Мелис Совет уулу: Касиетиң кандай укмуш жаз жыты, Карыга да кайрат берип сүйүнткөн

Аялзат сенде улуулук

Төрөлсө кыздар жактырбай,

Эркектер ичет таптырбай.

Кыз эмне адам эмеспи,

Жийиркенип ары качкыдай.

 

Уул күтүп уулду тилейбиз,

Кыз десе укпай дүлөйбүз.

Кыздар жок болсо, акактай

Сөздөрдү кимге сүйлөйбүз.

 

Назданып басса маралдай,

Калабыз көздү алалбай.

Жашообуз супсак кыздарсыз,

Канты жок чайдай карандай.

 

Кыздар бар жашоо керемет,

Көргөн көз нурга бөлөнөт.

Аялзат эгер жок болсо,

Аалам да кетмек желелеп.

 

Карындаш, эже, жеңелер,

Баары бир бөлөк дебеңер,

Башка оор мүшкүл түшкөндө,

Ошолор өбөк жөлөнөр.

 

Дүйнөгө берип жылуулук,

Өзүңдө өнөр, сулуулук.

Ак сүтүң баккан адамды,

Аялзат сенде улуулук.

 

Жарымы болуп күйөөнүн,

Жарыгы болуп бүлөнүн,

Жароокер сулуу эмеспи,

Жашоонун сепкен үрөнүн.

 

Кыйналса дагы унчукпай,

Тапканын ташыйт чымчыктай.

Капалуу болсо аялзат,

Калгансыйт көктө Күн чыкпай.

 

Мелгизама

Күнүм, гүлүм, кичинекей бөжөгүм,

Күндө бир маал азык берген өзөгүм.

Атакелеп асылганда мойнума,

Тирүүлүктүн ырахатын сеземин.

 

Жыпар жытың канбайм канча жыттасам,

Жылыйт дүйнөм коюнумда уктасаң.

Жашоом супсак боло түшөт бир паста,

Жарым күнчө күлкүң кызым укпасам.

 

Элжиретип жүрөгүмдү бал тилиң,

Эрип дилим, коргошундай балкыдым,

Бар кылыгың бакыт болсо төгүлгөн,

Баёо күлкүң мээрим чачкан таңкы Күн.

 

Кымырынып апасынан бекинип,

Кылып коюп, далай тентек, чекилик,

Көздү алайтып турган кези керемет,

“Койгула, – деп,-мени ата-апа кечирип”.

 

Суюк чачын суулап улам жаткырып,

Сүлгүнү анан кыялында чач кылып,

Бийлегенин көрсөм сары кызымдын,

Кубанычтан калат көзгө жаш тунуп.

 

Айылым

Алтын бешик туулган жерим айылым,

Көзүм көрүп, көөнүм тоюп байыдым,

Кере жутуп дартка дабаа абаңдан,

Мөлтүр тунук сууңа бетим чайыдым.

 

Жайлооң бейиш жайкысында Талды-Cуум,

Кан-жаныма бекем сиңип калды сууң,

Кереметтин керемети экен го,

Жайлоодогу кылайган күн таңкысын.

 

Кетсем дагы барбай көпкө алыстап,

Кыял-оюм сенде жүрөт чабыттап.

Топурагың сатып турса базарда,

Жыттар элем алсам дагы карыздап.

 

Кайда барсам турарымсың дем берип,

Кандай бакыт көрүп кетүү жөн келип.

Көзгө сүйкүм көрүнөсүң дайыма,

Жер эненин карегиндей өңдөнүп.

 

Ийри-муйру көчөлөрүң чаңдаган,

Из калтырды биз билбеген канча жан,

Асфальт көчө жакса дагы көөнүмө,

Ийри көчөң сагындырат, таң калам.

 

Бишкек болуп билим, илим чордону,

Билим алдык, өстүк өксүү болбоду.

Бирок калды айылымда баары бир,

Дүйнө таануу, өзгөрүлүү ойгонуу.

