Айнагүл Базарбаева: Күрп тоок

Күрп тоок

(аңгеме)

-Тү-тү-тү-тү! Тү-тү-тү-тү! Тү-тү-тү-тү! Кана, кана, баарыңар келдиңерби? – деп, сүйлөп күбүрөнгөн Пазилет колтугуна кысып алган табактагы жүгөрүдөн уучтай, ары-бери чачып тоокторун чакырып турду.

Мекияндарды ээрчите чуркаган короз чачылган данды тумшугу менен алмак-салмак чокулап көрсөтүп, тооктордун аны төгөрөктөп, бырпырап чуркап дан талашкандарына маашырлана, анда-санда өзү да жем терип жеп, көздөрүн тез-тез ирмеп, канаттарын каккылап, серең эте кыпкызыл таажылуу башын чулгуп-чулгуп алып, мойнун койкойто созуп кыйкырып коёт.

Кошунанын тоогу көрүнбөйт го? Э-эй, Жумаш! Кайда кетти экен, көрчү, балам! Таажысы кызарып жүрдү эле бир жерге жатып алганбы? –деп, Пазилет ити менен ойноп жаткан Жумашка буюра сүйлөдү.

–Азыр,эне! Жумаш тамдын артына чуркады да, бат эле: – Эне, эне, тандырдын түбүнө жатып алыптыр!-деди.

Бул чаар тоокту Пазилет кошунасы Касиетжандыкынан көтөрүп келген. Касиетжан экөө бир базарда соода кылат. Бири жүзүм, мейиз, экинчиси курут, зире сатып, балдарын багып, тириглик кылгандарына көп жылдар болду. Анан калса кыяматтык кошуна эмеспи. Экөө катар олтуруп эбирешип-жебирешип сүйлөшүп олтурганда тегерек-четтегилердин баары суктанып карашкан аялдар.

–Ээ, дардисар десе, жатып алган экен да! Айтпадым беле, тургузуп кел, бери. Жумуртка бастырганча канатынын жылуулугу кетип калбасын,- деди Пазилет.

“Күрк-күрк, күрк-күрк…” Чаар тоок канатын үрпөйтүп тандырдын астынан чыкты. Жумаш колундагы чыбыгы менен ары-бери түртмөлөп акыс-кокус кылбаса “түтүлөп” чакырганга чыкмак эмес. Пазилеттин чачкан данына келип, “күрк-күрк” деп, башын эңкейтип, мойнундагы тыбыт-парларын түктөйтүп алып жем чокулай баштады. Тойгонун билбеген тооктор кайра эле айланчыктап, туш-туштан бырпырап чуркап келатышты.

–Жумаш, бу ары жокторду камап кел, чаар тоок ээн-эркин тоюп алсын, күрп болорун билип, жумурткаларын жыйнап койдум эле. Аларды тандыр түбүнө жайлайын. Тапкан жерин көр мунун, башка жерге жай кылсам жээрип кетпесин,-деп Пазилет шашып жөнөдү. Касиетжан Пазилетке тоокту карматып жатып: “Буюрса, майдын башынан эле күрп болот, эч палагыза кылган эмес” деген эле. Тез эле минтип жай таап жатып алып, дал айткан жеринен чыкты. Пазилет тандыр түбүнө майда самандан төшөп, уя жасап, он беш жумуртканы тизип чыкты. Жумаш менен анын жанында элейе карап турган итке күбүрөп: “Түлкү-чөөгө, анан калса мынабу Карабайыңа да ишенип болобу!”- деп, тоок баткыдай орун калтырып, тандырдын астын түнүкө менен калкалап бекем жаап койду. Түнүкөнүн орто жеринде бирөө кудум атайылап ойгонсуп, теңгедей көзөнөк тешиги да бар экен.

Ошондон бери чаар тоок Пазилет менен Жумаш чыгарганда гана беш мүнөттөй сыртка айланып, күрпүлдөп, канатын жайып, жем-суусун ичип келбесе, көзүн ирмегилеп коюп, тандыр түбүндө жатканы жаткан.

