Эльчин Ильяс оглы Эфендиев: Лифт

Азербайжан жазуучусу, драматург, адабият таануучу, сынчы Эльчин Ильяс оглы Эфендиев –1943-жылы Баку шаарында төрөлгөн. Баку мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Филология илимдеринин доктору.

Азербайжан Республикасынын илимдер академиясында, жазуучулар союзунда эмгектенген. Азербайжан парламентинин депутаты, Премьер-министринин орун басары болгон.

Ленин комсомолу сыйлыгынын жана Джафар Джаббарлы сыйлыгынын лауреаты. Азербайжан эл жазуучусу.

Лифт

1

…Андан кийин кайра баягы ызы-чууну уктум, бул төмөн карай түшүп жана жогору көтөрүлүп жаткан лифттин үнү болчу. Анан мага күтүлбөгөн жерден эле мен өзүм дал ушул лифт болуп калганымдай көрүндү. Мен – лифт! Ошол учурда фантастикалык ойлорум ишке ашканын элестете да албайт элем – мен лифтке айландым.

Бул үйгө көчүп келгенибизден тартып бир нече жылдан бери үй-бүлөбүз менен күн сайын Кудайдын жардамы менен ушул лифт аркылуу он үчүнчү кабаттагы батирибизге көтөрүлөбүз.

Ушул гана лифт мененби?

Бирок мен лифт болсом, анда мен бул лифтти кантип колдоном? Мени менен болгон окуя ушунчалык укмуштуудай болгондуктан, кандайдыр бир табышмактуудай сезилет.

Эмне үчүн, эмне үчүн бул укмуштуудай таржымал дал мени менен болушу керек?

«Ошол жарык барбы?» – бул суроого эч ким жооп бере албайт. Бул – бар болгону үмүт, ал эми өлүм коркунучунун алдында сен аны самандай кармап каласың – бардыгынан али кол жууй элексиң. Бирок, тилекке каршы, бул үмүт азыр менден абдан алыста, кол жеткис болуп калды, анткени мен эми адам эмесмин, мен – лифтмин, демек менин жашоом (жашоомбу?) мындан ары Кудайга эмес, а электр энергиясына көз карандылыкка өттү.

Алгачкы убактарда, эшиктер ачылган кезде мен колдорумду эки жакка кеңири жайып, кирип жаткан адамдарды кучактап тосуп алып жатканымдай сезилчү. Мүмкүн адамдардын баарлашууга болгон керектөөсү ушундай сезимди жараттыбы, билбейм – бирок менде аларды кучактап тосуп ала турган каалоо жок болуп кетти, бирок, аттигиниң ай, бул менин каалоомо жараша болбойт – менин каалоомо карабастан эшиктер ачылып-жабыла берет.

Көп өтпөй эле электр жарыгын өчүрүү менин эң чоң каалоо-тилегим болуп калды. Бирок электр жарыгын өчүрүп коюшса мен эмне кыла алат элем? Мен жок болмокмун, анткени мен эми адам эмесмин, мен лифтмин, менде куткарып кала турган бир тал саман да жок болчу, а азырынча жаңы болгон соң мен жок болуп кетүүнү каалабадым.

Андан кийин электр жарыгын өчүрүү эч нерсени чечпей тургандыгы анык болду. Бир жолу электр жарыгы өчүп, мен көздөн кайым болдум. Бирок аны берүүнү бат эле калыбына келтиришти, мен кайрадан пайда болуп, мурдагыдай эле көтөрүлүп-түшүп жаттым.

Бул түш көрүп жатып ойгонгондой эмес, анткени сен түш көрбөйсүң, ары-бери оодарылбайсың, жөтөлбөйсүң. Бул жок болуп кетип, кайрадан болмуштан пайда болгондой туюлат.

