Алтынай Темирова: Сынык асман

СЫНЫК  АСМАН

(психологиялык драма)

КАТЫШУУЧУЛАР:

– Жигит

– Эне

– Түнсулуу

– Дана

I

Декорацияда: эки тарабы кандайдыр бир кап-кара куштун канатындай калдайган караңгылык жаап келаткан асман, бир чети гана кичине көгөргөн көк – асмандын сыныгындай. Сахнанын ортосунда бажырайган көздөрүн алыска кадап: далылуу, бойлуу, сымбаттуу, сулуу жигит кайдадыр телмирип келатат. Эмненидир тыңшагандай…

Жигит: /кабатыр үнү менен/ – Сенин атың Түн!.. Түн!..

                                                    Мен корком сенден, корком!..

                                                    Жолобо  мага!..

                                                    Жолобо?!..

/Абаны чапчып өзүнөн алда нени кубалай берет, кубалай берет…/

/Үнү кайгылуу, ый аралаш сыяктуу, күйгөн, коркуп чоочуган, эмне кылар айласын таппаган туюктагы адамдын муң-зары – анын али бала, али баёо, али жаш экенин билдирип турат./

Жигит: – Чептей курчаба, сепилдей уратпа?!..

                Суу шарындай жарып кирип,

                Капчыгайда шамалдай уңулдатпа?!..

                Кайгыдан эрте карытып,

                Жолдош болом дей көрбө?!..

                Мен али көрүп турам!.. Көрүп турам!..

                Анакей, кичинекей сынык асман!.. Сынык асман…

                Ал али көпкөк… көпкөк…, көк!..

/Кубангандай тегеренип чуркайт, астынан сары букет гүлдөрдү көтөргөн кызыл жемпир кыз – Дана басып чыгат, очкичен, ал жигитке кол беришип учурашып, көңүлдүү сүйлөшүп калышат, эски тааныштардай. Кызыл жемпир коштошуп кетет.

Жигиттин ою өз алдынча улана берет./

Жигит: /фоногр./ – А мобул жемпирдин кызылы –

                                Мага бүт дүйнөнүн кызыгы…

                                Ээси ким?.. Ээсин көрө албайм!

                                Үнүн угуп, өзүн биле албайм…

                                Намыс үчүн, ким экенин да сурабайм.

                                Сүйлөшө берем, сүйлөшө берем…

                                Ушул кезди өмүр бою унутпайм.

/пауза)

Жигит: /ойлуу/ – Кызыл жемпир… жашыл жалбырак… көк асман…

                              Көрдүңбү Түн?!… Мен али көрөм!.. Көрөм!..

/Кубанып секире баштайт/

Мен айыгам!.. айыгам!..

/Алдастап чуркап жөнөйт/

Жигит: Доктор!.. Доктор!..

                Мени жакшылап дарылаңызчы?!

                Мен көрөм… /шылкыят/

– Ишенбейт экенсиз-да?!..

 Мен болгонун айтып атам…

А Сиз жакшы дарылаңыз?!..

                Жакшы дарылаган жоксуз!..

/калчылдап-титиреп жыгылат, көздөрү ооруганына чыдабай, колдору менен басып алып уңулдайт.

/ Пауза/

Жигит: – Түн-жылаан боор иңир!..

                Азыр сен экөөбүз бир…

                Таманымдан муз болуп каптап кирип,

                Бүт денемди бойлоп жылып,

                Маңдайыма орноштуң…

                Бирок мен багынбайм… багынбайм…

                Коркпойм сенден!..

(Манасчынын үнү кулагына угулат – «Тайторунун чабышы…»)

/пауза/

Эсимде…

                Мен үйрөткөн бир аргымак эсимде:

                куйрук-жалы төгүлүп көрктүү эле.

                Ап-апакай… булуттай…

                Асман тулпарларындай!..

                Көзү жайнап, мойну куудай,

                Кайыптан бүткөн жаныбар-ай!..

                Ушунчалык каршылык кылды кандай?!

/ат чабыш муз.бий, пауза/

                Кеч күз… жылкы аттуу күчтүү, семиз.

                Кошкурганы, айбаты эч бир теңсиз;

                Түйүлүп тик турганы, чапчыганы,

                Асмандап барып кайра оонаганы, амалданып,

                Көркүнөн ашып түшкөн акылы

                Алдагыдай адамды анык,–

                Эмгиче таң каламын эстеп алып.

                                                /ат чабыш муз.бий, пауза/

                Эми мен – ал жылкыдай түнгө карып!

                Шап минген моюнума чалма салып..                      

(Четтен басып кирген Эне пайда болот: ал баласын элжирей карап, аны аяп да, кайгырып да, көзүнүн жашы куюлуп, уйгу-туйгу санаада экени көрүнүп турат. Баланын маңдайына барып, алысыраак отуруп алып көзүнүн жашын тыя албайт. Ордунан туруп, баладан окчун чыгып барып, ага угузбай муңканат./

Эне:Түн!.. Каран калган түн!..

           Жап-жакшынакай баламды эмне кылдың?!..

           Маңдайымда чырагымды,

           Жалгыз аккан булагымды не күнгө туш кылдың?!..