 

Ал оозунан түшөт деди Кудайдын

Бала кезде тиктеп кардын бүртүгүн,

Көрчү элем сулуу кыздын кирпигин,

Анан ойлоп жомоктогу Кар кызды,

Кыялымда кар дүйнөгө кирчүмүн.

 

Кардай болуп майдаланып күбүлүп,

Кетким келчү мен аларга биригип.

Бууга айланып жазда чыгып асманга,

Түшкүм келчү карга айланып кубулуп.

 

Жетким келчү, кетким келчү кар кызга,

“Жерде эмес, асманда ал жалгыз да,

Жетише албай жатса керек кар жасап”,

Деген ойго батчу элем ар кышта.

 

Өттү ошентип кызык дүйнө-балалык,

Өттү кыштар акак таштай саналып,

Өмүрлүк жар күттүм анан кышында,

Өмүр кышы кылды жана балалуу.

 

Тургангабы жашообузду аруулап,

Тунгуч уулум кышты улам сагынат.

Балбалактап жааган кардан бир күнү,

Балалыгым, баео кезим табылат.

 

Уучтагандай унун Асман, Күн, Айдын,

Уулум менен ойноп карга кулаймын.

“Ата баспа аппак карды” деди уулум,

– “Ал оозунан түшөт деди Кудайдын!”

 

Оо курдаштар!

Окуу, оюн менен күндү бүтүргөн,

Ойноок кезим издейм өңүм, түшүмдөн.

Оо курдаштар, отурчу элек класста,

Отуз эки тиштей болуп тизилген.

 

Ай жылдарга болуп улам жамаачы,

Андан бери жылдар өттү карачы.

Алыстады ортобузда аралык,

Ачылгандай тиштеримдин арасы.

 

Тирлик кылып, туш тарапта жетилдик,

Тиштей курчуп, тиштей кээде кетилдик.

Түк чыдабай түйшүгүнө турмуштун,

Түшкөн тиштей үчөөң жерге бекиндиң.

 

Сынып бириң казактарда мал багып,

Сыз абакта дагы бириң каржалып.

Сыноолордон жабыркадың курдаштар,

Сыны кеткен тиштей болуп саргарып.

 

Мен мигрантмын!

Мен мигрантмын, кыргызмын алыс кеткен,

Мени узаткан үй-бүлөм калып кеткен.

Мерез дүйнө, адамдар алдым-жуттум,

Мекен деген жүрөктө жарык да өчкөн.

 

Күтүп жүрөт балдарым, сүйгөн жарым,

Күкүккө окшош а менде күйгөн жалын.

Күндөн түндүн билинбей айырмасы,

Ким ойлоптур бул жакта дүйнөң тарын.

 

Тооктой болуп тыгылып бир бөлмөгө,

Топтолобуз кечинде ирмемге эле,

Топук кылмай төрт-беш саат уктаганга,

Тобоо, мындан кенендир түрмөң деле.

 

Акча сурайт ата-энем, бир тууганым,

Акча жок деп а кантип унчугамын.

“Ата качан келесиң?”, – десе уулум,

Арман кысып, кусага тумчугамын.

 

Интернетти барактайм ишим бүтүп,

“Ии, келегой”, – дечүдөй кишим күтүп.

Ит тиштеген, да бирөө муунуп өлгөн,

Качкан бири зөөкүрлүк ишин бүтүп.

 

Мен мигрантмын, акча издеп карайлаган,

“Ментти” көрсөм жол жээктеп абайлаган.

Жол шыпыргыч бул жакта, а Мекенде,

Агай элем, балдарым агайлаган.

 

Ошону турам сагынып

“Жуунтчу апа мени кирдедим”

Деп какшайт уулум күндө миң.

Укмаксан болсо апасы,

Көрсөтүп чукуйт кир жерин.

 

Суурулуп колдон шаштырып,

Суу менен ойноп каткырып.