Электр жарыгын өчүрүшкөндө мен жок болуп кетип, а аны калыбына келтиришкенде мен кайрадан пайда болдум. Бул Чыңгызхандын таштарындай эле – азайып, анан кайрадан калыбына келгендей болуп. Чыңгызхан согушка аттанганда анын жоокерлеринин ар бири жерге бирден таш ыргытышкан. Бири-биринин үстүнө түшкөн таштар чоң дөңсөөнү пайда кылган. Жортуулдан кайтып келгенден кийин ар бир жоокер бул дөңсөөдөн бирден ташты көтөрүп алышкан. Калган таштар боюнча Чыңгызхан өзүнүн жоготууларын санаган. Андан кийин армияга жаңы, жаш жоокерлер кошулушкан, анан бардыгы кайрадан кайталанган. Ошентип дөңсөөлөр бирде чоңоюп, бирде кичирейип турган.

2

Мен Тарых илим-изилдөө институтунда илимий кызматкер болуп иштейм, байыркы цивилизациялар, негизинен шумерлердин маданияты боюнча адистешкем. Ошол жаздын таңында, адаттагыдай эле, саат сегиз жарымда – жумуш эртең менен тогузда башталат – үйдөн чыгып, лифттин кнопкасын бастым. Лифт мени күтүп тургансып дароо эле эшиктери ачылды.

Кээде лифт мени он үчүнчү кабатта күтүп турганда мени кандайдыр бир жеңилдик жана ишеним артуу сезими курчап алчу. Ошол маалда мага лифттин эшиги ачылганда оң энергия айлананын баарын каптап, бул энергия менде көп боло берүүчү, анын себебин өзүм да түшүнө бербеген жаман маанайымды беш-он мүнөткө башка жакка алып кеткендей сезилчү.

Айланага төгүлгөн ушул убактылуу оң энергияга толгон ошол жаздын таңында лифтке киргенимде мени капыстан эле муздак тер каптап, сыя соргуч кагазга төгүлгөн сыя жайылып бара жаткандагыдай ылдамдыкта менин денем эрип баратканын, күзгүдөгү чагылышым эрип жана жок болуп кеткенин сездим. Мен лифттин ички бөлүгүнүн эң бир майда-чүйдөлөрүн, төрт дубалын, таманы менен шыбын көрдүм, бирок ичинде өзүмдү көргөн жокмун, лифттин ичи бош болчу: мен лифтте болчумун, ошол эле учурда мен анда жок болчумун.

Менин портфелим – ушул портфелимди көтөрүп жумушка барып жатканыма жыйырма бир жыл болду – ал лифттин бурчунда жатты, мен анын чалдыбары чыгып эскирип калганын эми гана байкагандай болдум окшойт.

Кыйкыргым, созулуп-керилгим келди, болмуштан бошонуп чыгууну кааладым, бирок колумдан эч нерсе келбеди, кыйкыра албадым, анткени менде үн да, ооз да жок эле, менин бүткүл денем жок болуп кетти.

Мен лифтте эмес элем, мен лифт болчумун.

Мен катуу ылдамдыкта 1-кабатка түштүм, эшиктер ачылды, кабинага бешинчи кабатта жашаган эркек киши кирди, эртең менен мен аны менен көп жолугам, ал неберелерин бала бакчага алып барып кайра кайтчу, ал мени түшүнөт, иши кылып мага жардам берет деп аңкоолук менен үмүт арттым, бирок ал лифттин бурчунда жаткан менин портфелиме таң калуу менен гана карап койду.

«Бул менмин, мага жардам керек» деп кыйкыргым келди, туурасын айтканда, кыйкырдым, бакырдым, бирок үнүм чыкпады, качан гана бешинчи кабатта эшиктер ачылганда ал эркек киши кайрадан менин портфелиме суроолуу көз жүгүртүп коюп лифттен чыгып кетти.