           Кылдай каралыгы жок биздей момундарды не кыйнайсың?!..

                      /эчкирип ыйлайт/

Жигит: /күңгүрөнүп өзүнчө ырдайт/

              Балалыгым болчу эркин тентиген,

              Туулган тоо беймал ою-кырыңды.

              Булуттарың окшоп мени ээрчиген,

              Жылчу кошо тыңшап менин ырымды…

Эне: – Баламкын коюп меникин ал?!

            Ал аз болсо атасыныкын да ал?!..

            Экөөбүздүкүн тең ал?!..

            Жетилип келаткан жез куурайыма тийбе?!..

Жигит: (ырдаганын улантат)

                  –  Аскаларың кирчү түшкө кайкалай,

                 Шуулдатып жүрөгүмдү көп ирет.

                 Канча жолу болсом дагы эң абай,

                 Учуп кетип ойгончумун дирилдеп.

Эне:  – Аккан арык менен, кара түн менен кет!..

            Кара жердин асты менен кет!

            Азапка салба, тарт шоруңду, тарт!..

            Ушунчаңда кайрып кет!..

Жигит: (ырын улантат)

                 – Туулганы ашык элем жапайы

                 Жайнап өскөн гүлдөрүңө жылгалап.

                 Аккан булак алыс эле сапары,

                 Өрөөнгө кең өтүп жоолук булгалап…

Эне:Ырым-жырымдын баарын жасадым… кыргызчаладым…

            Бүбү, бакшы калтырбадым…

            Догдурдун да тиши өтпөдү…

            Не чара кылам?.. Не чара кылам?..

/пауза/

Жигит: (ырын улантат)

                 – Касиетин ар чөбүңдүн чарчабай

                 Айта берип көптү көргөн энекем,

                 Айыктырчу ооруларды бир далай,

                 Тууган жердин топурагы берип дем..

Эне:Башка түшкөн кара түндөн чайналды балам.

            Кыйналганда өзүн таштап ийип,

            Балалык кылып… курган балам,

            Ичип кетпесе экен?!.. Жанагындай балакеттен

            Чегип кетпесе экен?!.. Анда кантип тыям?!..

            Кандай кылам?!.. Алда кудай-ай!.. Не чара кылам?!

            Кандай айла табам?!.. Кандай айла табам?!..

/Өзөгү үзүлчүдөй сөзүнүн аягын шыбыраганча алсырап кыйнала басып кетет./

                                                 II 

Жигиттин бетине күзгүнүн жарыгы түшөт. Жигит сезгендей болуп жүзүн сыйпалайт, күзгүнүн жарыгын ээрчий  бурулуп басат, алаканын жарыкка тосот, жылмайгандай… Шыңкылдап күлгөн очкичен кызыл жемпир кыздын күлкүсү коштойт, шыңгырап.

Дана: –  Сен ушу бойдон калсаң эчтеке эмес, жүрө бер…

               Биз менен сокурлардын мектебинен окуп аласың..

/Жигит дароо өзгөрүп, каардуу кабыландай атырылат үн чыккан жакка, көрүнбөгөн бирөөнү жакалап, кыйкылдатып, булкулдатат./

Жигит: – Эмне деп атасың! Мен көрөм уктуңбу!..Көрөм! Көрөм, уктуңбу!..

Кыз: –  Кечир…  Мен жөн эле айттым… Көрөсүң, көрөсүң дебедимби… Кечирип кой?!

                Көрөсүң… (Ыйлап иет, жигит кое берет, кыз алыстай, өзүнчө)

Үүү-үүү!.. Келесоо десе!.. Акмак!.. (Чуркап кетет) (Пауза)

Жигит: /Кайдандыр кап-кара түндөй көз айнек алып тагынат – символ!/

                –  Күнүм да түн, түнүм да айрып алгыс!..

                Жаншеригим түн болсо, күнүм эмне?!

                Түбөлүккө көнүшүм керекпи эмне?!..

/Столго олтуруп, Брайль системасындагы жазууну, окууну үйрөнө баштайт./

                – Түндүн тили түн сындуу, жазуусу да,

                Жамгырдын дыбыртындай, күүгүм кире…

                Уйкусуз убайымда уйкум качып,

                Олтурам эрмек кылып улам жазып.

                Өттү үч күн, үч түн мына, чакчыгайдай

                Бүт үйрөндүм билгендей эчак эле,

/Жигит кара көз айнегин колуна албай тагынган бойдон кармалап изилдеп көрүп аткандай болот./

                                                    III

Үн: –(чечкиндүү) …Биз сокурлар менен иштеше албайбыз. Консерваторияда көзү  бар музыканттарды араң окутуп  атабыз…

                                                           /Пауза/

(Жигит селт эте, айланып – тегеренип катуу реакция жасайт мындай жоопко.)

Жигит: – Биздейлерге бардык жерде эшик жабык экен да?!

Үн:Искусство институтунда андай тажрыйба жок. Башыбыздан мындай иш өтө элек эле… Мм… угумун текшерип көрөлү?

/Пауза/

Жигит:Мен адам болбой калган экем да?!

