Айнагүл Базарбаева: Күн келатат жапжарык, Тургула эй, сүйүнчү!

Айнагүл Базарбаева 1972-жылы Лейлек районунун Булак-Башы айылында туулган. 1989-жылы Булак-Башы айылынан орто мектепти, 1994-жылы Бишкектеги И.Арабаев атындагы педагогикалык университетинин Филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн аяктаган.

Ал 1998-жылы Курбаналы Сабыров атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, 2005-жылы республикалык жаш акындардын арасында уюштурулган “Алыкулдун ак боз аты” фестивалынын лауреаты болгон. 2005-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

 

*****

Турмуш сенден тепки жеп,

Ашаткан тери сымал көп ийлендим.

Адашып кээде баскан түз жолумдан,

Аягым басып алган чөпкө иймендим.

 

Кээ бирде сага жаным ыйбаа кылса,

Кээ күнү наалат айтып ыйлап тургам.

Топ этип урап калчу дил-мунарам,

Жомоктой кыялдарым ырдан курган…

 

Көнүп да калдым эми урай берип,

Бийиктен кайра-кайра кулай берип.

Тагдырда көп нерселер эчтеке эмес,

-Ал кулум! десе эле, Кудай берип…

 

Неге???

Издесек лидер таппайбыз,

Отурат баары тарп аңдып.

Бүлүнтүп баарын бугаче,

Бүгүнгө неге таң калдык.

 

Бүлбүлдөп күйөр шам барбы,

Элине күйгөн жан барбы?

Кетирип пайда таптыкпы,

Кесири тийген хандарды.

 

Касапчыга кан кайгы,

Кара эчкиге жан кайгы.

Ишенгениң сууга акса,

Кармагын эми тал-талды.

 

Шакылык этсе сагызган,

Жүрөгүм үркүп, шуу этет.

Корккула Кудай каарынан,

Ушунча ичкен уу жетет!

 

*****

1- класс кезим…

Сыянын жыты келип мурунума,

Биринчи класс кезим эске түштү.

Баракка башым коюп уктап калып,

Сыянын изи болсо бетке түшчү.

 

Окучум энем айткан “мударистей”,

Ар дайым “4”, “5” алган ударникмин.

Сабакты окуй албай үйгө кетип,

Калуудан абдан коркчум мугалимден.

 

Канчалык окусаң да кара казан,

Кармайсың, кыз баласың наалып калып.

Жакамды кадай албай кыйшык тагып,

Чоң энем калган эле абдан карып.

 

“Ж” деген жылдызга окшош тамга экен деп,

Чоң атам жадыбалдай жаттатканы.

Эсиме түшүп недир… Ыр жазып олтурамын,

Мурунума сыянын жыты келип…

 

Белек

Үшүбөсүн кышында бутуңуз деп,

Байпак тандап, жагымдуу, жылуу издеп.

Атакеме алып барып бердим анан:

-Жылуу-жумшак, атаке, кийиңиз деп.

 

Адатынча атакем барбалаңдап,

Кубанды да байпакка жаш баладай.

Аяр кармап белегим аста, абай,

Кийип алды күлүңдөп, калдалаңдап.

 

Атакеме бир жолу жайда барсам,

А бутунда кыштагы ошол байпак.

-Айзуурашым, акылдуум, таң калба дейт,

Жылуулугуң сеземин кайда барсам.

 

Байпак эмес жылуусун колдоруңдун,

Шыдырлыгын айтпайын жолдорумдун.

Белегиңдин белгиси Зуураш кызым,

Мергенчидей ар качан олжолуумун.

 

Байпагыңда бакыт бар, чексиз-ченем,

Бар бактымды жан кызым сезип келем.

Барбалаңдап олтурган атакемдин,

Ошондогу элеси… эзип келет…

 

Ыш жана кыш

Арасында жүргөнүмдү түшүндүм,

Чылгый эле чыла жыттуу түтүндүн.

ТЭЦимди да, эсимди да ыш басып,

Чылым чеккен Бишкек алат үшүмдү.

 

Айланамда баары тегиз түтөгөн,

Саясат да быкшып жатат жүдөгөн.

Түтөйт жолдо буруксуган автолор,

Мору чубайт капкара ыш күчөгөн.

 

Кишилер көп, түтөп-түтөп сүйлөгөн,

Түтүн чыгат мончолордон, үйлөрдөн.

Көп түтүндүн арасында башым маң,

Түшүм сыңар, акыл айраң, күймөнөм.

 

Мешти чукуп, отун жагам күйбөгөн,

Күбүрөнүп, күйпөлөктөп, сүйлөнөм.

Чыккынчыдай көрүнөмүн өзүмө,

Мекениме көк түтүнүн үйлөгөн.

 

*****

Саргыч тартат балык сымал ышталган,

Кермедеги чайып жайган кирлерим.

Күндөр мынча мунарыктайт кыштагы,

Тыз-тыз этет Мекен деген бир сезим!

 

Таза аба жок кере-кере жутууга,

Коркпогондор убал менен кусурдан.

Тоң моюндар тоспогула тоолорду,

Ажыдаардай түтүн үйлөп жутунган.

 

Тоо жактарга салбагыла кабат үй,

Таза абасыз түккө арзыбай калат үй.

Шамал калган багытынан адашып,

Томсоруңку турат эми калаа, Чүй!

 

*****

Кычыраган кыш…

Мурдум тиштеп баратат.

Кычыраган кыш,

Тилим тиштеп канатат.

Кычыраган кыш,

Жыйнап койгон жай бою,

Сар чакамды санатат.

Кычыраган кыш,

Улагадан кирип келип уюлдап,

Чокко айланып, отко айланып,

Көк түтүнүн ышкыртып,

Мордон чыгып баратат.

Кычыраган кыш,

Болуп төштө жылгаяк,

Ойноп чыгып баратат.

Кычыраган кыш,

Кары картаң, кемпир-чал,

Колдон чыгып баратат…

Кычыраган кыш,

Дене муздак жыландай,

Сойлоп чыгып баратат…

 

Таң

Таң келатат сүрүлүп,

Узатайын түнүмдү.

Кирди мына ак жарык,

Жарык кылып үйүмдү.

 

Баштайын ээ тирилик,

Оңдоп чачым, түрүмдү.

Ачык бүгүн асманым,

Кандай жакшы тирүүлүк!

 

Сугарайын гүлүмдү,

Жыйнап коюп үйүмдү.

Күн келатат жапжарык,

Тургула эй, сүйүнчү!

 

******

Сексен сегиз топ жылдыз,

Сезимимди эргитет.

Арзыган жуп эгиздей,

Алтын казык, Жетиген.

 

Мынча сырдуу ай-аалам,

Карап турам Үркөрдү.

Жер огунда айланат,

Бешигиндей түндөрдүн.

 

Жымыңдашат жылдыздар,

Биз жетпеген алыста.

Саманчынын жолу ак,

Жол салгансып Арышка.

 

Асман-жылдыз, ээ чексиз.

Оюм көктө. Жердемин.

Акыл-айраң мээ жеткис,

Бир бечара пендемин.