле! Бул күндүн кадырына кийин жетесиңер…

-Азыр деле жетип турабыз, эжеке!-деди Улан аптыга.

-Ооба, сөзүң менен жете бересиң!.. Бирок, бүгүнкү күн эртең гана бааланат! Бааланса…

Эжеке булактай шыңгыраган үнү менен бизге эле эмес өзүнө да суроо таштап койгондой болду. Ушул сөзүн айтты да, баарыбызды тегерете карап, узун кирпиктүү карагат көздөрүн балбылдатып, ирмеп-ирмеп алды.

Гүлдөрдү парталарыбыздын үстүнө коюп, эжекебиздин дагы эмнени айтаарын күтүп турдук. Чолпонай эжеке-кыргыз тил мугалимибиз. Бизди бешинчи класстан бери окутат. Сабактагы темадан сырткары аз кеп курат. Кем сөз. Бирок, ар бир айткан сөзүндө тоодой салмак бар. Сөз деп эле сүйлөй бербеген жан. Үнүн көтөрчү эмес. Ошол себептен кыргыз тил сабагында абдан тынч олтурар элек. Эжекенин ар бир сөзүн уксак дечүбүз.

-Эл алдына чыкканда ырдай албай калсам сен күнөөлүү болосуң, Чика!

Улар жаныма келип олтурду. Экөөбүз бирге олтурчубуз.

-Мүмкүн, мастыкта дагы да жакшыраак ырдаарсың?..

Экөөбүз күңкүлдөп Чолпонай эжекенин жаныбызга келип калганын да байкабай калыппыз.

-Чынара, гүлдөрүң кооз экен…

-Аа… ооба, эжеке! Бул сизге болчу!..

Мен шашып, чакан гүлдестемди эжекеме суна койдум. Эжекемдин көздөрү күлүп, гүлдөрдү карап турду. Гүлдестени алганга шашпады. Эки колун тизесине коюп, бир аз эңилип таңыркай да, суктана да гүлдөргө тигилди. Чынында, эжекеме Кадыр алып келген гүлдү берем деп тургам.

-Тоо гүлдөрү!.. Мени чоңойткон ушул гүлдөр болчу!

Эжеке бизди унутуп, балалыгына кетип калгандай болду.

-Апам Кара-Дөбөдөн терип келиптир, мага айтпай эртелеп тоого чыгып кеткен экен…

“Энелерди сыйлаш керек” дей берчү эжекеме актанып жибердим.

-Майрам алдындагы мыкты белек болду, Чынара! Эжеге рахмат! Менин кубанганымды айтып кой, ээ.

Эжекем эки колдоп колумдагы гүлдестени колуна алды да жыттап-жыттап өз ордуна баратты. Кыр ашып келген эжекемдин бөтөндү бөйрөккө тепчү элет азабын тартып, турмуштун тегирменинде ун болуп күбүлүп жүргөнүн бир топ жылдан кийин билдим. Эжекемдин каректерине чөгүп кетүүгө болчудай сезиле берчү. Көп нерсени билчү эмес экенбиз.

Кадыр алып келген гүлдү кармап, досторум менен бирге мектеп алдындагы майрамдык жыйынга чыктык. Чыга бериште пол жууган Мөөркан эже туруптур. Эже да бүгүн жасадак. Күрөң көйнөгүнүн ток кызыл гүлдөрүнө мастап, ыраңы кочкул-кызыл жоолук салыныптыр. Жоолугун эмне мынча чысырата байлаган, эки көзү эки жакка сүзүлүп, тостойуп турат.

-Уй кыз! Кана гүлүң! Кана баягы гүлүң?!

Тастая карап турган Мөөркан эже жанынан өтүп баратканымда сөөмөйү менен сол капталыма сайып жиберди.

-Саламатсызбы! Ал гүлдү Чолпонай эжекеме бердим!

-Чогулуш бүткөндө бервей бедең!

Сүйлөнгөн бойдон калды. Ушул эжеге таң кала берем. Тумшугун тыкпаган жер жок. Мектептеги чоң-кичине жаңылыктын баары эженин кулагы аркылуу өтөт. Анан да себеби жок кыйкыра бергени жаман. Тиги, тиги… ошонун… жакшы көрөрүн кайдан угуп калган экен. Мени көрсө эле кеби даяр.