/Жигит үнсүз ары-бери басып, абдан бушайман түрдө, ойлуу… Бирдеме издегендей… сыйпалап атып ары четтен аркан алып келип дубалдан иле турган жер издейт, акыры бирдеке таап ага илет… Анысы тартып көрсө кармабай түшүп калат. Туталанган жигит чөнтөгүнөн ичип жүргөн уйкунун дарысын алып чыгып, бүт баарын столдогу стаканга салат, суу куят графинден… Телмирип отурат, столдон колуна тийген бирдеке менен аралаштырып (ручка, карандаштын арты), кулагына ар түрдүү тондогу үндөр угула берет;

Үн:Юрфакка кантип сокурлардан алабыз? Ыя, айланайын?! Жок, жок, болбойт!… Кийин кантип иштейт?..

/Пауза/

Жигит: Эч бир окууга албаса, окубасам, кесиби жок кантип күн көрөм?!  Кантип жашайм?!..

(Пауза)

Үн:Тарых факультетинеби? Болбойт, болбойт…

/Пауза/

Жигит: – Кантип жашайм?!.. Кантип күн көрөм?!..

/Жигит ордунан туруп ыйлаган бойдон стаканды оозуна алып баратып, телефон шыңгырап, чоочуп кетет, стакан жерге түшөт, талкаланып… Жигит эсине келе. Телефонго барып: “Алло“, – дейт:)

Үн жаңырат:Университетке Тарых факультетине кайра бар… Кайра бар… Өзгөрүү болду, кайра бар…

/Пауза/

(Таң калган жигит дале ишенбегендей бир аз туруп, кетенчиктеп чыгып кетет./

(Жарык өчөт. Кайра күйөт. Студенттердин  шаңдуу  үндөрү жаңырат-каткырык күлкү, кубанычтуу  куттуктоолор:

– Куттуктайм!..

-Сени да куттуктайм!..

-Баарыңарды куттуктайбыз!..

(Жигит сахнада.)

Жигит:Окууга өттүм. Өз күчүм менен өттүм.

                Бирок ишенбейм. Алдап атышабы, же чынбы?!..

                Булар да догдурлардай болуп көңүл улап жүрүшпөсүн?!..

                Алдоодон ушунчалык көңүлүм калып бүттү.

                Кимге ишенеримди билбейм. Эх, түн! Сен болбогондо!..

/Пауза/ Сендей тилсиз жоом болбогондо?!..

  IV

/Студенттик бөлмө. Эшик чертилип бейтааныш кыз пайда болот, суйсалган, өңү көрүнбөйт.)

Жигит:Ким?

Кыздын үнү:  – Мен.

Жигит:Мен деген ким? /Жигит эшикти ачат. /

Түнсулуу: /кылыктана/ – Тааныбай калдыңбы? Мен – Түнсулуу, курсташың. Эмне ооруп калдыңбы? Эмнеге сабакка барбадың?

Жигит: /оңтойсуздана/ – Көзүм ооруксунду эле… Кээде, күн бүркөлгөндө кармай калат…

Түнсулуу:Ии… жаман болгон турбайбы. Мени агай жиберди билип кел деп.

Жигит:Жакшы, ракмат. Кел, кирбейсиңби, отур…

/Экөө керебетке отурушат. Кыз ага кынала отурат. Жигит ары жылып коёт, акырын. Кыз күлкүсү келе дагы жылат. Жигит коомайланат. Кыз алаксытып сүйлөп кирет, экөө өздөрүнчө сүйлөшө сөзгө кызып кетишет:/

Түнсулуу: /эки жагын карап, өзүнчө суктана да таң кала:/

                 – Мында өзүң эле жашайсыңбы?

Жигит: – Өзүм…

Түнсулуу:Жалгызбы?!.. Анда буларды ким жыйнады? Бөлмөң тап-таза!.. Тыкан!..

Жигит: – Өзүм.

Түнсулуу:А… кийимдериңчи?

Жигит: – Аларды да өзүм… бирок, кээде кошуна кыздар жардам беришет.

Түнсулуу:Сенин жаныңа бирөө керек экен. Жалгыз жашаганың болбойт.

Жигит:Жок, мага эч кимдин кереги жок.

Түнсулуу:Сен үйлөнүшүң керек. Сен жалгыз жашай албайсың.

Жигит:Мага эч кимдин кереги жок! Өз азабымды өзүм тартайын.

Түнсулуу:Ал эмне дегениң?

Жигит:Мага кудай буюрбаса керек андай тагдырды.

Түнсулуу:Эч андай эмес, мен сени абдан жакшы көрөм, мисалы!

Жигит: – Жок, андай дебе. Мен өмүр бою бойдок өтөм деп өзүмө убада бергем… Сөзүмө  турамын…

Түнсулуу:Кандай таң каларлык жансың. Сага өмүрлүк жар керек. Ансыз кыйналасың. Жалгыз жашоо кыйын болот, айрыкча азыркыдай ооруп калсаң…

Жигит:Жок, андай дебе… мендейге үйлөнүп кереги не?! Мен башка адаммын – жарым жанмын…

Түнсулуу:Оорчулугу жок анын. Мына баарын өзүң эле жасайсың… Зыяның жок эч кимге, жүрбөйбү көздүү зөөкүрлөр, көпкөнүнөн эмне кыларын билбей… фуу… айтасың бекер эле!..