Пазилет жайпак табакка жем толтуруп, тоокту сыртка чыгарайын деп, тандыр жанына келген. Адатынча жем табагын колтугуна кысып, жабылган түнүкөнү бери алайын дегенде эле колтугундагы табак кыйшая берип, тоок жаткан жайга дан “шырр” этип төгүлүп, саман-топуракка аралашып калды.

–Ээ, Жумаш! Кишиге жардам берейин деген оюң жок да, балам, бери келсең, – деген Пазилет үйдөн чыгып, чуркап келаткан Жумашка көңүлүндөгү сөзүн улай берди:

–Түнүкөнү нары эле алып турчу, балам, дандын баары эле төгүлүп калды. Суусун да жаңылап коёлу. Чамамда он тогуз-жыйырма күн деле болуп калды. Самандын арасындагы данды терип жеп, суусун ичип жатсын эми, – деди, тоокту сыртка чыгаргандан кайра айнып, түнүкөнү ордуна жаап жатып.

Ал күнү алар ошентип уяны кынаптап бекитип, кайра үйгө баса беришкен…

“Тарс-турс-с!” “Ба-баң-ң!” “Жарк-журк!” Бир заматта эмне болуп кеткени чаар тоокко белгисиз эле. Катуу шамал жүрүп, иттер үрүп, айлана алай-дүлөй боло түштү. Шамалды го мейли, качан болсо бул айылды желип-жортуп жүргөнү жүргөн. Бул Сыр дайранын шамалына айылдыктар эле эмес, чаар тоок да көнүп бүткөн. А мынабул асманга атылган жаркырак, кулак тундурма кайдан чыгып жатат! Катуу добуш, асманга жаркырап чыккан оттон, кайра жер дүңгүрөп жарылгандай коркунучтуу күңгүрөк үндөн чаар тоок тандыр түбүндө корунуп-комсонуп жатты. Тарсылдаган дабыштын катуулугунанбы же жерге бирдеме кулап түштүбү тандыр да турган жеринде теңселе түшкөнсүп, тиреп койгон жыгач-тактайлардын арасынан топурак-чаң күрптүн үстүнө “шырп” этип куюлуп кетти. Ал ансайын эңкейе калып, мойнун ичине катып, көзүн жума салып, кайра ачып, денесин майда титирек басып калтаарып, канаттары менен жумурткаларын калкалай берди. Уйлар да караңгы түндө мөөрөп, кой-эчкилер мекиренип, маарап кимдир бирөөнүн жер тепкилеп басканы, кайра эле “Тарс!” “Тарс” -деген дабыштар улам кайталана берди. Тооктун кичинекей жүрөгү түрс-түрс кагып жарылчудай болгон менен уясынан чыкпады. Ал булардын баарын теңгедей гана оюк көзөнөктөн карап жатты. Ансайын жыйрылып-жымырылып, жумурткаларына имерчиктейт.

Жана эле түш ооп калганда ары-бери чуркап жүргөн Пазилетти, энесинен калбай ээрчип жүргөн Жумаш менен инилерин, алар менен кошо чуркаган итти да көргөн. Баса, бул ит жакында эле күчүк болчу. Жалгыз да эмес эле. Күчүктөрдүн бири ала бири каралыгынан Пазилет бирин Алабай, бирин Карабай деп алган. Алабайын айылдагы чебер аялдарды “килем боёкторунун түрлөрү боюнча окутам” деп шаардан келген Гүлнара бооруна кысып, жакшы көрүп улам башынан сылай бергенинен Пазилет күчүктүн бирин ага берген. Берип жатып: “Экинчисин деле алып кетсең болмок”- деген. Гүлнара: “Эже, өмүрүмдө күчүк багып көргөн эмесмин, өлтүрүп коюп убалына калбайын, бирөөсүн эле алайынчы” – деп, колуна Алабайды көтөрүп кубанып кеткен эле. Ошентип Карабай өзү калган. Ошол Карабай ушул. Буларды бейпайга салган түйшүк менен чаар тооктун иши канча, тандыр түбүндө жылуу уясында жатып анда көңүлү жай эле…