-Ыы…жасанып-п-п!.. Онун апасы… оо!.. Сендейлерди ийнеге сайып, тамекидей тизип коёт!.. Ы-ы!..

Пол жууган таягы менен кимди болбосун чаап жиберчүдөй сезилчү. Сестене берчүмүн. Өзү да зоңкойгон чоң аял. Акылы боюна тарап кеткендей. Мектепти титиреткен эле ушул эженин чарылдаган үнү. Кайдан көрбө баж-баж сүйлөгөнү сүйлөгөн. Мындай кишилердин оозун жапсаң, кулагы сүйлөп кетээр… Кызык…

-Чика!.. Тигине… маңдайыбызга келди.

Оң капталымдагы Ширин шыбырап, тиги тушту кара деп ымдады. А мен кантип карайт элем. Айтпай турса бир жөн эле. Ансыз деле… ансыз деле көз кырыман издеп жатпаймбы. Куттуктоо сөзүн сүйлөп жаткандарга карап туруп калдым. Башымды сол тарабыма бура албай катыйм. Бурулсам эле аны менен тиктеше калаарым шексиз. Мм… мм… көргүм келип жатпайбы… Жер карап туруп калдым. Анын сүйкүм элеси мени арбаганы арбаган. Эмне мынча жакшынакай!..

Бүгүн күн ачык. Асманда кылайган бир булут жок. Жызыраган Күндүн астында кечебиз өтүп жатты. Кезеги менен ыр-бий, кала берсе, кээ бирлердин өз калемине таандык ыр саптары да окулду. Азыркы киши микрофонго алымсынбай кекиртегин кыра кыйкырып, алкынып-булкунуп, узундан-узун ыр сабын окуду дейсиң… Тажаганыбыздан шатырата кол чапсак да өзүнүкүн бербеген “коногубуз”, алты бет ырын окуп, бүтүрүп жиберди. Биз го мейли чыдадык. Курсагы челектей киши экен, өзү сызгырылып калбадыбы.

Мына, биздин ырчы жигитибиз Уларга да кезек келди. Мектебибиздин булбулу аталган Улар микрофонду колуна алып:

-Баарыңыздарды бийге чакырам,-деди.

Улар ырдап баштай элек, аны дүркүрөгөн кол чабуулар коштоду. Улардын ырын баарыбыз күтүп жаткан элек. Жеңил бийге бийлегени эки-экиден чыгып, орто толду. Четтегилер суюла түштүк. Кырк жылдыгын белгилеген бүтүрүүчүлөр, тим эле бири калбай ортого бийге чыгышпадыбы.

-Ээ, буларың бизди чаңда калтырчудай!.. Тытынгандарын көр, ээ!

-Айтпа, зарналары кайнайтго! Жеңил бийге ушунча!..

-Оозун ачкан эле биз окшойбуз…

-Биз кечинде бийлейбиз. Энергияны үнөмдөш керек. Туурабы?..

Бакыт ордунда бийлегенче күбүр-шыбыр болуп жаткан кыздарга жакындап, анан, Улардын ырына кошула ырдап да жиберди.

-Силер бийлебейсиңерби?-Чолпонай эжеке жаныбызга келди.

-Ээ, эжеке, карасаңыз, кантип бийлейбиз. Мындай топтун ичинде тикеге секирип эле бийлебесең, жан жакка кыймылдап болбойт.

Бакыт баарыбызды күлдүрдү.

Көрдүм. Ал бийлеп жатыптыр. Азиза классташы менен экен. Анын жүзү күндөй жаркырап көрүндү. Бирөө байкап калбаса деп, дароо көзүмдү тарттым. Ух-х, ичим күйүп кетти!..

ХХХ

Баарыбыз шашып үйгө тарадык. Саат алты жарымда кайрадан мектептин жанынан жолугушмай болдук. Анан эжекелерибиз менен чогуу Сапардын үйүнө өтөбүз. Коштошуу кечебиз Сапардын үйүндө болмокчу.

-Чика, көйнөгүм тар болуп жатат. Сенде бирдемке барбы?

Анара ыңгайсызданып жанаша басты.