Жигит: /күлөт/ – Ракмат… көңүл көтөрүп койгонуңа. Бирок сен түшүнбөй калдың, эмне айткым келгенине…

/жаздыгынын астынан бир кичирек китеп сууруп чыгат./

– Ме, мобу китепти окуп чыксаң, анан мендей жан менен жашоо кандай экенин түшүнөсүң.

Түнсулуу: /менсине каш серпет/ – Эмне сынаганыңбы?..

Жигит:Жок. Сени билсин деп атам. Кийин, өзүңө тең  адамга жолугасың, ага турмушка чыгасың. Каалаганыңдай, көңүлүң өксүү болбой жашайсың. Соо киши деген соо киши да!..            

Түнсулуу: /өңгөчүн тарта/ – Аа!.. Куулугун кара!.. Качпа?!..

                   Сен көчөдө жүргөн көп айбандан эстүүсүң!..

                   Керек болсо көздүүсүң!..

/эрегишкендей/

                   – Келе китебиңди? Окуп келем, бирок мен айныбайм.

                   Көрөсүң-го, айныбайм.  

/Жигитти колдон алат, экөө кол алышат. Кетет./

/Жигитке  ашык болгон башка студент кыздардын монологдору аны сыртынан билгизбей курчап биринен-бирине  жарышып өтөт/

                       1 –  “Жок” дедиң сүйүүсүн бирөөнүн,

                        Жок издеп баратып сен шашып.

                      2 –   Көтөрдү ал кайгы көпүрөсүн,

                        Жайнабай бешенесин ачып.

 

                     3 – “Жок” дедиң сүйүүнүн бир өзүн,

                        Жолунда жаз турбай жаратып.

                     4 –  Бактынын куп-куру сөөлөтүн

                        Күтүндү жок күндөр калды ачык.

 

                   5 – “Жок” дедиң махабаттын өзүн,

                        Бактылуу пенде ким бу күндө?..

                    6 – Өзүң да бактысыз бирөөсүң,

                   Окшогон дарчыга өмүрдө.

Жигит:“Жок” депмин сүйүүсүн бирөөнүн,

                        Жок издеп баратып мен шашып.

                        Көтөрбө кайгы көпүрөсүн,

                        Жайнагын бешенеңди ачып…

/Бул ырдын фонунда жигит башын чайкап, өзүнчө жылмайып, бирок кандайдыр бир үмүттүү ойлонуп калат. Өзүнчө ары-бери басып жан-дилинде өзгөрүү пайда боло, кыз кеткен тарапты кылчая улам-улам карайт, ишенбегендей… Экөө өз-өзүнчө, эки четте контрасттуу турат, жигит ойлуу, кыялдуу. Кыз отуруп-туруп китепти барактап окуйт. Кыз келет. Маанайы: – Мени көр! – дегендей наздуу, чечкиндүү…)

Түнсулуу:Мен келдим. Эч айныбадым. Айныган жокмун!..

                    Мына китебиң.  /Берет/

Жигит: /ишенбегендей/ – …Бат элеби?.. Кантип?.. Окудуңбу деги?..

Түнсулуу:Окудум. Түнү менен окуп чыктым. Бирок айныган жокмун.

/Жигит: күлүп, толкундап, колун сунат, экөө кол кармашкан бойдон колтукташып бийлешет./

Жигит:                    Бейубак келди сүйүү эшигиме

                                  Билбеймин бакытпы бу, же бир күнөө?!

                                  Апкелди белгисиз күч ээлик туткан.

                                  Мен эмес бул мендеги башка бирөө.

/Кыз менен жигит колтукташып, өзгөчө бир маанайда)

Түнсулуу:                Талашка түшөт акыл – сезим жеңил?!

                                  Жүрөгүң окшойт дегем анык кечил.

                                  Ак уруп жүргөн жанды ак сүйүүгө

                                  Адашса Улуу Теңир өзүң кечир?!

                       

Жигит:                    А намазшам намыстын талаасындай

                                  Көөнө бою көңүлгө төнүп турат.

                                  Өмүрдө биздин бакыт кол учундай,

                                  Кол учундай жакын да, жиксиз ыраак.

 

Түнсулуу:                Кош чыракты кондуруп карегиме,

                                  Көчүп турат көңүлүм эч бир тынбай.

                                  Босогодон ар жакка башка дүйнө,

                                  Босогодон бер жагы татаал кандай?!

 

Жигит:                    Бейубак келди сүйүү эшигиме,

                                  Билбестен бакытпы бул, же бир күнөө?!

                                  Сунамын сен сураган жүрөгүмдү,

                                  Умсунуп жетпей жүргөн бир да бирөө!..

(Жигиттин колдору кыздын жүзүн, мойнун “көрө” баштайт,  колдору көкүрөгүнө келип… анан ылдыйлайт. Музыка акырындап, жарык өчөт.)

                                                            

(Эненин жалынып-жалбарып, жерге батпай сүйүнгөн, толкунданган үнү угулат.)

