Сүйдүргү да, күйдүргү Аңгеме Бир апта болду. Тай кызы Дианадан кабар жок. Ал ара күндө аталап, Абдраманга телефон чалар эле. Кызынын коңгуроодой үнүн укканда төбөсү көккө жетчү. Жадырап-жайнаган студенти вотсаптан көрүнгөн сайын бак-таалайдын сересине чыккандан бетер көлкүлдөп, элжирейт. Ошондуктанбы, Диана, өз кызынан таттуу: “ Кызыма караганда неберем – өрүгүнөн маңызы даамдуу… Садагаң болоюн! Боюңдан сенин, оюңдан сенин! Ак куу кызым, принцессам! Өзүңдөй принцке баш кошуп, бактылуу бол!” – деп жалбарат. Кызы гүлдөп, мөмөсүн утуру төгөр чейрек кылым куракка жетсе да, эмдигиче төбөсүнөн түшүргүсү келбейт. Аны тили жаңы чыккан наристеден бетер толугу менен…..