Максуда Ормонова: Эки кап алма

Эки кап алма

Базарга барып, бир буюм сатып кѳргѳн жан эмес элем, эми кантээр экем. Тойго барганга кайненеме акча керек экен. Ал үчүн мен эртең алманы сатып, акча кылып келишим керек. Жолдошумдун Алма-Атага кеткенине жыйырма күндѳн ашып калды. Туугандардын тоюна келип калам деген эле, бирок кечикти. Энемдин айтканына каршы боло албадым. Эки чоң капка алманы салып, оозун бууп кайнагам даярдап койду.

–Эрте менен беш жарымга машина келет, алма даяр, ѳзүм жүктѳп берем, – деп чыгып кетти.

–Эне канчадан сатам?

–Базардын баасын карап сата бер. Арзан берип жибербе.

–Айназиктин тамактарын бул жерге койдум, эне.

–Ой эми тогуз баланы бир жакшы кылып чоңойтуп, анан эле сенин кызыңды карай албай каламбы?

–Ошону айтсаңыз.

Кантсе да кызымды биринчи жолу таштап жатпаймынбы. Жүрѳгүм бат-бат согуп, эмне кылаарымды билбей турам. Сыртка чыгам, кайра кирем. Уйкум деле качып кетти. Кызыма кайра-кайра карайм. Ал бешикте мемиреп уктап жатат. Күн сайын сырдашчу жылдыздарыма чыктым. Алар бүгүн чоң-чоң болуп, жайнап чыгышкан тура. Кудум эле мага жардамга келишкендей. Жымың-жымың деп, кѳңүлүмдү кѳтѳрүп, жүрѳгүмдү жайлантып, бирдемкелерди айтып жатышкансыйт.

А мен, алардын эмне деп жатышканын түшүнүп турам. Демек, баары жакшы болот. Үнүмдү катуу чыгарып, аларга жан дүйнѳмдү ачкым келди, бирок бирѳѳ укса уят го. Ошентсе да, басыңкы үнүм менен сүйлѳп жаттым:

–Мен силерди кандай гана жакшы кѳрѳм.

Силер менин досторумсуңар, силер менин сырдашымсыңар, силер менин жүрѳгүмдүн үнүн угасыңар! Эч ким билбеген жан дүйнѳмдүн абалын силер гана туясыңар! Анан… эң эле жакшысы… эч кимге айтпайсыңар.

Үшүгѳнүмдү деле сезген жокмун. Чѳнтѳгүмдѳгү жалгыз жаңгакты кармалап жатып, ысытып да жибериптирмин. Чагып жегим да келип кетти. Жок, энем кѳрүп калса эмне дейт. Караңгыда жаңгак чагып, сыртта жүрсѳм. Менин жылдыздар менен сүйлѳшкѳнүмдү уккан болсо… анда эртең сѳзсүз мени молдого алып барат.

–Тойбогон, коро келин алган экем деп, ойлоп калбасын, – деп жаңгакты чаккым келбей калды.

–Сенде да кѳп сыр жатат. Ал сырдын баары сенин да ичиңде. Магызың барбы, же бүчү болуп калгансыңбы? Эгер бүчү болбосоң, анда ал магызакпы, же кызылбы? Негизгиси – даамдуубу же ачыкпы дегендей сырлар. Мен деле жылдыздар үчүн сен сыяктуу жаңгактырмын. Чагылсам сырларымдын баары чачылып кетмек. Бирок, алар эч качан антишпейт. Мен да сени чакпадым.

Кайрадан жаңгакты чѳнтѳгүмѳ салып, шашыла үйгѳ кирдим. Жолдошум келгенче энемдин бѳлмѳсүндѳбүз. Энем ак жоолугу менен башын бекем ороп алып, уктап калыптыр. Үшүгѳн бейм. Бѳлмѳ суук деле эмес. Кѳмүрдүн табы

кете баштаганбы? Челектеги калган кѳмүрдүн жарымын мешке салып койдум.

–Ой жатпайсыңбы? Эрте менен тура албай каласың.

–Кийимдеримди даярдап келдим, эне.