Ушинтип түш оой башталган бул үйдүн дүрбөлөң ызы-чуусу минтип караңгы талашта тандыр түбүндөгү жылуу уяга да жеткен эле. Чаар тоок үн чыгарса эле аны бирөө апчып жулуп кетчүдөй демин ичине катып жата берди. Тез-тез ирмеген көздөрү гана кыпкызыл болуп чыкты. Анын жүрөгүнүн түрсүл кагышы жумуртка ичиндеги жөжөлөргө да угулуп жаткансыды. Ушул маал канатына калкалап, колтук бооруна тизип жаткан жумурткаларынын жылуулугу денесин магдыратып, мээрим менен коркунучтун ортосунда дирилдеп, сүйрү жумурткалардын тумшук учундай гана жарыгынан билинер-билинбес чел кабыктын астында чыйпылдаган үндөрү тоокко дем, кайрат берип турду. Ушу түнү алар өздөрү ичинде жөжө болуп жаралган апакай жумурткалардын кабыгын кичинекей тумшуктары менен тешип, жарып чыгып, бул жарык дүйнөгө баш багаарын тоок эненин жүрөгү сезип туйду.

“Чыйп-чыйп…” “Чыйп-чыйп…” Назик, аёолуу, ал гана эмес ушунчалык баёо бул үндөр көбөйгөндөн көбөйө берди. Эми чаар тоок сырттагы шумдуктуу үндөрдөн чоочуп турса да, коркуу сезимин жоготуп, канаттарынын астынан кирип-чыгып, бирде желкесине чыга калып ойноп жүргөн жөжөлөрүнө алаксый түштү.

Кыяматтык кошуналардын жаңжалы бир болбогон жерден башталды. Кенедей жерди эки жактан эки кошунанын эр жеткен эки баласы талашып туруп албадыбы! Пазилет менен Касиетжан балдарын жараштырыш үчүн эмне деген гана сөздөрдү айтышпады.

–Ээ, балдарым, акыр түбү эки метр жерге барабыз, кыяматтык кошуналык салтты бузбагыла, урушпай-талашпай эле силердин чоң атаңар, ал эмес бабаңар да кошуна жашап келген, ушу жарым метрди талашып эмне кыласыңар,” –деген Пазилет.

–Балаң кургурлар десе. Эмнесин айтасың, Пазилетжан, чоң ата, бабасын нары кой, ушу биз экөөбүз бир жолу “сен-мен” дештик беле?! Кошуналар бир кесе ашты бир бөлүп ичмейинче, тамактан аш болобу, ал болобу, балдарым э-эй, бул не кылып жатканыңар! – деген Касиетжан. Эки зоңкоюп эр жеткен балдар эненин сөзүн угуп коёрбу! Экөө эки жактан катуу тирешти.

–Бүгүн мына көрөсүң!- деди Касиетжандын баласы сөөмөйүн кезей.

–Колуңдан келгенин кыл! – деди Пазилеттин уулу да колун жаңсап. Чыр ушинтип башталды…

Күн бешимден өткөн маалда кошунасы Касиетжандын тынч турган үйүнөн: “Уу-ай, балам! Ушунун кимге кереги бар эле! У-ай даат!” – деген ачуу чаңырык добушу суук шамал менен кошо уңулдап желип жортуп, Пазилеттин үйүнө чейин угулду…

