Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады.

КР Эл акыны Сүйөркул Тургунбаев дүйнөдөн өттү.

Сүйөркул Тургунбаев Базар-Коргон районундагы Беш-Кадам айылында 1940-жылы 12-июнда туулган. Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл акыны. 1964-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1964-жылы Алай районундагы мектепте орус тили, адабияты жана чет тили сабагынан мугалим болуп иштөө менен баштаган. 1966-жылдан Кыргыз ССР Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, 1970–1984-жж. «Кыргызстан маданияты» гезитинде бөлүм башчы, 1986–1988-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында сын боюнча адабий кеңешчи болуп иштеген.

1989-91-жылдарда Кыргызстан басма сөз министрлигинде жетектөөчү адис, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинде басма сөз бөлүмүнүн башчысы кызматтарында эмгектенген.

1980-жылы РСФСР жазуучуларынын Кремлде өткөн V съездинин, Тблисидеги бүткүл союздук театралдык сынчылар симпозиумунун, 1986- жылы Якутск шаарында өткөн Якутия жазуучуларынын съездинин, 1995- жылы Ташкентте өткөн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн биринчи Ассамблеясынын, 1990-жылы коогаландуу Ош окуясынын, 1991-жылы Самаркандда жана Ташкентте өткөн Алишер Навоинин 550 жылдык юбилейлик салтанаттарынын катышуучусу.

Биринчи поэтикалык жыйнагы «Бизде баары сүйлөйт» деген ат менен 1966-жылы басылып чыккан. Ал бир катар ырлар жана поэмалар жыйнактарынын, адабий сын макалалардын автору, В.Маяковскийдин, М.Ю.Лермонтовдун, И.Чавчавадзенин, Я.Шивазанын ырлары, моңгол элдик поэзиясын ж.б. кыргызчага которгон.

“Бизде баары сүйлөйт”, “Салам, жаш өмүр”, “Кечки троллейбус”, “Замандаштын дүйнөсү”, “Жарыктын ыры”, “Эки аска”, “Касиет”, “Жылдыз”, “Күндүн көзү”  “Күн теңирдин күмүш нур”, “Акындарга аздек сөз” китептери жарык көргөн.

1979-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

КР Эл акыны Сүйөркул Тургунбаевдин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу жакындарына, үй бүлөсүнө көңүл айтабыз.

КРУЖС Башкармалыгы

Акынды акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең (31.12.2023.) саат 11:00дө Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.