Капар Токтошов: Башкы маселе

Башкы маселе

–Жылкы чарбасынын эмнеси жок дейсиң? – Байкем мени таң кала карап калды. Кызыл жүздүү, элүүлөрдөгү балжагай толук киши. Мен эс тартканы мал артында: кайсы бир жылдары чабан болчу, анан уй кайтарды, азыр жылкычы.

–Перспективасы.

–Ал не дегени?

–Келечеги жок дегени да.

–Байкем менден муну күтпөгөнбү же чала угуп калдыбы, «түшүнбөдүм» дегендей элтейет. Сөзүмдү кайталадым:

–Келечеги жок дегени.

–Ким айтат?

–Элдин баары эле айтып жатат.

–Бейчеки кеп, – деди байкем кайдыгер. – Эл да ошентип айтат бекен! Ат адамдын канаты да! Өз канатын өзү кескен эмени көрө элекмин, айланайын! Ошентиптир деп деле уккан жокмун. Келечеги жок имиш! – Ачуусу муунтуп, айтар сөзүн таба албайт. Булардын тукуму ушундай: атамды – агасын куп гана тарткан, болор-болбос нерсеге чычаладай жанып тутанып кетет. – Келечеги керек болсо момундай! – Эки колун канат кылып жайып ийди. – Жылкыга асылышат иштери жок калгансып!

Эми кыйкырганга өттү. Боз үйдүн туурдугу көтөрүлүп, аяктан таң кала караган Эрмек жеңемин жоолугу көрүндү. Байкем тайсалдай түштү. «Кайдан айта койдум эле?» деп өзүмө-өзүм өкүнө жер тиктейм. Анан агама таарынам: «Мынча чычалагыдай эмне жөнү бар?» Саамга унчугушпай турдук. Жок, бирок, жеңемдин жоолугу туурдуктун артына кирип көрүнбөй калары менен байкем суроо салды:

–Айтчы, атты жоготуп малды эмне менен кайтарасыңар?

–Жоготпойбуз, азайтат деп жатам го.

–И-и, мейли. Бир чабандын аты аксап калды мисалы. Бөлөк аты жок болсо коюн жөө кайтарабы?.. Жөө куруйт го!.. Же лесепет мененби ыя?

–Кызык киши экенсиз.

–Ики, кайра кишини кызык кылып коёт!.. Эмне кымыздын дарылыгы да жалганбы анда?

–Жалган эмес.

–Жалган болбосо жылкынын келечеги жок болобу? Айтсаң айланайын? Эмнеге төө кайтаргансып ыркыйып жүрөсүң дейм да! Кымыз ичпейсиң, во! Элдин алтымыш просентине кымыз жетпейт. Ошон үчүн ырак менен жүрөк оору кутургандай көбөйүп жатат!.. Анан жылкы баласынын келечеги жок деп коёт!

Ачуум келди.

–Муну эмне… мен чыгарып жатыпмынбы?

–Сен деген жокмун айланайын. Оозуна алы жетпеген бүйрөкраттар чыгарат андай сөздү. Ошолорду оозго коюш керек, билдиңби?! Атты коюп дүйнөнү ойлондурган маселеге көңүл бурсаңар боло.

–Кайсы?

–Кайра менден сурайт?… – Жандана түштү. – Айтчы, азыр дүйнөнү кайсы маселе ойлонтот, баарынан бараандуусу? – Ойлонуп калдым эле, байкем минтип толуктап койду. – Са-а-мый главный маселе?

…Мен бала кезде байкемдин башкы маселеси кой боло турган: үрүл-бүрүлдө коюн жайытка чыгарып, каш карайгыча жайчу. Анан кантип алдыңкы чабан болбойт!.. Кичине-чоң жыйындарда сөз тийип калса минтип бакылдаар эле: «Бизди кийинткен ким? Кой. Тоюнткан да кой. Биз койду баксак, кой бизди багат. Вот, башкы маселе ушу».