Бешикте мемиреп уктап жаткан кызымды чечип, кучактап жаткым келди. Уйкусун бузуп албайын. Ай нурундай жүзүнѳ тигилип, суктана карап алдым. Ушундай да сүйкүм болобу? Сүйүүм жүрѳгүмдү жарып чыкчудай болуп кетет. Мен келгенче ыйлап калбаса эле болду. Кичинекей колдорунан кармалап, акырын сүйүп алдым.

Чоң базардын дарбазасынан бир аз алысыраак токтодук. Эл ушунчалык кѳп экен. Жекшемби күн болгон үчүн эл сүрүлүп келген тура. Эки кѳзүм каптарымда. Айдоочу ѳзү түшүрүп берди. Эч сѳзү жок, жол кирени алып, мага карап да койбой, башкалардан да жол кирени алып жатты. Алмамды сатканга да жардамдашар бекен деп, айдоочудан да үмүттѳнгѳнүмѳ таңмын. Жолдун четинде эки кап алмамды коруп туруп калдым. Же бир тааныш кѳрүнсѳчү. Шашкалактаган элди кѳрүп, мен деле шаша баштадым. Эки жагымды карайм. Күн суук экен. Таппай калгансып, сыйгаланган жоолугумду салынган экенмин, ал да жүдѳттү бошоп.

Мына дагы бир аял каптары менен экен. Машинадан түшүрүп жатат. Туура эле мага карап келе жатат.

–Эже, бул кызга шерик болуп алыңыз. Сенде эмне?

–Алма, – дедим шашып.

–Эженики да алма экен. Базарга бирге кирсеңер болот.

Эми айдоочу эже менен эсептеше баштады.

–Ой балам жол кирени кѳп алып койдуң го?

–Эже, тѳрт кап алмаңызды бекер алып келбеймин да.

–Аны башта айтпайт белең, бусикти эле күтмѳкмүн!

–Эже, эже! Ушул кылганыңар болбойт. Токтоткулачы ар кандай кылыктарыңарды! Аз гана акча үчүн эрте менен адамдын настроениесин түшүрѳсүңѳр!

–Сен!!! Сен меникин түшүрүп жатасың! Настрың башыңда калгыр! Баллонуң тешилип калсын ылайым!

–Аны кѳрѳ жатабыз, – ачуусуна карара түшкѳн айдоочу нары басып кетти.

–Кызым, араба табалы, базарга алып киргенге. Сенде жакшы эки эле кап экен. Бирге жүктѳйбүз.

Эже каптарын мага дайындап, ѳзү чуркап кетти. Коркконуман алты капты кучактап алчудай турдум. Эл кым-куут. Аңгыча эле долдойгон бир кара бала пайда боло калды.

–Алмабы?

–Ооба

–Канчадан?

–Ммм…

–Аччы кѳрѳйүн!?

–Ай бала базарга кирели, бааларды кѳрѳлү, анан сатабыз. Эженин келип калганына кубанып кеттим.

–Макул, макул. Келиңиз жардамдашайын.

Арабакеч экѳѳ каптарды жүктѳй башташты.

А мен болсо, араба жылып кетпесин деп, түрткѳн жеринен кармап турдум. Э, дегенче эле арабакеч чуркап, каптарды алып жѳнѳдү. Арабакеч алдыда, анан эже. Эженин артында мен, баланын кайда калганын билбей калдым, чуркап баратабыз.

«Ош, ош!» – деп арабакеч кыйкырып баратат. Дарбазага жакындаган сайын эл кѳбѳйүп кеткендей болду. Тыгылган эл түртүп да баратат.

Адашып калбасам экен деп шашып да калдым.

Бир колум менен жоолугумду түшүп калбаса экен деп кармап алгам. Ал бошоп, болоорунча болуп калды. Бирѳѳнүн бутун тебелеп кеттим окшойт, сол далыма дүк этип уруп жиберди. «Ык-к» эте түштүм, бирок карабадым. Эже кайда билбейм.