Даана кыйсыпыр ошондон бир саам өтпөй башталды…

Кошуна-колоң чуркап келип өрттөнүп жаткан үйдөн Пазилетти араң чыгарышты. Пазилеттин колуна документтер салынган кичинекей кара баштык урунуп, ошону алганга гана үлгүрүп, өмүр бою жолдошу экөө жыйнаган оокат-ашын, буюмдарын үйүнө кандай турса ошондой таштап, бала-чакасы менен чыгып кетүүгө шашты. Карабай да аларды ээрчип портерге секирди эле: “Киши батпай жатканда итиңизди калтырыңыз” – деди айыл башчы. Карабай эмес короодо багып жаткан беш-алты кою, жаңы эле казыкка байлаган уй-торпоктору төрт тарабы ачык шыйпаңда кала берди. Бир күндө мындай окуя, ызы-чуу, чыр менен башталган өрт чыгып кетет деп, эч кимдин оюна келбегендир. Кош бойлуу келининин ачык портер үстүндө эриндерин бекем кымтынган, сумсайыңкы жүзү, ойноп кеткен балдарын издеп араң тапканы, теспесин тартып, келмесин улам-улам кайталаган карыган кайнатасы жана “өч алам” деп кезеринген уулу Пазилеттин көз алдында баратты. Алар кай жакка баш калкалап баратканы да белгисиз эле… Айыл четиндеги өрттү өчүрүүгө айылдыктардын да күчү жетпей койгонунан, үй-бүлөнү гана аман алып чыгып кетүү айыл башчысынын милдети болду.

Бир күн, бир түн бою шамал менен кошо айыл четиндеги бул үйдөн тозоктун отундай болгон жалындап күйгөн алоо от, тарсылдаган үндөр басылбады.

Таң куланөөк атып калганда чаар тооктун уясынын жанынан кимдир бирөө өттү да, “Тарс!” этип, түнүкөнү бир тепти. Бир заматта түнүкө майыша учуп, тооктун үстүнөн кайкып барып, тандыр түбүнө “Карс!” бир тийди. Күрп тооктун жаны оозуна кептеле түштү. Жүрөгү лакылдап канаттары менен жөжөлөрүн калкалап жата берди. Оолуккан адам тоокту карап да койбой, ары басып кетти. Андан кийинки күйүктүн каңырсык сасык жытын, түтүн булап, кез-кез карс-карс жарылып, асманга атылып, кайра жерге түшүп жаткан ызы-чууну бул үйдөн бир гана чаар тоок менен жөжөлөр гана сезип жатты.

Күн чашке болгон маалда жөжөлөрүн ээрчитип чыккан чаар тоок элейе эки жагын карады… Пазилет, Жумаш, эшик алдында ойноп жүрчү неберелер, тирилигин улап, кирин жууп, ашын жасап делбиреп чуркап жүргөн келин, күнгө жүзүн тосуп, ар дайым бешайбанда олтурчу карыган чоң ата да көрүнбөйт. Былтыр эле заңгыратып салган үйдүн тыптыйпыл күйүп, коңшоюп, кара ышка чулганган урандылары гана калыптыр. Заңгыраган үйүнө Пазилет жетине албай кубанып жүргөн. Үйдү бүтүрөм деп жолдошу жети жыл Орусиядан келбей, баш көтөрбөй иштебеди беле! Неберелерибизге чоң той өткөрөбүз деген эле.

Күрп тоок жөжөлөрүн ээрчитип алып, короону айлана берди. Капкара ыш күйүндү темир дарбазанын жанында сунала, селейип катып, көзүн жумуп жаткан Карабайды көрүп жөжөлөрүн коруюн деп, канаттарын керип, “күрк-күрк” деп, чоочуп калды эле Карабай ордунан былк этпеди… Андан ары уйлар байланып турган жерге барды. Кокоюп казыктары гана туруптур. Койлордун да карааны көрүнбөдү. Короо бопбош. Короз баш болуп, мекиян тооктор баары ар кайсы жерде эки аягын асманга тырайтып, тырмактарын жайып селейип жатыптыр… Чаар тоок жөжөлөрүн ала качып, алапайын таппай, канаттарын жая күрпүлдөп, ары-бери чуркап алды. Жөжөлөр эч нерседен бейкапар “чый-чыйп” этип, энесин ээрчип жайма-жай эле. Балким алар жаралган бул жарык дүйнөнүн өңү да, өзү да ушундайдыр… Аларга баары белгисиз жана табышмак болчу…

–Оо кара баскан күн! Кандай күндү башка жаздың эле жараткан кудай! Бул эмне кылганың! Куттуу үйүбүз, дөбө болуп күлүң калдыбы! – деп, ыйлап келаткан Пазилет жана Жумаш баш болгон неберелери менен араң таягын таянган кайын атасы, эл менен бирге келатты. Пазилеттин ачуу үнү тоокту ого бетер чоочутту. Эми ал дагы бир нерсе болуп кетчүдөй, чыйпылдаган он беш жөжөсүн тең корголоп, ары-бери тез-тез басып күйпөлөктөп жүрдү.. Энесинин колунан бекем кармап бараткан Жумашка жөжөлүү чаар тоок көрүндү.