Апасын укпайт тун балам,

Отургун десе шак туруп.

 

Чылапчын болуп кайыгы,

Чын “сотка” болот самыны.

Көбүктү чачып туш-тушка,

Көздөрү күйөт ал күнү.

 

Мээримдүү колдор, жылуу суу,

Меш жактан таптын урушу,

Бейиштей тура балага,

Бет ылдый аккан улуу суу.

 

Жуунуудан чери жазылып,

Жумшарып көңүл ачылып.

Жүрөктү эзет балдарым,

Жуурканга култ деп жашынып.

 

Мээримдүү колдор, чылапчын,

Менден да бир топ узапсың.

Агезде мен да “жуунтчу” деп,

Кужурун алчум кулактын.

 

Кол-бутум сууга малынып,

Кобурап мага жалынып,

Жуунтчу эле мени апакем,

Ошону турам сагынып.

 

Таарыныч

Көңүлүң гүлдөй болуп жайнасын деп,

Көөдөнүң арман болуп калбасын деп,

Көктөмдөй жайнап келем, а сен мага,

Тартасың санаа, ойдун пардасын көп.

 

Күдүк ой болбосун деп жиликтеген,

Күн болуп, Жай да болуп кирип келем,

Ансайын алыстайсың неге менден,

Айнектин сыныгындай бирикпеген.

 

Калсам деп жүрөгүңө түнөк болуп,

Канчалык жанталаштым иреттелип.

Суроодой(?) ийилсем да ийибестен,

Сумсайдың чиркин мага илеп(!) болуп.

 

Жумшарып, катуу айтпай кебез болдум,

Ачууну бүрксөң мээңди жебес болдум.

Унчукпас болуп жүрсөм туталанып,

Маанайың неге мындай дебес болдуң.

 

Күбүлүп түшүп жатсам ушаланып,

Күйбөйсүң кайра мени бутага алып,

Күлүктөй болуп турам арабада,

Күнүгө жүк ташыткан, тушап алып.

 

Кыбыла деп айтканыңда төрт жагың,

Кызып ичим, өрдөп кетти өрт жалын.

Сыр билгизбей жүрөм бирок сымаптай,

Сыр кыламын кимге өзөктө өрт барын.

 

Тилиң менен тилбе менин жүрөгүм,

Тирүү кезде нурлуу болсун иреңим.

Көрктөндүрүп турсун үчүн жашоону,

Көп себели көңүл данын, үрөнүн.

 

Акым бар

Кээде туруп батинкемдин боосундай,

Чиеленип калат ойлор чечилбей.

Баарын таштап башты оорутуп отурбай,

Көлгө сиңип кетким келет чечинбей.

 

Кээде бырыш көйнөгүмдөй көңүлүм,

Санаалашым дагы аны жазалбай,

Бүт ааламга баткым келет чөмүлүп,

Таң алдында чакырылган азандай.

 

Уйпаланган күндөр өтөт чачымдай,

Миң тарасаң ийге келбейт кашайып,

Мен тоолукмун, жөнөткүлө акым бар,

Тоо суусуна кошулайын тазарып!

 

Чырагым

Чырагым, чынарым, тумарым,

Чын дилден чыйырым уларым.

Чын дүйнө тарапка узасам,

Чыңырып боюма куларым.

 

Көлөкөм, берекем, көчүрмөм,

Көөдөндөн кайгымды өчүргөн.

Көз өтүп кетсе эгер балам бар,

Көп ыйлап аталап өкүргөн.

 

Жарыгым, жарымым, бөлүгүм,

Жалганда экинчи өмүрүм.

Жашоодо ичер суум бүткөндө?

Жанымда турарым сөөгүмдүн.

 

Данегим, боор этим, туягым,

Дартымды дарылап турарым.

Дарыя болсоң да таза аккын,

Денемден бөлүнгөн булагым.