-Бирдемке болгондо, эмнени дейсиң? Жамынчпы?

-Өзүм да билбейм. Тар көйнөктө тим эле тыркыйып калып жатпаймбы.

-Көйнөгүңдү алып биздикине келе кал. Эбин келтиребиз.

-Ии,ошентейин анда, ээ.

Ичим курулдап кетти. Ачка жүргөнүмө. Үйгө тезирээк жетсем болду. Апам тамак жасап, өзү жебей күтүп олтурса керек. Апам алып келген гүлдөрдүн, гүлдестемден ашканын сууга салып койгом. Ай-иий, баары кубанды ээ. Эжекем ыйлап ийчүдөй болду.

Апам менин!.. Апам баарын билет!

-Тигилер кимдер?.. Биздин дарбазада турушат.

-Кошуналарың болсо керек. Чика, мен тез эле келем!

-Анара! Анара, боёнгучтарыңды унутпа ээ!

-Жок, унутпайм. Аны унутсам, бажырайбай калбайбызбы.

Анара домполоңлоп чуркап, каткыра күлүп үйүн көздөй кетти. Ал наркы көчөдө жашайт.

Эмнегедир, кадамым жайланып, тигилерге карайм. Шашып жатпадым беле… Алар кимдер? Эмнеге биздин үйдүн тушунда турушат? Экөө экен… Вело… велосипеддери барбы? Ой!.. Ой, эми, эми эмне кылам?.. Кайсы, кайсы кошунаныкына кирип кетсем?.. Мүмкүн… башкадыр?.. Ай-иий, ошол… ошол, өзү экен!.. Эмне… кайда… кайда барам эми?.. Каап, кантип… Кантип байкабадым? Эмнеге келди десең!.. Ой, тү-тү, эмне деп эле жатам!..

Оюмду жыйнаганча болбой, тигилердин жанына жетип келбедимби. Бетим от болуп кетти. Бүт денем калтырайт. Тегиз жерде мүдүрүлүп, жол боюна чыгара салынган Адыл акенин короосуна жабышып калчудай темселеп, араң түздөлүп кеттим. Сүрдөгөнүмдөн:-Курсагым ач,-деп шыбырап да алдым.

-Майрамың менен, Чынара!

Азамат велосипедин алдыга түртүп, мага колун сунду. Шашканымды ай! Сумкамдын сабын мыкчый кармаган экем, алаканым суу. Акылым чачырап, сол колумду узата жаздап токтободумбу. Анан… анан, байкатпастан суу болгон оң алаканымдын терин сол жеңиме сиңире сүртүп үлгүрдүм.

-Келгиле…-деп, Азаматка колумду сундум.

-Ой-оой, ысып-күйүп кетипсиң го!..

-Ооба… ооба…

Азыр эле, азыр эле эки мүнөттө от болуп кеттим, дедим ичимен…

Жылмайбай турса эмне десең!.. Ал жаркырап турду. Апакай тегиз тиштерине Күн чагылат. Көйнөгүнүн төш чөнтөгүнө сары гүл тагып алыптыр. Ал, ал сары гүл менин сары гүлүм го. Кандайча? Мм… баса, Чолпонай эжекем менен кошуна эмеспи. Демек, эжекемдин белектерин жеткиришкен тура!.. Мага… мага… гүлдестенин жарашканын да көргөн чыгаар… Гүл жарашкан көйнөк!.. Гүл жарашкан жигит туурасы. Башым айланып кетти… Кудай ай, жыгылып калбасам экен!.. Ушул, ушул учурда да күттүрүп жатат. Досундай болуп эле дароо, дароо колун сунбайбы десең!.. Саламы кайда?! Майрам… майрамым менен… куттуктайбы деги!.. Эркиме баш бербей сунулуп бараткан колумду араң кармап калдым…

-Майрамың менен, Чынара!..

Ух-х! Ушундай да сүйкүм… ушундай да… сүйкүм болосуңбу!..

ХХХ

-Кара-Дөбөнүн сага жарашкан сары гүлү!..

Агын же кызылын деле тандасаң болмок!..

(Отуз жыл өтүптүр… Элүү жылдан кийин деле, ушул ойдо болсом керек… Же анда акылыма кирээр бекем?..)