Арабакечтин, «ош», дегенине карап эле чуркап баратам. Арабакечтер да кѳбѳйүп, ар тараптан эле:

«Ош!» – деген үндѳр чыга баштады. Эми адашып калбасам экен. Узун бойлуу арабакечтин тамтыгы чыккан сары курткасы алыстан эле кѳрүнѳт экен. Ал токтоп калды. Эже экѳѳбүз бирдей эле келиптирбиз.

–Садагаң кетейин балам, эми мында түшүр.

–Аз-з-з-зыр түшүрѳбүз эже, – долдойгон кара бала келип калыптыр.

Наркы башы кѳрүнбѳгѳн бул узун катардагы каптарды, жашыктарды кѳрүп, таңдана карап калдым.

–Ай кызым, бул жерди ээле, экѳѳбүзгѳ жетет.

Анан жылбай тур ушул жерден, – деп каптарды тиздире баштады.

-Алмалар эзилип калбады бекен ээ?

–Алибетте эзилет да, карындаш…

Бышылдап жатып да долдойгон бала жооп бере салды.

–Эч кандай эзилген жок. Акырын машинада алып келдик. Арабакеч да жакшы бала экен, бир жакшына кылып алып келди.

Ой, мына эми дагы башталды, ошол кире талаш.

–Эже, сизге баштан эле айттым го. Бул акчага эч ким алып келбейт.

–Уялсаңар боло! Акча десе эле тѳбѳңѳрдѳн түшмѳй болупсуңар! Болот ушу, ме карма!

–Болбойт эже! Бул эмне кылганыңыз!?

–Болот! Башкалардан да аласың! Ме карма, бар эми.

–Ой эже!

–Болду! Мени каргатпагын бала! Жаман каргап коём!

Оозумду ачып, эч сѳз кошо албай туруп бердим.

–Болбогур эже турбайсызбы!

Канча берди билбейм, арабакеч нааразы болуп, эжени бир карап койду да, арабасын булка түртүп кете берди. А мен азыр алмамды сатсам эле, дароо эжеге берип коём.

–Мен бааны билип келейин, сен каптарыңдын оозун ача бер. Эже эч кандай тополоң болбогондой эле жай сүйлѳп, ары басып кетти.

–Кел карындаш мен ачып берем, сен үшүп калдың, – долдойгон бала каптын оозун ача баштады.

Кайнагам да карышкырды салып буугансып, аябай байлаган экен, жанагы бала эже келгенде араң ачып бүттү.

–Ии кызым, алмаларың таза экен, чоңдугун кѳр. Кымбат эле сатсаң болчудай.

Бир аз жандана түштүм. Эженин алмалары майда экен.

–Карындаш, алмаларың түбүнѳ чейин ушундайбы?

–Ооба, ананчы. Оо… – деп токтоп калдым.

Мен эмес, кайнагам салганын айтайынбы дедим окшойт. Кайнагам эч качан, эч кимди алдабайт.

Каптын түбүнѳ чейин ушундай алмалардын салынганына жүз пайыз ишеничим бар. Ошондуктан коркпостон саткым келди.

–Эки кабыңды тең мен эле алайын, карындаш.

Эгер чындап түбүнѳ чейин ушундай болсо. Мен муну Ферганага алып барып, килолоп сатып, бир аз акча кыламын. Кана, канчадан бересиң?

Бир топ аялдар менин кабыма жабышып калышты.

–Канчадан?

–Канчадан?

–Канча экен?

Башым айланып калды.

–Ай келин! Тоспо менин алмаларымды.

–Тосподум эже, сата бериңиз.

–Тосуп турасың, нары тур!

Менин тушумда турган толмоч аялды эже түрткүлѳй баштады.

–Ой эже, эмне түртѳсүз?

–Нары тур дейм, килейбей!

–Жакшы сүйлѳңүзчү.

–Жакшы сүйлѳгѳндү түшүнбѳй жатпайсыңбы!

–Ой тообо, кандай эже бул.

–Кѳп сүйлѳбѳй жыл нары! Алма менен башыңды шишитип коё электе, жыл нары!

–Жинди неме го…

Толмоч аял кызарган бойдон, кармап турган алманы кабына сала коюп, кете берди.