Анан мен тез эле 18-кабатка көтөрүлдүм, эшиктер ачылды, биздин подъезддин эң сулуу кызы (чынында бүткүл дүйнөдөгү!) лифтке кирди, эшиктер жабылды, кыз биринчи кабаттын кнопкасын басты, анан менин сумкамды карап, аны тааныгандай болуп жылмайып койду. Чоң кара көздөрүн менин портфелимден алып, күзгүдөгү өзүнүн чагылышын кылдаттык менен карап, көкүрөгүнүн ортосундагы чуңкуру бир аз көрүнүп турсун үчүн күрмөсүнүн астындагы көйнөгүнүн үстүңкү топчусун чечип койду.

Анын атын билчү эмесмин, ар бир жолу лифттин жанында аны менен жолукканымда же лифтте чогуу жогору көтөрүлгөнүбүздө бири-бирибизге жылмайып учурашып калчубуз – болгону ушул. Албетте, бул кыз менин кыялымдагы Нинлиль кудайы дайыма анын образы менен айкалышып тураарын биле алмак эмес. Түндөсү ал мага Нинлилдин кейпинде жылаңач болуп келчү.

Кыз жылмайды да, өзүнүн чагылышына көзүн кысып койду, бирок ошол учурда мен анын сулуулугуна кайдыгер болуп турдум, анткени бүт күчүмдү жыйнап туруп лифт болуп калдым, мейли бул кыз – менин жүргүнчүм! – мага жардам берсин деп кыйкырып жибергим келди. Бирок менин бар экендигим көзгө көрүнбөгөн жана үн-сөзү жок аң-сезимден тургандыктан бул кыз мага кантип жардам бере алмак? Жөн гана кийинчерээк бул кыз мени менен күн сайын биринчи кабаттан өйдө көтөрүлүп же ылдый түшкөндө менин көзгө көрүнбөгөн бүткүл жандүйнөмдү жагымдуу толкун курчап алчу – бир саамга мага жука тунук кийимге оронгон Нинлиль кирип келе тургандай, бул толкун анын ак, жумшак, жылмакай жана жагымдуу денесинен чыгып жаткандай туюлчу.

Мен лифт болуп калган ошол жаздын таңында биринчи кабатта эки бейтааныш адам лифтти (башкача айтканда, мени) күтүп турушту. Менин сулуум (менин Нинлилим) чыкканда алар лифтке киришти да, он жетинчи кабаттын кнопкасын басышты, анан мен ылдамдык менен жогору көтөрүлдүм.

Андан кийин мени онунчу кабатка чакырышты.

Бул Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Мурсал Сулейман жашаган кабат эле.

Имараттын кайсы бир кабатын жек көрүү мүмкүнбү? Мүмкүн! Биздин имараттан мен дал Мурсал Сулеймандын айынан онунчу кабатты жек көрчүмүн.

Мени онунчу кабатка чакырышканда менин жашоомдун ушундай оор жана кайгылуу учурунда аны таптакыр көргүм келбей калды деп ойлогом. Бирок мен лифт болгон соң кнопканын басылышына толук бойдон баш ийип калдым. Мен онунчу кабатка токтодум, эшиктер ачылып, Мурсал Сулейман кабинага кирди.

Бирок, качан болсо да бир нерсе менин каалоом боюнча болгон беле?

Бул орто бойлуу, толук, кекчил жана менменсинген адам баскан тоокко окшош болчу, сүйлөп жатканда сени каарга толгон көздөрү менен караган бул тоок өзүнүн балапандарын коргоого камданып жаткандай туюлчу.

Ал биринчи кабаттын кнопкасын басып, менин портфелимди көргөндө аны дароо тааныды да, өзүнчө эле ачууланып кобурай баштады.

– Бул шордуу эми өзүнүн портфелин унута баштаптыр да… – Анан ал портфелди туфлисинин тумшугу менен эшиктен алыстатып түртүп, кайрадан кобуранды: – Шордуу, шордуу…

Чындыгында бул Мурсал Сулейман менин бөлүмүмдүн башчысы болгон. Атропатен жөнүндөгү монографиясы үчүн мамлекеттик сыйлыкты алган. Кембридж университети бул монографияны англис тилине которуп жарыялаган. Аны Японияда да жарыялашкан. Азыр ал Кавказ Албаниясы менен алек болуп, бөлүмдүн бардык жыйындарында мени башка кызматкерлердин алдында жемелөө үчүн ыңгайды колдон чыгарчу эмес:

– Шордуум, сен кимге кол созуп калгансың, шумерлергеби? Бул теманы аягына чыгара аласыңбы?