Эне: …Айланып-садагаң кетейиндер!.. Чырпыгым чынар болуп жетилип калыптыр…мына, келинчек апкелди… анан, неберелүү болом, кудайдын кулагы сүйүнсүн! Акжолтой бол айланайын, балама жан шерик бол! Ак жоолугуң башыңан түшпөсүн! …боюнда бар болсо, неберемен айланайын!.. Келинимен айланайын, баламан айланайын!.. Кудалардын астына  тезирээк барып келели эми…

/Тойдун шаңы улана берет. Кайрадан жол жүргөн машинанын үнү, ал токтоп:

Үндөр:Кулдугубуз бар кудалар, кулдугубуз бар!..

(деген сөздөр жарышып угула берет. Жооп ордуна уңулдап ыйлаган, кокуйлаган, шыпшынган, ый аралаш кейип, нааразы болгон, жериген үндөргө толуп чыгат:)

1-Үн:Алда кокуй-айе, эми муну менен кантип жашайт?!.. Өмүр бою ушуну жетелеп жүрөбү эми?!..

2-Үн:Өзү чырактай эле бала экен, кудайдын кылганы да эми, кап десең?!..

3-Үн:Чырактай кызыбызды кантип кыябыз?!..  Азгырып алып алганын мунун!..

Кыздын Энесинин үнү жаңырат: – Бербейм, кызымды, бербейм… Карангүн-аай!.. Кызым-ай!..  Катүгүн-ай!.. Кокуй-гү–үн!.. Кокуй-гүн!..

Жигит (өзүнчө кабатырлана):Ушунчалык эле желмогуздай көрүнөмбү?!.. Булардын кызы желмогузга же, ажыдаарга тийгенби – менби ошол?!..  Ушунун баарына мен, менин сокурдугум күнөөлүү!.. Той бербей эле, өлүк көмчүдөй болгон – бул эмне деген чуу болду?!

(Укмуштуудай чыңалып, чыдап, тиштенип келаткан жигит алардан “каргалардын чабуулунан” коргонгондой…., сөздөр күчөгөн сайын, ый-нааразылык күчөгөн сайын, ошол жакка селт эте башын буруп, кара-терге түшүп, тозоктун отунда бараткандай ичи куйкаланып, сыр бербей өзүн кармап, бир гана өзүн-өзү күнөөлөп келатат; суук сөздөрдөн, муздай үндөрдөн, түрдүү дабыштардан турган узун, бүтпөс “коридордо” келаткандай… топ каргалардын каркылдаган чабуулунан коргонгондой абал чыңалып күчөйт…)

Жигит: /фоногр./ – Суз, өлүк көмчүдөй болгон мындай тойду биринчи көрүшүм, болгондо да өзүмкү!.. Бирөөдөн уксам ишенбейт элем…

(Түнсулууну эки келин күчтөп  алып кетишет.)

Түнсулуу:Калбайм!..  Калбайм…  Кармабагыла!..

Эне:Кудалар, айланайын кудалар… айланып-садагаң кетейиндер. Келинибизди бергиле, бүлөбүздү бергиле, Алдыңа кетейиндер… биздин деле кудайдан үмүтүбүз бар, айланайындар?!  Бүлөбүздөн айрыбагыла?! Бизди томсортпогула, балабызды аягыла?!.. Айланайындар… алдыңа кетейиндер…

/Жигит  үндөрдөн коргонгондой улам бир жагына селт эте басып келатат./

Жигит:/фоногр./– О, Жараткан, мынча эмне кыйнадың?!.. Мындай той өмүрү эч кимде болбосун! Мындай той ылайым, эч кимдики болбосун. Кайдасың мен көргөн көк асман?!.. Кичинекей эле Сынык асман!.. Мен сени  көргүм келет!.. Кайрадан көргүм келет!..  /Жарык өчөт./

/Үшкүргөн, жүзүн жаш чайыган, али-жаш туруп кары көрүнгөн аял жүрөгүн басып теңселип чыгат, оор-оор дем ала кышылдап../

Эне:О, Түн!.. Каран калган Түн!.. Чырактай баламды чын мээнет болуп чырмадың-ээ?!.. О, түбүң түшкөн дүнүйө-ай! Жалгызым экөө болду, эми үчөө болот деп тилеген тилегимди таш каптыра көрбө?!.. Баламдын кандай экенин көрүп-билип туруп, баарына макул болуп тийген тура, – деп сүйүнбөдүм беле?!..

Жигит:Ох, апаке!.. Отуз жетиде, бар болгону отуз жетидесиң-го апаке?!.. Балам деп карып, балам деп арып кеттиңби, бат эле эки-үч жылда?..

Эне:   –    Алдыңа кетейиндерим-ай…Эми кантем?!.. “Өмүр бою ушуну жетелеп жүрмөк  беле?!” дешпедиби!.. Ушу сөз жүрөгүмө канжардай сайылбадыбы! Кантип унутам! Кантип жашайм!..