Эжеден мен да кооптоно баштадым.

–Карындашым, мен бааларды билип келдим.

Ушул турушунда кабына 200 сомдон берейин.

Эки кабына 400 сом. Сат мага.

Мен эмне дээримди билбей, кайра эле кѳнүп калыптырмын, жардам сурагансып эжени карадым. Эже угуп тургандыктан:

–Сат кызым, сат, – деди.

–Кабына 200 сомдон берсе… Ай балам. Меникин деле алсаңчы?

–Алат элем эже, сиздики майда экен.

–Майда болгон менен даамдуу. Мобул чоң алмалардын даамы болбойт пакалдай болуп…

Эже оозу-мурдун чоё менин алмаларыма карап койду. Эжеге таң калып карап калдым. Ал мени кѳз кыйыгынан карап турду.

–Карындаш макулсуңбу?

–Макул, – дедим.

Мен ѳзүм эч кимден бааны сурабадым. Эженин сат дегенинен улам, ушундай эле баа окшойт деп ойлоп калдым. Анан да тезирээк бул эженин алдынан кетким келди. Сѳзсүз бир урушуна кабылчудай. сестенип турдум.

–Карындаш, кабатыр болбо, эл катары бааладым. Арзан да эмес, кымбат да эмес. Мен да мындан бир аз пайда кѳрѳм. Берекеси болсо, ошол жетет.

Кубанып кеттим. Ушинтип эле сатып коёмбу?

Кандай гана бешенелүүмүн.

–Менин машинам мына бул жерде. Атайын жакын токтотком. Бул жерден ташып жеткирип алайын.

Каптын ачылган оозун чоң кара колу менен бекем бириктирип кармап, кайрадан буубай эле кѳтѳрүп кетти. Каптын жоон жибин кармап, узатып калдым.

–Ай кыз, алмаңды саттыңбы?

–Ии эже, сата бердим. Жакшы эле баалады окшойт. Үйдѳ кичинекей кызым бар. Эртерээк барганым жакшы.

Менин сүйлѳгѳнүмдү эже уккан да жок. Ою башка жакта эле. Ѳзүмдүн сүйлѳгѳнүмдү ѳзүм угуп эле туруп калдым. Тааныштарым чыгып калбаса деп, эки жакты карагандан да тартынам, сыйгаланган жоолугумду түшүрѳ салып, кабымды кармалап турам. Бала да кечикти го.

–Эже, жанагы бала кечигип жатабы? Же мага ошондой сезилип кеттиби.

–Кармалабай эле койсоңор экен! Же эмне колуңардын оозу барбы, даамын билгидей!

–Мага бир кило, мага беш кило деп ала беришсе…

Эже тарамыштуу кара колдору менен каптарын оңдоп жатты. Анын тытылып кеткен колдорун кѳрүп, боорум ооруп кетти. Ушинтип балдарын бакса керек. Деги үйүндѳ жашоосу тынч бекен? Балдарын да ушинтип кууруп турса, билбейм кандай гана балдар тарбияланып чыгат.

«Бирдики миңге, миңдики түмѳнгѳ» дегендей, бир ажаан аялдан, ажаан урпактар уланып кетет го. Кудай эле сактай кѳр! Бала кечикти деп, ал кеткен тарапты улам карайм, менден эч ким алма да сурабай калды. Ии ѳзүм оозун жаппадым беле.

Тердеп-тепчип келип калган баланы кѳрүп, сүйүнүп кеттим.

–Келдиңизби?

–Жолду карабайсыңбы. Машинама араң жеттим.

Бүгүн үйдѳ эч ким калган эмес окшойт. Баары базарга келген бейм. Сүрүлүп эле келишиптир э…

«Эми муну эптеп жеткирип келейин», – деп, экинчи капты да ийнине оозун бекем кармаган бойдон коюп, шашып жѳнѳп кетти.

–Азыр келем карындаш, жылбай тур.

