Гүлзат Дооранбек кызы: Билсең эгер бүт дүйнөмсүң сен менин, Күнүм болуп чыгып турган булуттан

Сендик болуп калайын

-Сени сүйөм….

-мен да сүйөм кымбатым,

Кооздоп жаздым махабаттын ырларын.

Сен бар үчүн сыноосуна сынбастан,

Мен жашоонун көрүп келем жыргалын.

 

-Сагындыңбы?

-ооба абдан сагындым,

Алыс жакта сагынычка кабылдым.

Сени эске салып турчу ар убак,

Кусалыктын ак шурусун тагындым.

 

-Эсиңдеби?

-азыркыдай эсимде,

Эң алгачкы бүлүк салган сезимге.

Сени сүйгөм, эстедиңби сен дагы,

Эрке мүнөз, күлгүн курак кезимде.

 

-Күттүң беле?

-күтүп жүрөм азыр да,

Келер деген үмүт менен жазында.

Сени издеп, сен деп жүрөт байкасаң,

Сага деген сезимдерим ар ырда.

 

-Барам бир күн…

-келчи анда эртерээк,

Басчы бирге колум кармап жетелеп.

Бекем кысып, моюнуңа артылып,

Алайынчы кучагыңда эркелеп.

 

-Мени унутпа…

-сени кантип унутам,

Ойлорума салат сени буурул таң.

Билсең эгер бүт дүйнөмсүң сен менин,

Күнүм болуп чыгып турган булуттан.

 

-Сендик болом…

-мендик кылып алайын,

Ак сүйүүмө бапестейин, багайын.

Арнап сага өмүрүмдү, өзүмдү,

Эки дүйнө сендик болуп калайын.

 

Өмүр шамы

Күлкү болсо, күйүт болуп бир жагы,

Күлгүн жаштын сынды куурап бир шагы.

Ичти өрттөп мына бүгүн билинбей,

Өмүрүмдүн өчтү дагы бир шамы.

 

Канча жолу тепселендим, кирдедим,

Капа тартып кээде өзүмдү тилдедим.

Ылдам өтүп бара жаткан бул күнгө,

Ыйлашымды, же күлүшүм билбедим…

 

Көргөн жандар байкуш мына дебесин,

Жамындым да бактылуу жан элесин.

Бүгүн менен жашап алып баратам,

Өлбөчүдөй айдап өмүр кемесин.

 

Чачырадым, сынып далай төгүлдүм,

Жаман ойго чөктүм, канча көмүлдүм.

Жашайм эми күлкү менен дегиче,

Жазы кетип, кышы келди өмүрдүн.

 

Жакшы жагым таппай бүгүн өзүмдүн,

Жаштыгымдын да бир шамын өчүрдүм…..

 

Калса да баары көңүлдөн

Ушак сөз, сынга жан дүйнөм далай көмүлгөн,

Жашоомдо көптөр акылдуу болуп көрүнгөн.

Тепкилеп көрөт жөн койсом, анан эртеге,

Тынч койбой чукуп чыгышат сууруп көрүмдөн.

Өзгөнүн сөзү деп жүрүп анын айынан,

Ансыз да көптөр бакыттын шамын өчүргөн.

Не дейт деп коркуп, жемесин угуп алдында,

Мен эмес алсыз… жалдырап ыйлап төгүлгөн.

Эч бир жан мени өзгөртө албайт анткени,

Өзүм деп жашап өтүүгө келгем өмүрдөн.

Өзүмдү өзүм сүйгөнүм жетет түбөлүк,

Сүйүлбөй мага калса да баары көңүлдөн.

 

Кучагыңдан чыгарба

Тосуп чыгып ач садагам койнуңду,

Бара жатам, сен да куса болдуңбу?

Башка бирөө ээлеп алып жүрбөсүн,

Кучагыңда мен түнөөчү ордумду.

 

Көөдөнүмдөн капалуу сөз чыгарда,

Жүрөктөрдү эки бөлүп сыгарда.

Кош айтышып: “кетем болду”-дегенде,

Коё бербе, кучагыңдан чыгарба.

 

Сени күткөн артта нечен калды күн,

Жарык чачып жылуулугун салды түн.

Эки тарап кетпөө үчүн эртеге,

Түбөлүккө сендик кылып кал бүгүн.