Махабат Касейинова: Мен мен бойдон жашап өтүп өмүрдөн, Сен сен бойдон калсаң экен көңүлдө

Дүйнө – күн

Мен мен бойдон жашап өтүп өмүрдөн,

Сен сен бойдон калсаң экен көңүлдө.

Аргымактын алыс чабар багытын

Албай жүрөт айрымдары көңүлгө…

 

Дүйнө бүгүн жаралган жок же кечээ,

Бүтпөс сапар билбейм качан башталган?

Жаңы багыт жарата албай өзүбүз

Жолду басып келатабыз тапталган.

 

Алгач келип бул дүйнөгө жаралып,

Ата-энеден алган кезде жаңы ысым.

Билбептирбиз түмөндөгөн түйшүгүн,

Билбептирбиз түгөнбөгөн жарышын.

 

Жолугарсың сени билбес жандарга,

Баалай албас адамдарга жолдогу.

Аалам сүйөт жакшы сөздүү адамды

Ак тилегиң арнап койчу болгону!..

 

Отурамын бир бурчунда дүйнөнүн,

Ойлонгонум аалам, асман жөнүндө.

Сен сен бойдон жашап өтүп өмүрдөн,

Мен мен бойдон калсам экен көңүлдө!..

 

Мендеги сүрөт

Жаздын деми жаштыгымдай кулпурат.

Жаман-жакшы ойлор тынбай көбүрөт.

Айланамды бүтпөс түйшүк курчаган,

Алыс жактан тоолор гана көрүнөт.

 

Сыртка чыгам, үйгө кирем, ой басат,

Сырым ичте, эл сыяктуу күн көрөм.

Мени мендей ким түшүнөт, ким билет?

Мен дүйнөнү көргүм келет гүлдөгөн.

 

Жыйган-терген, бүт көр-жерди калтырып,

Жылаңайлак басып өтсөм чоң жолду.

Санаа мага алыс, кээде жакындай,

Сагынгансып жүрөт окшойм тоолорду.

 

Буулукканда, жүрөгүмө кыл сыйбай,

Эсиме алам өткөн-кеткен жылдарды.

…Сени тагдыр кандай күнгө туш кылды?

Мага тагдыр ушул күндү ыйгарды…

 

*****

Айыл,турмуш, азан-казан, дүйнө, күн,

Ай чапчыган сезимдер жок менде бир.

Асылдыктан аласалып баратам,

Акындыгым билесиңби сен деги?..

 

Күндө ушул, күткөн нерсем белгисиз,

Күйгөнүмдөн айтып турам бир сабак.

Үй турмушу – үңүлдөгөн бир дүйнө,

Калем сынат, жазыла албай ыр калат.

 

Бирөөлөрдүн айтып үйүн, бак-шагын,

Бирөөлөрдүн санап дүйнө, мал-жанын.

Элдин шары менен жашап үйрөндүм,

Элестете албастырсың калганын…

 

А ырларчы, мунарыктайт алыстан,

Алда неге таарынгандай карашып…

Анда-санда көз саламын ага да,

Айнектердин чаңын сүртүп баратып.

 

Миң бөлүнүп, миң чыйырга түшсө да,

Мендеги ойлор билем бир күн биригет.

…Айнек сүртүп, алыстарга тигилип,

Акындыгым эске түштү бул ирет.

 

Айыл, тагдыр, азыноолак оокат-жай,

Ай чапчыган сезим кайда мендеги?

Айтып келбе келди-кетти сөздөрдү,

Акындыгым билчү белең сен деги?..

 

Кайрадан жазгым келет сен жөнүндө

Жаш элем анда талдай жаңы бүрдөп,

Жаңырган айдай аруу, таза да элем.

Ал кездер жалаң сүйүү ыры болчу,

А азыр башаламан жаза берем.

 

Күткөнүм, сагынганым, издээрим жок,

Күйүтүм балким менин ушундадыр.

Жаз, жайым сумсайыңкы өттү неге,

Жакшы күн күздө, балким кышындадыр…

 

Кайрадан сүйүү ырларын жазгым келет,

Капыстан жолуктуруп жолдон бүгүн.