–Макул. Бирге барсам болмок эле. Жок, туруп турганым эле оң. Ишенбегендей болуп калбайын. Байкуш бала эрте менен жардам берген, ошондон бери жүрѳт. Адамга ишенич болуш керек. Ууру адам ууру ойлойт, тууру адам тууру ойлойт. Келем деди демек келет. Кантсе да биринчилерден болуп сатып жибердим. Тез кеткеним жакшы. Кызыма бир оюнчук алсам болду.

Энем эч нерсе дайындаган жок. Демек акчаны эле тапшырам. Оюнчук деле албайм. Энеме акча жетпей калбасын.

Канча ойлонуп, канча кыялдандым билбейм.

Бала дагы кечигип жатат. Мына-мына келип калчудай. Негизинен мээнеткеч бала экен. Ал да сатып, жакшы эле пайда кѳрсѳ экен.

–Менин деле жок дегенде эки кабымды алса экен. Калганын эптеп кечке сатып жиберем. Акчасын бердиби? – деп мага карады.

Кабатыр болуп турганымды билдирбегенге аракет кылып:

–Азыр алып келет, – деп жылмая карадым.

–Акчасын тѳлѳп кет дебейт белең! А келбей койсочу!?

–Келип калат, келем деди го, – бетим чымырап кетти.

Ушундай жаман ойлор дароо эле оозунан ыргып чыкканына таңдандым. Туура же туура эмес кылганымды али баалай албай жаттым.

–Келсин эми, ордуңан жылбай тур.

–Ооба жылбайм.

Оо Кудайым ай, келип калса экен. Ооба, келет.

Ушунчалык да чыдамсызмынбы? Азыр келип калса ѳзүмѳ-ѳзүм уят болом. Сабыр, сабыр, сабыр…

Эч качан жаман ойду ойлобош керек. Баары жакшы болот.

Базар кызуу жүрүп жатат. Бирок, эже гана келгенди кагып-силкип, жакшы соода кыла албай, андан ѳтүп жинденип турат. Жоолугумду кѳтѳрүп, артыма бекем байлап, эки кѳзүмү чоңураак ачып, баланын келчү жолун жакшылап карай баштадым. Бутум да ордунда тура албай тыбырчылап калды. Эмнеге жок?

–Эже, жайыңызга берип коюңуз. Алмаңызды саттыңыз. Эки кап менен турат элеңиз.

–Кайсы жайыма?

–Ушул турган жайыңызга.

Мойнуна домпойгон сумкасын асынып алган жаш эле бала экен. Тезирээк акча беришимди күтүп туруп калды. Булардын ушинтип, ар бирибизди карап, аңдып тургандарына да таңдандым.

–А-а, силерге акча тѳлѳш керекпи?

–Анан эмне?

–Азыр… акча алып келсин.

–Ким? Атаңарбы?

–Атам эмес го… Алма саттым эле, азыр акчасын алып келет.

–Аны-мунуңарды ѳзүңѳр билесиңер. Он сом берип койгула.

–Ооба берем, азыр келсин.

–Он сом эле, – бала жиндене баштады.

–Он сомум жок эле, ошол… он сом… – аябай эле уялдым. Бала да кетпей туруп алды. Ага бир аз жиндене да түштүм. Менден эле бир-эки жаш кичүү окшойт. Тим эле жечүдѳй болуп турат.

–Чыгар, чыгар! Чѳнтѳгүңѳн чыгар!

–Чѳнтѳгүмдѳ акчам жок. Эч акчам жок.

–Ооба, эч акчаңар жок! Базардын баарын сатып алганга акчаңар бар. Анан жердин акысын бергенге акчаңар жок болуп калат! – башкалар да уксун дегенсип, койкоңдоп сүйлѳй баштады.

Аргамды кетирди.

–Ой тообо, бала да кечикти го аябай. Ушу сага эң биринчи бермекмин. Эже, жанагы бала кечигип жатат.

–Тура бер селейип! – мен күтүлбѳгѳн жоопко чочуп кеттим.

– А… а…

–Эки саат болду го баланын жок болгонуна!

Эмне деген келинсиң, селейген! Ой кара! Кара! Кара селейбей!