Же:

– Шордуум, кийимиңе карап бутуңду сун!.. Жыйырма жылдан бери бир диссертация менен алышып жүрөсүң жана аны эч бир бүткөрө албай келе жатасың!

Же:

– Бул шордуу аны менен шумерлердин ортосундагы аралык шумерлер менен азыркы замандын ортосундагы аралыктан жүз эсе көп экенин түшүнбөйт!..

Ушундай өңүттөгү дагы башкалары айтыла берет.

Бирок бул какылдак кечкисин керебетке жатып алып, көзүмдү жуумп, байыркы Шумерди аралай, Евфратты бойлой сейилдеп басып жүрүп өзүмдү дүйнөдөгү эң бир бактылуу адам катары сезгенимди элестете да албайт эле. Ырас, бул болгону кыялдар болсо эмне экен? Чындыгында өзүңдүн кыялдарыңдан сезип-билген бакыт кыйла таттуу сезимдерди тартуулайт, анткени чыныгы жашоодогу бакыт – салыштырмалуу болуп саналат. Элестетилген дүйнөдө жашап жаткандагы бакыт толук, бүтүн, теңдешсиз жана чексиз болот.

Мен Евфраттын жээктерине тигилген ар бир ыйык мажүрүм талды билчүмүн, алар да мени билишээрин, мени күтүшөөрүн, мага кубанышаарын сезчүмүн. Мен Энлиль сыяктуу жээкти бойлой ары-бери басып жүрчүмүн. Чындыгында мен өзүмдү Асман менен Жердин уулу – Энлиль деп сезчүмүн жана ошол элестүү кооз дүйнөдө мен шумерлердин борбору Ниппурдун кудай колдоочусу элем. Ал эми Ай, Жер астындагы дүйнө, кудайлардын элчилери жана эң күчтүү аскерлер менин уулдарыма баш ийишкен.

Мен шумер жомокторун, шумер ырларын уктум, шумер бийлерин көрдүм, ошол түндөрү Нинлиль кудайын сүйүп калдым. Нинлилдин денесинен тунук кийими чечилип түшүп, анын ысык көкүрөгү ийиндериме тийип, анан анын назик жана ушунчалык жагымдуу колдору көкүрөгүмдү сылап жатты. Мына ушундай эң сонун көз ирмемдерде жер жүзүндөгү эң байкуш адам мен эмес, а Кембридж университетинде монографиясы жарыяланган Мурсал Сулейман болду.

Акыры, биринчи кабатта эшиктер ачылып, Мурсал Сулейман (акырында бул кишини жогору көтөрүп жана төмөн түшүргөнүмдө мага секундалар эмес, а чексиз мүнөттөр өткөндөй сезилди) чыгып, мени он үчүнчү кабатка – менин кабатыма чакырышты.

Менин жүрөгүм абдан түрсүлдөп сого баштады деп айтып ала жаздадым, бирок жок нерсе кантип сокмок эле? Акыл-эсим дүргүп, он үчүнчү кабаттын эшиктери ачылганда уулум менен кызым кирип келишти.

Мектепте жазгы каникул башталып, алар таенесине – менин кайненеме барууга даярданып жатышкан.

Ошол учурда мен кызымдын менин портфелимди көрүшүн каалабадым, анткени күтүлбөгөн жерден менин чалдыбары чыгып эскирген портфелим үчүн уялуу сезими пайда боло түштү, бирок кызым дароо көрүп калды:

– Ой, бул атамдын портфели да!.. – деди ал.