Тарс этип таштай албайм үстүмдөгү,

Тагдырым эчак салып койгон жүгүн.

 

Кайрадан жазсам гана сүйүү ырларын,

Кайрадан кезиктирип сени бүгүн.

 

*****

Билбейм кимден күтүп жүрөм эмнени?

Билбейм не деп айтат экен эл мени?

Периштедей деле жашай алмакмын,

Пенделикке түртүп кеттиң сен мени.

 

Карап коюп күндүн чыгып, батканын,

Карап коюп булут чалган асманын.

Келем жашап мен да сендей күнөөлүү,

Бул турмуштун кечип чаңын, баткагын.

 

Улам барат күндөр чачтай суюлуп,

Улам жашоо мага кызык туюлуп.

Жамгыр менен бир ыйладым, тазардым,

Жамгыр болду жашым менин куюлуп.

 

Тазарса дейм, ой-тилектер мендеги,

Тазарса дейм бүт адамзат жердеги.

Периштедей келет жашоо кечиргим,

Пенделикке түртпө кайра сен мени.

 

*****

Көпкө кийдим, көйнөгүм да эскирди,

Көргүм келбейт бул күндөрү эч кимди.

Карегимде оту барын кусанын,

Кимдер билди? Ким билсе да кеч билди.

 

Уйкусурап атат азыр ак таңым,

Уйкусурайт иш кылганым, басканым.

Үйүм күңүрт, күүгүм тартса айлана

Үргүлөөнүн үлгүсүндөй ак шамым.

 

Күмөн ойлор үмүтүмдү кыскартып.

Күндөн-күнгө өңүм барат суз тартып,

Жүрөгүмөн, тыз эттирип миң ирет

Чыгат азыр салмагы оор туз калкып.

 

Кадимкидей күлүп тосуп күзүмдү,

Баштагыдай жаркыса дейм жүзүмдү.

Көктү жиреп баскан кездер каякта?

Жер бетинен таппай жүрөм изимди…

 

*****

Сен деңизге барчу жолду билесиң,

Сезимдерим селдей ташып баштаса,

Көкүрөккө көп ойлорум батпаса,

Дал ошондо барчу жолду сурармын.

А чынында кереги эмне булардын?..

 

Азыр деле айтчу сөзүм көбөйдү,

Бирок бүгүн айтпаганым жөн өңдүү…

Күндөр өттү жалбырактар саргайды,

Күндөр келди дарак бүрдөп көгөрдү.

 

Миң бир күндүн жылуулугун сездирип,

Кыял жашайт тамырымда, канымда.

Азырынча баарын таасын белгилеп

Айтып турам сырларымды жаңы ырда.

 

Билбейм бүгүн мен эмнеге кубандым?

Кереги бар деги кимге булардын?

Сен башкысы барчу жолду унутпа,

Мен бир күнү деңиз жолун сурармын…

Билем, бир күн деңиз жолун сураймын…

 

*****

Ал жылдарды карабай өт, ал жылдар,

Алып учкан жаштык, мастык чагыдыр.

Бирөөнү ыйга жетелеген жол болуп,

А бирөөнүн ааламда жок багыдыр.

 

Ал жылдарды жайына кой, ал жылдар,

Миң толгонсо, кайра ордуна келбес иш.

Курган үмүт, кургак акыл андагы

Бир багытка түштү бекен, белгисиз…

 

Келечек күн үлбүрөгөн шам болуп,

Корксо коркуп жүргөн чыгар каргыштан.

Азыр бизге ак, карасы керексиз,

Ал жылдарды карабай өт, андыктан!..

 

*****

 

Ыр жазчудай дүйнөм бүгүн ашыгат,

Ырды койчу демек балким, а жарым.

Сезип ичтен аяп жүрөт ал мени,

Куйкалаган өрттүү ырдын азабын.

 

Арачалап калсам дейттир ал андан,

Азаптарды менден алыс ыргытып.

Ой бөлүнөт алда неге андайда,

Шыңгыр этет чыны колдон жылмышып,

 

Кир чайкалбай турат али тыштагы,

Жууркандарым жайыла элек кыштагы,

Туш тарабым бүтпөс оокат, а өзүм,

Турам азыр аалам кезип учканы…