Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына карата жарыяланган сынакта баш байгеге ээ болгон жаш калемгер Бегайым Нурланованын ырларын назарыңыздарга тартуулайбыз. Көңүл Ачуу айтпа, мейли болсом акылуу, Ченем-өмүр, чегерилген жыргал-муң. же сен менин табытыма баш уруп, же мен сенин табытыңда ыйлаймын! Катуу айтпа, каргышы көп бу турмуш! Канатыңдан кыркканга маш, неликтен?- ар жылыңда башатың кыш, учуң кыш, Ар сыйында аркы дүйнөң жеп ичтен! Татаал жолдо биз жоголгон аң-дөңдөр, Таарынычтуу артта канча күн өлдү? Сен Кудайды кандай көрсөң, андай көр! Мен Кудайды эч көрбөгөм- күнөөм бу… Күн төбөдө күлмүң этпей, аты толугу менен…..