 

Кечир апа

Оорусаң апа сени сакайта албай,

Ооруңду жок дегенде азайта албай,

Он балаң өз турмушун улап келет,

Он мүнөт көңүлүңдү тазарта албай.

 

Кечирчи алсыздыгым, кечир апа!

Кээде мен сөз келтирдим тетири апа.

Оорусак бала кезде айланчыктап,

Отурчу элең уйкуң кечип апа.

 

Кечээ эле жаныңа тың, жапжаш элең,

Кейитсек бир катуу сөз айтпачу элең.

Тентектик кылсак кээде түшүндүрүп,

Тескери баспагын деп какшачу элең.

 

А бүгүн бетиң бырыш, чачың аппак,

Жылмаюуң чыгып кайра жашынат бат.

Өткөн соң ыйлагандан эмне пайда,

Ак сүтүң алсак болмок азыр актап.

 

“Чөбөрө көрдүм –дейсиң-арманым жок”.

Жүрөгүң дале согот балдарым деп.

Апаке берчү кезде баарын сага,

Ачыгы, бергенимден алганым көп.

 

Тоок сымал он жөжөсүн калкалаган,

Коргойсуң дале бизди алкап анан.

Мээрине таазим этем апакебай,

Мерездик кылсак дагы таркабаган.

 

Кыргызсың сен Мария

Ак куудай, орус кызы үлбүрөгөн,

Акактай ак жүзүңөн Күндү көрөм.

Комузду безелентип, күүнү чертсең,

Козголуп жүрөк кылдай дирилдеген.

 

Колдоруң ойноп тентек улактардай,

Комузда тыбырчылайт улактардай,

Кыргыздын кылым күүсүн козгоп чертсең,

Орус кыз дегенге оозум турат барбай.

 

Чопо чоор тартып турсаң кубулжута,

Булбул да тыңшай калар үнүн жута.

Ооз комуз чертип турсаң марал сымал,

Кызындай кыргызымдын сының сыпаа.

 

Кыргызга тилин бербей дилин берип,

Кыргыздын күлүн көрбөй, гүлүн көрүп,

Ыр, күүсүн сүйгөн үчүн таазим сага,

Кыргыздын талантысың сүйүнгөнүм!

 

Мен өзүңсүз жетиммин

Кандай болсом мени ошондой кабылдап,

Кайыкканда отко айландың жалындап.

Караңгыда шоола болдуң дем берип,

Кантип анан унутайын аның бат.

 

Бир жаралып өчкөн кезде Уланым,

Билгизбестен өзөктөн өрт чубадың.

Бир эмизбей сыздасаң да тымызын,

Бир боорумдай кайра көңүл уладың.

 

Көлөкөмдөй калбай дайым жанашып,

Көзүм болдуң көрбөй калсам адашып.

Көр турмуштун жамгыр, шамал, суугунда,

Көөнөрбөгөн болдуң мага алачык.

 

Там тургуздук үмүт максат сүйүүдөн,

Тамызгыдай от тутанттың үйүмөн.

Таңды кечке тилеп анан жакшылык,

Таза арылттың тагдырдын оор жүгүнөн.

 

Далай ирет көңүлүңдү калтырдым,

Далай жолу сыздап жүрөк жанчылдың.

Дидарыңды жуудум бир топ көз жашка,

Дилиң ооруп тостуң таңын ар күндүн.

 

Кекчил болбой кемчилигим кечирдиң,

Кейишимди күлкүң менен өчүрдүң.

Келинчегим, үч уулумдун энеси,

Кең дүйнөдө мен өзүңсүз жетиммин.

 

Үмүт

Кемпир ак чач, араң жан,

Турат үрүң-бараңда.

Түмөн санаа ойлору,

Түрмөдөгү балада.

 

Шайы кетип шалдырап,

Басууга жок ал кубат.

Кудум окшош кемпирге,

Кулачудай там турат.

 

Сугарылбай алма-өрүк,

Куурап такыр калды өлүп.

Каралбастан короо жай,

Калган такыр чал да өлүп.