Жигит:Менин күнөөм тоодой!.. Кечирилгис!.. Кечирилгис!.. Сенин, мен үчүн тарткан, көлдөй толуп-ташкан кайгыңа кудалардын жоругу акыркы тамчы болдубу!  Аттиң?!.. Мындай болорун билгенде, жок дегенде үйлөнбөй коё турбайт белем?! 

Эне:   Неберемди көрүп өлсөм арманым жок эле. Не деген күнгө салдың, кудай?         

             Куданы ыйлап тосот деген не жорук?!..  Жаман  жөрөлгө болду!..

              Баламдын башын сактайгөр кудай?!.. О,  Жараткан?!.. Экөөнө бакты

              берегөр?!.. Кармашкан колдорун үзө көрбө?!..

/Дем алганы ого бетер оордоп, аягында шыбырап сүйлөй акырын теңселип барып жыгылып калат./

(Аза музыкасы: ый-өкүрүк, Кошок  угулат.)

Жигит:Алпештеген, кирпигимен айланган уяма, аял эмес – ажал апкелем деп… түгөнгүс кайгы апкелем деп ойлодум бекен?!.. Жок, мен сени кубантам, келиндүү, неберелүү  кылам, уучуңду узартам, сени да, өзүмдү да бактылуу кылам деп ойлогом… Кечир, мени апаке, кечир?!.. Мени… менин  сокурлугумду… менин жанда  жок тагдырымды… баарын,  баарын кечир?!  Жок  дегенде, тиги дүйнөдө  бейишке чык!..  Куураба!.. Жок дегенде, ошол жактын жыргалын көр!..

Эненин үнү жаңырат:Өзөгүмө өрт кетти… Күйүтүм ичиме түштү…

/Пауза/

Боор этим… балапаным… Аман бол… Сен үчүн жанымды садага чаптым… Аман бол… Сен узак жаша!..

(Жигит дендароо  болуп, күйүттүү ойго батып өзүнчө  жүрө  берет.)

/Келинге  үндөр угула берет./

Үндөр: /аялдыкы/ – Ээй!.. Күлгүндөй  жаштыгыңды  бекер өткөрбөй ажыраш!..

                                 – Ажыраш…  эртерээк  ажырашып  ал!?..

                                  Жашсың да, башка  бирөөгө  тийип аласың… Ушуну карап эле    

                                 жүрө бересиңби?..   

Жигит: – Сен  эмне болуп атасың, Нурсулуу?!.. Мен сени тааныбай турам? Сен тап-такыр өзгөрдүң?..

Түнсулуу: Сен  сокур болбогондо…  /мыскылдагандай, баары бир деп кол шилтегендей, жоопсуз  ары басып кетет кергиштей…/

Жигит:Муну  менен эмне дегиң келет?.. Эсиңе келчи! 

                Анда эмнеге тийдиң?    /Пауза. Жооп жок/

Түнсулуу: /чакчаңдайт/

                – Мен интеллигенттин үй-бүлөсүнөн чыккам. интеллигенттин  үй-бүлөсүндө тарбиялангам. Бизде баары башкача. Таежелерим ажырашып эле албайсыңбы дешти. Күлбөй эле кой…

Жигит: Эмне үчүн ушунчалык бактысызмын?!..

Түнсулуу:Мен сени айыгат деп ойлоп алданыпмын!..

Жигит:Мен сени  чыныгы  аруу сезим,  чыныгы таза сүйүү деп ойлоп алдандым!..

Түнсулуу:Алданыпмын?!..  …Мен алдандым!.. Мен сени айыгат деп ойлоп  алдандым!.. 

Мен да бирөөнүн баласымын. Менин ата-энем мен үчүн күйүп атышат, мен үчүн кам көрүп атышат… Мен интеллигенттин үй-бүлөсүндө тарбиялангам,  мен  сени өмүр бою жетелеп жүрө албайм!..   (идиш-аяктар  сына берет)

Жигит: /тиштене, чечкиндүү/

                – …Мейли. Билгениңди кылчы. Ансыз да көңүл калып бүттү!.. Экөөбүздүкүндөй жашоо – жашоо эмес!                    

Түнсулуу:   /сценада ага артын салып турат./

– Туугандарым мени сени менен жашабай эле кой деп атышат. /пауза/ Мен баары бир сени менен   жашабайм…

(идиш-аяктар  сына берет

Жигит: –                  А намазшам намыстын талаасындай

                                  Көөнө бою көңүлгө төнүп турат.

                                  Өмүрдө биздин бакыт кол учундай,

                                  Кол учундай жакын да, жиксиз ыраак.

/Кетет)

/Элечекчен эненин элеси жигитке кам көргөндөй, соороткондой басып келет)

Жигит:  (аны көрүп тургандай, ал элеске арманын айтат:)

– Кечир апа?! Сен башкача жан элең. Биздин махабатыбыз, жашообуз,күн көрүүбүз  сенин тырмагыңа да татыбай калды.  Арбагыңан айланайын апаке, сен үчүн жакшы жашап, сенин ак тилектериңди орундаткым келет!