Менин кыйкыргым келди: «мен бул жердемин, коркпогула, мен лифт болуп калдым». Бирок менин үнүм бүткүл ой-сезимимди толтуруп алгансып аны аба шарындай кылып жардырууга даяр турду. Мен өзүм да ушундай болушун, денем эле эмес, ой-сезимимдин да жок болуп кетишин кааладым.

Кызым менин портфелимди көтөрүп алды да, лифт биринчи кабатка токтогондо, ал кайра он үчүнчү кабаттын кнопкасын басты; жеткенден кийин үйгө шашышты. Ошондон кийин бир канча убакыт менин жоголуп кеткендигим тууралуу гана айтышты. Лифтте бизге келишкен кошуналар жана туугандар ар кандай божомолдоолорду чыгарышты: ал (башкача айтканда, мен) өз жанын өзү кыйды, балким, төлөй албаган карыздары бар болсо керек, аны өлтүрүштү, аны уурдап кетишти (эмне үчүн?..)

Бир жолу аялым менен кайненем лифттен төмөн карай түшүп баратышканда кайненем айтып калды:

– Сен аны менен ушунчалык урушуптурсуң, анан ал чыдай албай сенден качып кетти.

– Апа, мен андан бир нерсе талап кылдымбы?! – деди аялым көз жашын төгүп.

Ошол учурда онунчу кабаттан чакыруу келип, мен токтодум, эшиктер ачылып Мурсал Сулейман кирди. Ал менин аялым менен учурашып, анын жүзүнөн көз жашын байкап, чын ыкластуу үн менен айтты:

– Эми колубуздан эмне келет?.. Бул жашоо. – А мен биринчи кабатка токтогондо коштошту: – Кош бол. – Анан өзү менен өзү сүйлөшө лифттен чыгып кетти: – Ким эле өзүнүн маңдайына эмне жазылганын биле алат?.. Баары Кудайдын колунда.

Ошентип, өзү менен өзү сүйлөшүп, ал үйгө кирүүчү сырткы эшиктен чыгып кеткенинде мен анын эмне деп айтканын уга албай калдым.

Кызык, ошондон бери мен онунчу кабатты жек көрбөй калдым.

Эмнеге? – билбейм.

Ушинтип күндөр өтө берди.

Баары тынчып калышты, эми мен жөнүндө эч ким сөз кылган да жок – мени баары унутуп коюшту. Атүгүл балдарым да мен жөнүндө сүйлөшпөй калышты, кандай болсо да алар мени эстеп жүрүүлөрүн абдан каалап турсам дагы алардан бир ооз сөз укпадым.

Эми менин каалаганымдын кимге кереги бар дейсиң?

Өйдө көтөрүлүп-ылдый түшүп жаткан лифттин үнү менин элес дүйнөмдү талкалайт. Ал турсун кечинде да мен Евфраттын жээгинде ары-бери басып жүрө албайм, ыйык мажүрүм талдарды кубанта албайм, өзүмдүн элестүү букараларыма көрсөтмө бере албайм, анткени мен мындан ары кудурет-күчтүү Энлиль боло албайм, анткени мен лифтке айландым. Мен дайыма чыңалуу абалында болгондуктан, кечкисин эми Нинлилди да сүйө албай калдым. Азыр кайсы бир кеч калган тургун кнопканы басат, эшиктер күр-шар этип ачылат, көбүнчө мындай учурларда жүргүнчү менен кошо лифттин кабинасына спирттин жыты кошо кирип, андан улам сулуулук кудайы Нинлиль заматта эрип жок болуп кетет.

Кээде мен өзүмдүн эски портфелимди эстейм, мага бул портфель бир кездерде адам болгондой сезилет.

Кыязы, мен акылымдан адашып калдым окшойт.

Мен – лифт дегеним.

3

Сизиф өлгөндөн кийин ага эң бир катаал жаза берилди, бирок анын күнөөсү эмнеде эле? – ал өлгүсү келбей Өлүм Кудайын алдады. Бир гана мен «Ким» эмесмин, мен «Эмнемин», менин ой-сезимимден башка менде эч нерсе жок. Бирок мен да өлгүм келбейт. Мен болмуштун жоктугунан корком.