Эмне кылаарымды билбей калдым. Болгон сѳѳктѳрүм муун-муунумдан түшүп калчудай шалдырай түштүм. Чын эле алдап кеттиби? Эми эмне кылам?

–Ордуңда гана каткан неме турбайсыңбы!

Ушундай келинден Кудай сактай кѳр!

Ыйлагым келип, араң токтодум. Уят го ыйласам. Саатым да жок. Кимден сурасам экен.

–Жанагы баладан акчаңды албадың беле?

–Ала элек болчум.

–Бир топ убакыт болду. Келээр бекен? Ээ кызым ай, жаш экенсиң да… Алдап кеткен бейм, ѳнбѳгүр! Мен деле сага каралаша койбоптурмун, ыймандуудай кѳрүнгѳн бул узун бойлуу, арык киши, санын бир чаап койду. Ѳзү жаш эле экен, бирок бир да тиши калбаптыр оозунда. Сүйлѳгѳнүн араң түшүндүм. Эже, жок дегенде ушул кишидей сүйлѳсѳ болмок. Уят кылып ѳлтүрдү.

–Аке, саатыңыз барбы?

Чѳнтѳгүнѳн дароо чынжырлуу тѳгѳрѳк саатын сууруп чыкты да:

–Ии. Оо. Он экиден ѳтүп кетиптир

–Он экиден?

–Ооба.

–Мм…

–Ал бала келбейт эми кызым.

Эми эмне кылсам экен. Демек, бала келбейт.

Ушинтип эле, оңой алданып калдымбы? Кудайдан коркпогон неме тура. Уятсыз. Келсе эбак келмек.

Үйгѳ кантип кетем? Эмне дейм. Башымда ушунча кѳп ойлор айлана баштады. Эч кимге байкатпай бул жерден акырын жылып кетишим керек.

Жанагы «он сом бер» деген бала кайда экен? Ал да кыйкырып уят кылбаса, эми. Эже мени карай калды.

–Эже, бала келбейт окшойт… Мен кете берейин… Бирок, бир да акчам-м-м…

–Акча бере албайм, – эже ачуулу да, мыскылдуу да, табалап да тиктеп турду.

–Жок, акча сурабадым, сизге арабакечтин акчасын берсем дегем.

–Ай жоголчу кѳзүмдѳн! башым ооруп турат ѳзү.

–Кечириңиз.

–Башы-кѳзүмдѳн садага, ошол сен бере турган акча!

Аябай эле коркуп кеттим. Мен деги базарга келгенминби же башка бир дүйнѳгѳ туш болуп калганмынбы?

Дарбазадан сыртка чыгып. Чоң жолдун эки жагын карап туруп калдым.

–Кудайым ай, мага жардам бер. Энеме эми эмне деп айтам. Уят эле болдум. Деги үйгѳ, кызыма кантип жетем?

–Мына-а-а-а! кѳргѳн кѳзүмѳ ишенбей турам.

Асман жарылып кетти. Чын эле кѳрүп жатамбы же кѳзүм да бүгүн алдап жатабы? Жүрѳгүм так гана тамагыман согуп жатканын сездим. Үнүм тосулуп калды. Чуркап жѳнѳгүм келди.

–Сен эмне кылып жүрѳсүң? Эмне болду? Ким мененсиң?

–Ѳзүм эле, сиз жумуштасызбы?

Мен ѳзүмдүн үнүмдү ѳзүм тааныбай калдым.

Жашсыз бирок, ыйлап турган жүрѳктүн үнү эле.

–Жумуштан эрте менен чыккам. Бул жерде бир аз кармалып калдым. Кызың кана?

–Ал үйдѳ.

–Жүрү үйгѳ. Үйдѳн сүйлѳшѳбүз.

Элден уялдым. Болбосо агамдын мойнуна асылып, бакырып ыйламакмын. Агам, агам менин! Агам баарын түшүнүп тургансыды. Анын ар бир сүйлѳгѳнү менин жүрѳгүмдү ордуна түшүрүп жатты.

–Ага мен… мен алданып калдым.

–Кимге? Кантип?

–Алмамды уурдатып жибердим.

–Алма сатканы келдиң беле?

