Күндү сүйгөн бактылуу акын

Бүгүн Рамис Рыскуловдун туулган күнү. Элдин эрке акыны, эл акыны көзү тирүү болгондо бүгүн 89 жашка толмок. Бул күндүн урматына “Супара” этнокомплексинде “Күндү сүйгөн бактылуу акын” аттуу эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

Эскерүү кечеге КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, төраганын орун басары К.Кадыракунов, КР Эл акындары жана эл жазуучулары Т.Мамеев, М.Абакиров, М.Мамазаирова, Н.Жаркынбаев, С.Акматбекова, А.Өмүрканов, К.Култегин, Т.Нурманбетов, А.Жакшылыков, Ж.Саалаев, адабиятчы, академик О.Ибраимов, Э.Кылычев, К.Сариева, А.Эгембердиева, К.Зарлыкова ж.б. акын-жазуучулар, акын, котормочу, адабиятчы М.Синельников, “Супара” этнокомплексинин директору Ж.Турганбаева катышты.

Эркин жашап, эркин жазып, эркин жүргөн акындын эскерүү иш-чарасы эркин форматта өтүп, кеченин катышуучулары эркин баарлашып, акындын ырлары окулуп, “Ак шоола” балдар хору, музыка чеберлери ыр ырдап, келген элдин жарпын жазышты.

Бул иш чара “Супара” этнокомплексинин жетекчилиги тарабынан демилгеленип, салттуу түрдө улана турган болду.