/Эненин кабатыр элеси  күңгүрөнүп  сүйлөйт:/

Эне: –  Эр жигиттин бир канаты аял. «Аял  жакшы – эр жакшы». Бир канатың аксап турат,  учалбайсың. Эл алдында шагың сынып, беделиң түшпөсүн…

Жигит: –  Ушунчалык жашоого мүмкүн болбой калганда да, ушунчалык кыйын күн башыма түшүп турганда да   жашай билишим керек!

Жигит:   …Тагдырды ээн чөлдөй, жалгыз сырдуу.

                   Ташталган табышталып жазмышы үчүн,

                   Чоочутат жат сезимдер жаңырыгы

                   Жана да сырдуулугу келчү кечтин.                  

(Үндөр кайталайт:)

                    Чоочутат жат сезимдер жаңырыгы

                   Жана да сырдуулугу келчү кечтин.

                                        (пауза)

                    Адашкан… ала кетчү чоочун көчтү

                   Күтүүдө карегинде калып муң-зар,

                   Жап-жалгыз издеп келип табаарынбы,

                   Алыстан, эң алыстан берет кабар,                          

                           Үндөр кайталайт:)

                    Жап-жалгыз издеп келип табаарынбы,

                   Алыстан, эң алыстан берет кабар,                          

(пауза)

                     Кимдиндир… Учкан желби узап айткан?

                   Сермелген куш канаты же бир каккан?

                   Жазылбай, уучталуу калган тагдыр

                   Караандыр көз учунда калкып баткан?!..                          

                            (Үндөр кайталайт:)

                    Жазылбай, уучталуу калган тагдыр

                   Караандыр көз учунда калкып баткан?!..                          

(пауза)

                    Түшкөн ал алакандан капыс гана,

                   Чийилген… Жер бетинде – жолдо, ана!

                   Эми анда баардыгындай түйшүк бардыр!

                   Эми анда баардыгындай күлкү жана…                          

                             (Үндөр кайталайт)

                    Эми анда баардыгындай түйшүк бардыр!

                   Эми анда баардыгындай күлкү жана…                          

/”Жазмыштагы жалгыздыктын, бийи кетет./

                                            VI

/Шаардын көчөсүнүн дуулдагы, Жигиттин  астынан  очкичен кызыл жемпир  кыз чыгат. Жигит кара көз айнекчен мурдагыдай, кыздыкы ачык түстө –  көзү начар көргөндөрдүкү… Кыз аны карап калат. Жигит ойлонуп кете берет. Кыз  аны атайын тамашалай түртүп өтө, жылмая кылчаят. Жигит токтойт. Пауза.)

Жигит:Эй, кандай немесиң?.. Жол тар болуп атабы?!..

Кызыл жемпир: – Жолдун баарын Сиз ээлеп алыптырсыз, сулуу жигит!..

Жигит: –  Дана?!..

Кызыл жемпир:Аах-ааа!.. Унутпаптырсыз?!.. Сыноодон жакшы өттүңүз!..

Жигит: (кубанычтуу  жылмая) –  …Өтө шайыр, өтө  сылык болуп кетипсиң… Абдан ачылып кетипсиң!..  Жакшы… кубанычтамын, сен үчүн. Эмне жаңылык?..  Кайдан адашып жүрөсүң?..

Дана: –  Мен бул жака семинарга келгем. Сен дагыбы?

Жигит: –  Мен эки жылдан бери ушул шаарда иштейм,  которулуп келгем борбордон.  

Дана: –  Алыс кетипсиң.  А, үй-бүлөңчү?  Чогуубу?..  Балдар кандай? 

Жигит: (тунжурай) – …Менин башыма  Кудай ушу жалгыздыкты  жазып койсо керек…

Дана: –  Кечир…  Билген жокмун…   уккан  да эмесмин. (Пауза)

/Экөө унчукпай басышат. Жарык өчөт./

                                                           VII 

Жигит: (телефон чалып атат кабинетинен) – Алоо!.. Дана?!.. Кандайсың?.. 

Дана: –  Жакшы. Эмне болуп кетти? Тынччылыкпы?..

Жигит: –  Аа, жөн  эле… ал-ахвалыңды сурайынчы деп…

Дана: –  Ох!.. Жүрөгүмдү  түшүрдүң… Таң  атпай…  түндө экөөбүз  сүйлөшкөн соң  кеч  жаткам…

Жигит: –  Эртең  командировкага барам…  силер жака…  эч жака кетпе?!..

Дана: –  Макул… ( Жарык өчөт).

(Экөө  парк  аралап  келатышат.)

Дана: –    Сен абдан сүйкүмдүү жигит элең, дагы эле өзгөрбөпсүң!..

Жигит:Чын элеби?..  Сенин тамашалап айткан комплименттериңди чын көрүп ишенип албайын… (каткырышат)

Дана: –  Чын!.. Чын!..

Жигит: –  Экөөбүз алгач азиздердин мектебинде, бир  партада чогуу олтурганыбыз   эсиңдеби?

Дана: /күлөт/ – Ооба… сен абдан коомайланып жатыркаганың  билинип турчу.

Жигит:Сен ошондо эле мээримдүү, жароокер кыз  элең, мага абдан жан тартчусуң, мен намыстанып, өз күйүтүмдү ичке катып, эч кимге, эч нерсеге да көңүл бурчу эмесмин,   

Дана:Сенин абалың абдан оор болчу, мен аны сезчүмүн…

Жигит:Айла жок, баарына көнөт экенсиң. Бирок сен мага ошондо эле жылуу мамиле жасачусуң, эмнеге?

