Аалы Токомбаев: Даат

Даат

(уламыш)

Арашандын тентек шарынын боюнда аңгеме айтышып олтурдук. Абдулла аттуу жаш өзбек, өзүнүн кезеги менен бир сонун аңгеме сүйлөдү. Ал сүйлөөдөн илгери мага карап жылмайды да:

–Мен сиз сыяктуу жазуучу эмесмин. Мен токуу фабрикасынын жаш инженеримин. Сөзүм көркөм чыкпаса, мага капа болбоңуздар? – деп жупунуланып кечирим сурады.

Чынында Абдулла сөзгө чебер, мүнөзү сылык, кең көкүрөк, көркөм жигит болучу. Ал сүйлөгөндө ылайыгы менен колуна уруп, өзүн-өзү күүлөп олтура турган адаты бар эле. Ал аңгемени мындайча баштады…

…Өткөн бир замандарда Акыл аке аттуу бир киши жашаган. Уурулар Акыл акенин сөзүн элден угуп таңыркашса да, өз оозунан угушкан эмес. Бирок анын сөзүнөн көрө дүнүйөсүнө кызыгып, дүнүйөсүнүн өлчөмүн сүрүштүрүштү. Кимден сурашса да:

–Бир хан эмес, беш хандын казнасы да Акыл акенин байлыгына жетпейт, – деген жооп алышчу. Чынында да Акыл акенин байлыгы эсепсиз эле.

Бир күнү уурулар Акыл акенин короо-жайын сыртынан көрүштү да, эл жатары менен анын эшигин кагышты. Акыл аке төшөгүнөн тура калып, босогого келди да:

–Кимсиң? – деди.

–Ачыңыз, Акыл аке. Биз конокпуз. Сиздин алтын сөзүңүздү угууга келдик, – деди уурунун бири.

Акыл аке эшикти ачып жибергенде бетине парда тартынган үч кишинин элеси көрүндү. Акыл аке чочуган жок:

–Келгиле, урматтуу меймандар. Келгиле, – деп төргө килем, төшөк жая баштады.

Алардын темир кийген чоң денелерин, жаркылдаган куралдарын байкамаксан болду да:

–Кана, меймандар! Жайланыңыздар, – деди эки колун бооруна ала коюп.

–Биздин жайланганыбыз менен жумушуңуз болбосун! – деп уурулардын бири аны түртүп жиберди. Экинчиси канжарын сууруп:

–Кана, акчаларың кайда? Сен бизди билесиң. Биз кан менен жаштан тамак таба тургандарбыз. Биз келген жерден кан агат, жаш төгүлөт. Эми кезек сага келди, – деп анын жүрөгүнө канжарын такады.

–Билем. Силерди көрбөсөм да угам. Силер жеңилбес баатырсыңар! Хандардын атагы бир-бирине жетет. Силердин атагыңарды бүтүн эл билет. Силердин жүрөгүңөр оттон жаралган, баатырсыңар. Силерге менин каным керек эмес, менин дүнүйөм керек, а дүнүйөнүн мага кереги жок. Менин дүнүйөмө беш хандын дүнүйөсү да тең келбейт. Менин байлыгым азырынча силерди тойгузат. Качан дүнүйө керек болсо мага келгиле. Ар келгенде бир хандын казнасындай дүнүйө берүүгө күчүм келет, – деди Акыл аке.

Уурунун бири каалганын илмегин бекитип коюп.

–Эми тоңдурган эмедей болуп олтур! – деп катуу буйруп койду да, сандыктарды сындырып, акчаны ортого үйө баштады. Алар башка жактан эчтеме издешкен жок.

–Ой, балдарым. Акча жетеби, же дагы керекпи? Жетпесе айткыла! – деди Акыл аке жылмайып.

–Дагы барбы? – деди уурунун үчүнчүсү.

–Бар, – деди Акыл аке ачык жүзү менен. – Тетиги экинчи очоктун ичиндеги – акча, бул алганыңардан үч эсе көп. Тойгонуңарча алгыла, балдарым. Мага дүнүйөнүн кереги жок.

Очоктогу акча айтканындай болуп чыкты. Уурунун бири мынчалык байлыкка таң калды да:

«Мунун баарын кантип алып кетебиз?» – дегенсиди, жолдошторуна карап.

Акыл аке чочуган эмече:

–О, балдарым! Менде беш качыр бар. Кааласаңар ошолорго жүктөп алгыла. Бул көп дүнүйө эмес. Акча дагы керек болуп жүрбөсүн. Айткыла, балдарым! Силер дүнүйө кубалаган кишилерсиңер, – деди.

–Дагы барбы? – деп уурунун бирөө чочуп кетти.

–Чочуба, балам! Тетиги кулкандын ичинде, ушул алган дүнүйөңөрдөй беш дүнүйө бар. Алгыла, балдарым. Мага дүнүйөнүн кереги жок. Менин жалгыз гана башым. Дүнүйөнү өзүнүн ээсинен аңого болбойт. Мен мынча дүнүйөнү көрүмө ала кирет белем. Дүнүйөнүн ээси силерсиңер. Дүнүйө менин тилимде, алгыла! – деди.

Акыл акенин бул марттыгы ууруларды таң калтырды.

–Ушунча жашка келгени мындай укмуштуу кишини көргөн эмесмин. Бул кишинин сөзүн укпасак арманда кетебиз. Кандай дейсиңер? – деди уурунун бири жолдошторуна.

–Ырас, Акыл акенин аңгемесин угалык, – деди экинчиси.

–Кана эмесе, бизге сүйлөп бериңиз? – дешип уурулар олтура башташты.