–Эне, эне, чаар тоок, Касиетжан эненин тоогу… Жөжөлөр… Жөжө ачып чыгыптыр…

–Касиетжан эненин тоогу, жөжөлөр… Пазилет Жумаштын сөзүн кайталады.

Пазилет башын мыкчып дал болуп турду да, “күрк-күрк” деп, жөжөлөрүн коруй далбастап, түнкү кыйсыпыр-кырсыктан бузулбай калган тандыр түбүндөгү уясына бараткан чаар тоокту карап: “Касиетжандын тоогу, жөжөлөр…” деген бойдон, ыйлап чарчаган жүзүн акырындап-акырындап барып жылмаюу аралады да, анан кайра эле озондоп-озондоп ыйлап жиберди…

Эл эл экен. Эки кошунанын балдарын аксакалдар ортого алып, кеңешип-кесип, оо бир маалда элдештирди. Экөө талашкан жарым метрди тең ортодон бөлүп, зым торун да тартып беришти. Кошунанын баласы ачууга алдырганын мойнуна алып: “Үйдү өзүм тургузуп, ичиндеги оокат-ашын да өзүм толтуруп, малын кайра ордуна коём ”- деди. Ага Пазилеттин уулу көнбөдү. Малга тийсе да, жанга тийбеди, баштан-көздөн садага,-деп койду. Аксакалдар ары кеңешип, бери кеңешип олтуруп, ушул үй достуктун үйү болсун, ортодо ашар менен бүткөрөлү,-деп чечишти. Ашар менен Пазилеттин үйүн ордуна өзүндөй кылып үй тургузушту. Үйүнө кадим тойду, небелеринин сүннөт тою менен кошо өткөрүштү. Касиетжан бала-чакасын ээрчитип, тойго келди. Кошунасы канчалык жер карабасын, Пазилеттин көңүлүндө бир таарыныч, кек туруп алды. Мезгил өтсө мунун баары унутулаар дечи. Кайра эми экөө мурдагыдай ынак кошуналар болуша алаар бекен?! Бул окуянын ушунчалык тездик менен күч алып кеткенине эки үй-бүлө тең баштары маң эле. Эгер буларды дагы эле чаар тоок бириктирбесе, кандай болоорун ким билсин? Адамдын гүлдөй көңүлүнүн жибишине бир кичинекей нерсе себепкер болот тура.

Күндөрдүн биринде Касиетжандын короосуна чаар тооктун жөжөлөрү “чыйп-чыйп” эте ортодон тосулган зым тордон өтүп кирип барышты. Чаар тоок күрпүлдөп, зым тордон өтө албай, улам торго секирип туруп калды. Пазилет алардын артынан күбүрөнө тилдеп баратты. Касиетжан үйүнөн бир табак ашын дасторконго орой, Пазилет кошунасыныкына көтөрүп чыгып келаткан эле. Касиетжан басып келип, Пазилетке дагы эле күнөөлүүдөй, башын жерге сала, анан таптаза пейил менен башын кыңайта жылмая карады. Пазилет ага карап, арасат гана шуу үшкүрүп койду.

–Пазиле-ет, тоогуңду да мен жакка өткөрүп коё бер. Чаар тоок жөжөлөрү менен чөп-чарга бир тоюп алсын. Андан көрө, кел эми, бул ашты чогуу бир дасторкондо жейли, башкысы балдарыбыз жарашты, – деди Касиетжан. Пазилет ага жылмая карап, жүзүнө тамган бир тоголок жашты жең учу менен сүртүп алды…