 

Эски жоолук башында,

Эч тарабай чачын да,

Арык атка окшошот,

Араң чыккан жазында.

 

Күйбөй оту кышкысын,

Үйдү каптайт ыш-түтүн.

Күрс-күрс кемпир жөтөлүп,

Кыйнайт кээде кышкы түн.

 

Үзбөй такыр үмүтүн,

Күтүп уулун күнү-түн,

Күндө жүз маал Кудайдан,

Тилейт аман жүрүшүн.

 

Кээде такыр алы жок,

Купкуу тартып каны жок.

Оору кыйнап, жанын жейт,

Денесинде жанып от.

 

Ооруп жатып көп ирет,

Ойго терең чөмүлөт.

Эстегенде эрке уулун,

Эт жүрөгү сөгүлөт.

 

Тагдыр азап жүктөгөн,

Жуунбай такыр биттеген.

Уулун күткөн кемпирдин,

Күнү жоктур күтпөгөн.

 

Ашып сексен белесин,

Эш туткан уул элесин,

Кемпирге алып келишти,

Муздак уулдун денесин.

 

Ыйлап кемпир бүкчүйүп,

Ичи өрттөнөт ич күйүп.

Кайран үмүт кемеси,

Күлгө айланды бүт күйүп.

 

Үмүт менен адамзат,

Жашайт тура кадамдап,

Кемпир кетти уулуна,

Кепин кийип жалаңкат.

 

Жаз жыты

Мурунду өрдөп, кан-жанымды жибиткен,

Муздак, муңдуу жүрөктөрдү тирилткен,

Касиетиң кандай укмуш жаз жыты,

Карыга да кайрат берип сүйүнткөн.

 

Сырын ачып сыздап турган жүрөктүн,

Сыркоолордун дартын жууган мүрөксүң,

Жагымдуусуң, жароокерсиң жаз жыты,

Жайы, кышы келет үйгө түнөткүм.

 

Өзүң менен өзөккө нур жүгүрүп,

Өң ачылып, өрчүп турат тирүүлүк.

Дарыгерим, данакерим жаз жыты,

Дарыядай акчы алайын киринип.

 

Назик, сулуу периштесиң жашынган,

Наристесиң шарт моюнга асылган.

Күндүн эгер нуру болсоң жаз жыты,

Гүл болоюн сени карап ачылган.

 

Бур дей түшсөң бугум качат узап бат,

Буктурмалап, сүйүү алат тузактап.

Бото көздүү селки болсоң жаз жыты,

Боорго бекем кысмак элем кучактап.

 

Өсүмдүктөр өзүң менен бүчүрлөп,

Өрүк гүлү өзүңдү өөп түшүмдөйт.

Жан сергитип турсаң дайым жаз жыты,

Жандууларда жашоо деми үзүлбөйт.

 

Кантип айтам

Ашып-ташып турган дайым нугунан,

Кош дарыя бир мезгилде соолуду.

Ажал аңдып шумкарларды туурунан,

Аалам кезер кезде неге тооруду?

 

Өлдү деген суук кабарга көнө албай,

Сыздап турат миң, миллион жүрөктөр.

Өмүр, өлүм экөөнү эки бөлө албай,

Кетти ээрчишип аруу достук, тилектер.

 

Канда ойногон козгоп кыргыз намысын,

Кашкая ырдап турчу элеңер жалтанбай,

Силердей уул арабызда бар үчүн,

Өткүр, бекем болдук кылыч, калкандай.

 

Жазганыңар мөлтүр таза булактай,

Туруучу эле көкүрөктөн оргуштап,

Көндүм жашоо көңүлдү эч ынатпай,

Көзүңөрдө турчу муңдуу ой кыштап.

 

Эл алдына чыгып жүрүп шартылдап,

Элесиңер элде калды сакталып.

Эх, силерди кантип айтам маркум деп,

Эми гана жанган кезде ак жарык.