Дана: / күлөт/ – Мүмкүн… эсимде жок…  (күлкү  уланат)

(Экөө аллеяда  жакшы маанайда келатат.)

Жигит: Дана… Турмушка чыгасыңбы?..

Дана: Мм!.. Жакшы адам болсо чыгам…

/Жарык өчөт/

(Дана бактылуу жылмайып агасынын катын окуп атат.)

Агасынын үнү: –   Дана, жакшылап ойлон. Турмуш оюнчук эмес. Эгер сен аны чындан жакшы көрбөсөң, өзүңдөн кенедей эле шек санасаң, азыртан баш тарт…

Дана: Билем!..  Билем…

Агасынын үнү: Кеч  боло электе ойлон. Бул абдан жакшы адам. Азиз адам. Бу кишини таарынтпа, капа кылба…

Дана:Мен ойлондум… абдан ойлондум… Ал менин өмүр бою күткөн эң асыл адамым… көзүм жетти. Мен  бир гана аны  менен бактылуу боломун.    

                                                 VIII

(Эненин элеси келет.)

Жигит:Эх, апаке, ушул күндү көрсөң эмне?!… Дана сага сөз жок жакмак, асылзат келиниңдин сыйын көрүп, анын апакелеген үнүн угуп, дүйнөдөгү эң бактылуу эне болуп төрдө отурат элең. Дана экөөбүз сени алпештеп багат элек. Эгер бир  аз шашпаганыңда…  Эгер ушул убагым  болгондо… Эх, аттиң… Бири кем  дүйнө!..

Жигит: Дана?..  Дана? Үйдөсүңбү?..

Дана: /тиштене билдирбей үнүн түзөйт/

             – Мен,  бул жактамын… азыр…

(ордунан турайын деп ооруксунуп кайра  кыйшаят  диванга)

Жигит: –  Эмне болду? Кайдасың?..

Дана: –  Бир аз… ооруп калгансыйм. Тез жардам чакырып бересиңби?..

Жигит: /шашып, кабатыр/ – Эмне болду? Эмне болуп кетти? Жана эле,  эртең менен эле сопсоо чалбадың беле? Же жашырып койдуңбу? Тынччылыкпы деги?.. Мындай болчу эмес эле, чыдай тур, азыр…

/Трубканы алат. Тез жардамдын үнү угулат./

/Жарык өчөт. Күйгөндө жигит шашып калдаңдап жүрөт. Телефонго жабышат./

Жигит:  – Алло-о!.. Алло-о!.. Дары?..  Дагы керекпи?..  Азыр алып келем…Эки күн болуп кетти, тез жасаш керек  дебедиңер беле?.. Аппарат?.. Кандай аппарат?..  Табам аппаратты!.. Аман-соо эле чыгарып бергилечи?!.. Аман- соо эле чыгарып бергилечи?!..

/Жигит “Операция” деп жазылган эшиктин түбүндө улам тура калып, кайра отуруп жанын коёрго жер таппай күтүп отурат./

Жигит:  – Эх, эгер айыксаң… эгер айыксаң, бөпөлөп багам. Каалаганыңды, эмне десең орундатам… Эч иш кылдырбайм. Айыгып эле берчи?!. Ушул операциядан аман- эсен чыгып бер?!.. Аман-эсен чыгып бер?!..

/Жигит   үнсүз отурат да / Музыка трагедиялуу:

/Акка оронгон Дана анын көз алдынан каалгыйт. Эненин элеси  да пайда болот./

Жигит:Да – наа!..  Да – наа!..

(Жигит  болгон күчү менен  жарылат.)

(Пауза.)

Жигит:  –  …Тагдыр бу ээн чөлдөй, жалгыз сырдуу. 

                   Ташталган табышталып жазмышы үчүн,

                   Чоочутат жат сезимдер жаңырыгы

                   Жана да сырдуулугу келчү кечтин.

                   Адашкан… ала кетчү чоочун көчтү

                   Күтүүдө карегинде калып муң-зар,

                  Жап-жалгыз издеп келип табаарынбы,

                   Алыстан, эң алыстан берет кабар,

                   Кимдиндир… Учкан желби узап айткан?

                   Сермелген куш канаты же бир каккан?

                   Жазылбай, уучталуу калган тагдыр

                   Караандыр көз учунда калкып баткан?!..

                   Түшкөн ал алакандан капыс гана,

                   Чийилген… Жер бетинде – жолдо, ана!

                   Эми анда баардыгындай түйшүк бардыр!

                   Эми анда баардыгындай күлкү жана…

                                             (Пауза)       

– Сынык  асман!..  Мен  сени  көргүм  келет!.. Сынык  асман!..  Мен  сени  көргүм  келет!..   көргүм  келет!..   Анакей, асмандын сыныгы!.. Кичинекей сынык  асман!…  Ал  али көпкөк… көпкөк…  Сынык  асман!..   

КӨШӨГӨ