Бир гана ой-сезимден турган менин жан дүйнөм таң эртеден баштап (кнопка басылгандан баштап) эл орунга олтурган убакка чейин бир нерсени түшүнүүгө аракет кылса да эч түшүнө албайт: эгер мен «Ким» эмес, а «Эмне» болсом, анда эмне үчүн мен ушундай сизифтик эмгекке өкүм кылындым.

Сизифте, балким, жок дегенде качандыр бир кезде ал килейген чоң ташты тоонун чокусуна чейин тоголотуп чыгарып, анан бул таш ылдый карай кулап түшпөйт деген үмүттүн учкуну болсо керек. А менде качанкы бир мезгилде бир нерсе жасай алам деген кыял-үмүтүм да жок болчу, анткени мен үчүн бул «бир нерсе» жок эле.

Сизиф Өлүм Кудайын алдап, аны туткунга түшүрдү, а мен жөнөкөй адам, миллиондогон жөнөкөй кичинекей адамдардын бири элем, ушундай эң эле оор жана катаал жаза алгыдай менин кандай күнөөм бар эле?

Мен ооруканада төрөлдүм, чоңойдум, бала бакчага, андан кийин мектепке бардым, кийин университеттин тарых факультетин бүтүрдүм, илим-изилдөө институтунда илимий кызматкер болуп иштедим, үйлөндүм, жубайым – үй кожойкеси, эки балабыз бар. Мен лифт болуп калганга чейин уулум сегиз жашта, кызым он бир жашта эле – болгону ушул! – менин бүткүл жашоом, болгон өмүр баяным.

Мүмкүн мен кимдир бирөөнү таарынттымбы? – жок, мени көбүрөөк таарынтышты. Өмүрүмдө мен эч кимге сөөмөй кезеп да көргөн эмесмин. Ал эми үйлөнгөнгө чейин менин жашоомдо аялдар жок болчу, үйлөнгөндөн кийин аялымдан башка аялдарды (…Нинлилден башканы?) билбедим. Айлыгымдын баарын акыркы тыйынына чейин үй-бүлөмө берчүмүн. Эч качан эч кимди сатып кеткен эмесмин – анан ушундай жаза аламбы?!

Эмне үчүн?

Кээде мен ойлойм, балким он үч саны чындыгында эле таалайсыздыкты алып келеби?

Кайненем эки бөлмөлүү батирибиздин 13-кабатта экенин укканда жаман болуп таң калган.

«Он үчүнчүдө… – деди ал. – Эмне үчүн он үчүнчүдө?»

Бирок, эгерде ушул логикага таянсак, анда Бакуда гана эмес, бүткүл дүйнө жүзү боюнча он үчүнчү кабатта жашагандар лифтке айланышы керек. Мен бул тууралуу ойлогондо өзүмө өзүм айтамын:

– Бул мындай эмес экенин сен кайдан билесиң?

– Бул тууралуу ким биле алат?

– Эч ким.

– Сенин лифтке айланганыңды кимдир бирөөлөр билеби?

– Жок!

Акыркы убакта мен эми мурункудай жоголуп кетүүдөн коркпой калдым, атүгүл менин ой-сезимимдин түпкүрүндө жаралган ойлор мага жок болуп кетүү каалоосуна айлануу менен асфальтты жарып чыккан чөп сыяктуу өсүп, барган сайын чыңалып бараткандай сезилет. Анан электр жарыгы өчүп калганда аны калыбына келтирүүлөрүн каалабайм. Бирок, тилекке каршы, менден эч нерсе көз каранды эмес.

Менин каалоолорум азыр сокур тыйынга да турбайт.

Лифт өйдө көтөрүлүп-ылдый түшө берет.

Лифттин эшиктери ачылып жана жабыла берет.

Мен айыпталдым.

Орусчадан которгон: Таалайбек Темиров