«Главный маселе» дегенди укканда бырс күлүп ийдим.

–Самый главныйы кымыз да.

–Жок.

Байкем какшыгымды этибарга албай токтоо унчукту:

–Бүт дүйнөнү ойлонткон маселени сурап жатам.

–Тынчтык.

Шык эттире таңдайын такылдатып, «ушуну да билбейсиң» дегендей сынаакы көз кырын салат.

–Жарыша куралданууну токтотуу.

–Ыя, кудай! Деги сен гезит окуйсуңбу? Же он беш жыл окудум, жетет деп жүрөсүңбү?.. – Жарылып кетти. –Айлана-чөйрөнү коргоо. Вот, главный маселе ушу! Аны кантип коргоп атасыңар, ушу тууралуу айтып берчи?

–Жазып жатабыз, айтып жатабыз, ушунун баары пропаганда. Андан тышкары коруктар курулуп жатат.

–Дагы?

–Дагы айтса толуп жатат. «Кызыл китеп» деген бар.

–Толуп жатат деп коёт, – байкем мурдун чүйүрдү.

–Толуп жатканы ушубу? Ошо сырты кызыл китебиңерге жан-жаныбарды эмес, адамзатты киргизиш керек биринчи очиретте. Аны ойлобой жылкыга асылышат… – Туталанып, ойлуу унчугат. – Билсең азыр аба булганууда.

–Ошону айтып атса…– дедим сөздү бөлүп кеткенине нааразы боло. – Азыр бардык жерде фильтр орнотулган. Абаны булгагандарды өкмөт иттей кылат штрафты олчойто салып.

–Анда эмне машийнелерге ыштрап салбайт?

–Алардын деле түтүнүнүн көбү тазаланып чыгат.

–И, макул, – деди байкем жанагы калыбында. – А сендей чашкиндердин мурдуна пилтр койсо болбойбу?

Жаңы эле күйгүзүп кыйшайта тиштеген тамеким оозумдан ыргыды. Анардай кызарып, бүт денемди майда тер басты.

–Ай, байке, а-ай! – Ыңгайсыздана күлүмүш болуп баш чайкадым.

Ушинтти да байкем заматта таанылгыстай өзгөрдү. Жүзүндө нааразы болуунун изи калбай, бүтүгүй көздөрүнөн кубанычтын оту жанат:

–Айтпады дебе, өкмөт жакында биздин чоңдордун машийнелерин таптакыр кыскартат карап тур. Ат берет аларга. Илгери так райкомдордун өздөрү ат менен жүрчү өлбөй-житпей эле!

Башымды ийкеп тыңшап турам.

–Машийнесинен ажыраганда чоңдоруң мына мага келишет жалдырап. – Узун сөөмөйү менен көкүрөгүн сайып койду. – Ошондо мен айтам минтип: «И-и, ат баласынын келечеги жок дечү элеңер го. Эмне болду эми?» деп. «Кечирип кой, аксакал, ит болуппуз» дешеби? Дебей көрсүнчү?! – Ызырынып алды. – Ал күн алыс эмес, карап тур, анча алыс эмес…

Байкем сөзүн ушундайча аяктады.

Асман ачык. Жайлоонун салкын абасы бетеге, тулаң жыттанат. Жуушаган жылкылардын анда-санда кошкурганы болбосо теребелди өлүү жымжырттык баскан.

Түнкү шоокумда байкемдин үңкүйүп башты жерге салган кебетеси таш молону элестетет. Шамал үйлөп, ысык менен суукка мокогон мололор эски менен жаңыны боорго кыса кучактап, жаман менен жакшынын кармашына курчуган түтүн жыттуу, ыш жыттуу, ылдамдык менен ызы-чуунун мезгилине сынаакы, үмүттүү карайт…

…Ошол калыбында көпкө отурду байкем…

1980-ж.