–Ооба.

Мен агама ушунчалык тез түшүндүрдүм, болгон окуянын бүт баарын айтып үлгүрдүм. Элди да унутуп, баш бербей, агып жаткан жашыма да карабай сүйлѳп жатканымда, агам: – Болду, болду ыйлаба, – деп бооруна кыса кучактап турду.

–Акмактардын бирѳѳсүнѳ жолуккан турбайсыңбы. Агаң органда иштесе, а сен болсо ууруларга уурдатып жүрсѳң. Такыр жарашпаган иш болуптур. Кѳрсѳң тааныйсыңбы?

–Ооба тааныйм.

–Эрте менен туура эле менин үйүмѳ келбейт белең. Сенден башка эч ким жокпу эмне.

–Энеме бүгүнкүгѳ акча керек эле, тойго.

–Кабатыр болбо, эч ойлонбо. Мен турамын го.

Мен болбосом, ойлонсоң болмок. Бул сѳздѳрдүн күчү мени кѳккѳ кѳкѳлѳтүп жиберди. Ичиме нур кирип кетти. Кѳздѳрүм жана түштү. Калтыраганым али кете элек. Колдорумду улам кармалап, ѳзүмдү басып турдум.

–Канчадан алам деди эле?

–Эки кабыма 400 сом бермек. Базар ошондой эле экен.

–Эч нерсе эмес, – агам чѳнтѳгүнѳн акча алып чыкты.

Акчаны карап каректерим айланып кетпесин деп, жер карай калдым.

–Мына сага 400 сом, эки кап алмаңдын акчасы. А бул 50 сом ѳзүңѳ. Менин бүтүрчү дагы бир аз жумуштарым бар. Ууруну мен ѳзүм табам. Ал табылат… Агам чечкиндүү сүйлѳдү.

–Сен, энеңе уурдатканыңды айтпай эле кой.

–Макул. Рахмат, рахмат ага.

–Жүрү машинаңа салып коёюн.

–Жок, ѳзүм эле кетем, – менин кубанганымды байкаган кимдир бирѳѳ болду бекен.

Мм… мм…

Агам мени узатып ошол жерде калып калды.

Жолдун берки бетине ѳтүп, кайрылып карасам, агам али кетпей туруптур.

–О-о-о. Кудайым ай! Мен кандай гана бактылуумун! Менин ушундай боорукер бир туугандарым бар! Алар мени ар тарабыман периштедей коргоп турушат. Кѳңүлүм бошоп, кѳзүмѳ жаш айланып калды. Мына кѳзүмү жумсам эле мѳндүрдѳй куюлары анык. Кийген формасы, келишкен келбетине куп жарашып, агам ичкериге кирип кетти. Мен эч нерсе албай, арзан кетем деп бусикке чыктым. Арткы орундукка олтурдум. Дароо эле топурап эл чыгып, толуп калдык. Курсагымдын ачканын эми байкадым. Жанымдагы кишинин алган тандыр самсасы, бир эле мага жыттанып жаткандай болду. Тоё-тоё жыттап, тойгондой болуп бараттым.

–Эне мен келдим! Кызым мен келдим!

–Сенин кызыңды эми эле уктаттым. Курсагы ток. Ыйлаган деле жок.

–И-и жакшы болуптур. Мына эне эч нерсе алган жокмун, – курткамын чѳнтѳгүнѳн болгон акчанын баарын энеме бердим. Агам 50 сом ѳзүңѳ деген эле, анын 10 сомун жол киреге бергем.

Шашып кетип анын калганын да берип койдум.

Мейли.

–Жакшы кылдың. Мына эми тойго коркпой барам, балам.

–Ооба, эне.

–Ии каптары кана?

–Каптары?

–Кабы менен саттыңбы?

–И-и… кабы керек беле?

–Ой, ошол кап керек да!

Кантсе да, энем эмне десе да мен бүгүн бактылуумун. Ууруга алданганыма, коркуп-титиреп ыйлаганыма, деги эле жок каптардын керек экендигине караганда, бир тууганымдын бар экендиги алда канча жогору эле.