Айдай Бекбоева: Момпосуй

Момпосуй

Калима таттууларды абдан жакшы көрөт. Айрыкча ага жаңгак кошулган таттуу жагат. Эртең менен бакчага баратканда колунан таттуу түшпөйт. Бакчага жеткенде балдар аны тегеректеп, таттуудан көздөрүн албайт. Ал ансайын аларга мактана, жалгыз өзү жейт.

Ата-энеси ага курбулары менен бөлүшүү керектигин түшүндүргөн. Бакчада тарбиячы эжеси да көп жолу айткан. Бирок…

Жанында Адыл аттуу бала бар. Экөө кошуна. Ага ооз учунан: “Момпосуй жейсиңби?” демиш болот.

Адыл момпосуйду оозуна эми сала берерде, кайра тартып алат. Таттуунун көп бөлүгүн жеп алат деп ойлойт ал ичинен. Чөнтөгү толтура момпосуй, бирок Калима эч ким менен бөлүшкүсү жок.

Бир күнү капилеттен Калиманын тиши ооруп, апасы экөө доктурга жөнөштү. Жолдо баратканда Калима коркту. Апасынын колун катуу кармап:

–Тишимди сууруйбу? – деп сурады.

–Жок, дарылайт, – деп түшүндүрдү апасы.

–Кантип дарылайт?

–Сен андан көрө айтчы, момпосуйду аз же дедим эле го, качан угасың?

Калима оозун чормойтту:

–Аз же деп айта бересиз… – деди капалуу.

Аңгыча тиш доктурга келип каттоодон бир барак кагаз алышты да, түз эле доктурдун бөлмөсүнө бет алышты. Кезек күткөндөр көп экен. Апасы экөө кезек күтүштү.

Калиманын бет алдында тишке кам көрүү боюнча сүрөттүү нускама илинип туруптур. Жазууга түшүнбөсө да сүрөттөрүнө кызыгып көпкө карады. Тиш паста, щётка, тиш чайкоочу каражаттар тартылган экен. Дагы башка сүрөттөрдү караганча, өздөрүнүн кезеги келип жетти.

Апасы тиш доктурдун эшигин тыкылдатып:

–Саламатсызбы, мүмкүнбү? – учурашып кирди.

Калима тиш доктурду көрүп, апасынын артына жашынды.

–Саламатчылык, келиңиздер! – деди.

Апасы колундагы кагазды доктурга карматты. Ал:

–Аа, түшүнүктүү. Таттууну көп жепсиңер да… Кана, атың ким? Канча жаштасың? Оо, көйнөгүң сонун турбайбы, – дарыгер Калимага мээримдүү карады. Анан аны кош колдоп көтөрүп отургузду. – Тишиңди көрөйүн ээ, оозуңду чоң ач, – деди.

Калимага «көйнөгүң сонун» деген мактоо жага түштү.

–А-аа, – оозун өзү эле чоң ачты.

–Тишин курт жеп баштаптыр, – деди доктур.

Калима тишин алманын куртундай курт жеп баштаганын элестетип коркту.

–Оозуңду чоң ач.

Тишинин курттарын доктур бирден терет деп ойлоду Калима.

–Түшүнүктүү, – доктур Калиманын апасы менен кобураша кетти.

Калима коркконунан көзүн бекем жумуп алды. Ал көзүн ачкыча тиш доктур Калиманын оозуна тыз эттире ийнесин сайып койду. Өз ою менен алаксыган Калима муну байкабай да калды, ыйлаган жок. Бир аздан кийин оозу катып калгансыды.

Доктур тызылдатып тишин тазалады, тез эле бүттү.

–Мына, тишиңди тазалап койдум. Эми таттууну азайт, макулбу?

Доктур таттууну азайтып, тишке өз убагында кам көрүү керектигин жакшылап түшүндүрдү.

–Таттууну мындан кийин азайт. Андан көрө жер-жемиштерди көбүрөөк же, мисалы, алма, сабиз.

Калима жок же бар дей албады.

–Тамак ичкенден кийин оозуңду жылуу суу менен сөзсүз чайка, – муну апасы да, атасы да кечки тамактан кийин эскертишти.

–Бир күндө бир эле момпосуй жейинчи, – деди Калима.

Калима түндө түш көрдү. Түшүндө баягы өзү элестеткен курттар оозуна толуп алышыптыр. Караса, бардык тиштерин бирден кертип жеп жатышат. Маңдайкы эки эле тиши калыптыр. Ары жактан тиш щёткасы тызылдап жардамга келе жатты эле, ойгонуп кетти.

–Өх! – деди Калима, түшү экенине кубанып.

Күзгүгө барып дароо оозун ачып, тишин карады. Бардык тиши ордунда. Кечээги тазалаткан тиши да ордунда. Сүйүндү.

Тиш щётканы алып, тишин жууп, кыңылдап ырдап да жатты. Кийинди.

Калима бакчага келди. Чөнтөгүнө сала келген момпосуйларын досторуна бирден таратты. Адылдын жанына барып, ага да берди…