–Макул, балдарым, сөзүмдү угуп, колумдан тамак ооз тийип кеткиле, – деп Акыл аке палоо даярдоого киришти.

–Эшикке чыкпайсың! – деди уурулардын бири.

–Жок, эшикте менин эштемем жок. Отун, суу май, күрүч, сабиз бардыгы мында даяр турат. Меин сөзүмө палоо тоскоолдук кылбайт, – деп лыпылдатып сабиз туурап отуруп, мына бул жомокту сүйлөдү.

…Эбак мурун заманда, өмүрүнчө жарыбаган бир киши жашады. Ал киши эмгекке жарагандан тартып, кабыргадай иймейгенге чейин отун сатып оокат кылды. Кемпири экөө жылаңач да калышкан жок, ачка да болушкан жок. Үйү кепе, төшөгү саман болсо да, кишиден сурабай өмүр өткөрүштү. Бир гана кайгылары, аларда бала жок болду. «Чың эткен баланын үнүн угуп өлсөк, арманыбыз болбос эле!» – дешти.

Чал бир күнү көтөрмөсүн курчанып, чотун белине кыстарып, отунга карай бара жатканда, алдынан атактуу байдын уулу жолукту. Анын кырк жигити эки жагына жыйырмадан бөлүнүп, байдын уулуна кошомат кылып келе жатышкан эле. Алар чал менен эсендик да сурашкан жок. Алардын көзүн май басып, көкүрөгүн өргө айдаган немелер эле. Алар саал өтө бергенде:

–О, байбача! Токто, – деди чал.

–Эмне? – деди байбача.

–Балам, атаң карып кетиптир. Сенде тамашадан башка эч өнөр жок. Өнөрүң болбосо, дүнүйөң опо кылбайт. Атаңдын көзү турганда бир өнөр үйрөнүп ал, балам. Мен ушуну айтайын дедим эле,— деди чал.

Байдын уулу каткырып күлдү да:

–О, куу чал, өнөрүң менен өзүң күн көр. Атамдын көзү өтсө, анын толгон дүнүйөсү мени кор кылбайт. Сандырактабай оокатыңды кыл,—деди.

–Мейли, балам, мейлиң. Ар ким өнөрдү өзү үчүн үйрөнөт, – деди да, чал жолго түштү.

Бир жылдан кийин байбачанын атасы өлдү. Байбача оюн, күлкүдөн башка эчтемени ойлогон жок, күн-түн жолдоштору менен шарап ичип, шапар тээп жүрө берди.

Бир күнү чал байбачага дагы жолукту да:

–Балам, атаң дүйнөдөн кайтты. Эми малың барда өнөр үйрөнүп ал. Адамдын бактысы өнөр болот, – деди.

Байбачанын аябай ачуусу келди да:

–Ой, чал! Мен сенден бакты сурадымбы? Менин малым түгөнсө, атамдын алтымыш досу өзүмдүн кырк досум бар. Мени ошолор дагы өлтүрбөйт. Экинчи менин көзүмө көрүнбө! – деди.

Арадан үч жыл өткөндө чал байбачага дагы жолугуп:

–Балам, дүнүйөң түгөнүп баратат. Эч болбосо соода кылганды үйрөн, дүнүйө менен жолдош күтүүгө болбойт. Өнөр үйрөнбөсөң, кор болосуң. Сенин жолдошторуң – чын жолдоштор эмес, дүнүйөнүн жолдоштору, – деди.

Жигит жооп кайтарбастан камчы менен чалды төбөгө бир салды да:

–Сен мага үйрөткөн акылың менен эмне үчүн өзүң бактылуу болбойсуң? Сакалың кардай болгончо бактысыз болуп келе жатканыңды билесиңби. Экинчи мага сүйлөсөң, сени чоң атаң менен көрүштүрөм… Экинчи мени көрсөң тескери жактан өткүн, – деп буюрду.

–Кайыр, балам, кайыр! Дүйнөгө жаралганың чын болсо, бул кылыгың менен кор болоруң дагы чын, – деди да чал жолго түштү. Ал байбача тууралуу экинчи ойлогон жок жана анын айылы жакка барган да жок. Өмүрдүн көрүнбөгөн чыйыры менен жүрө берди, – деди Акыл аке.

– Ээ, анан эмне болду? – деп уурунун бирөө суроо бере койду.

– Азыр, балам! Азыр баарын айтам. Окуя эми башталат, – деп казанга сабиз салып, депкири менен ары-бери аралаштырып коюп, сөзүн улады:

–Чал бир күнү отунга баратып, жолдун жээгиндеги капкара алачыкты көрдү да, «бул менден да алсыз экен, кайдан келген бечара», – деп таңыркаган бойдон алачыктан өтө берди.

Алачыктын жанында мамыдай зыңкыйып отурган кара жигит, чалды көзү менен узатып карай берди. Чал эчтеме ойлогон жок. Эчен жыл басып, үйрөнгөн майда адымы менен бир калыпта гана жүрүп олтурду. Алачыктын жанында турган жигит чалдын аркасынан жүгүрүп келе жатып:

– Олуя ата! Токтоңуз, олуя ата! Токтоңуз, – деп жалбарып чуркады. Чал белине чейин селкилдеген аппак сакалын сылап жылмайып тура калды да:

– Ээ, балам! Жаңылбасам, баягы мен сүйлөшкөн байбача эмессиңби? – деди.

Жигит олтура калып, чалдын буту-колун кучактап, көзүнүн жашын төгүп жиберди да:

– Олуя ата, менин күнөөмдү кечириңиз. Оокат кылуу үчүн мага жардам кылыңыз. Сизге колу тийген акмак– менмин, – деди.

– Сенин күнөөңдү сени ким жаратса, ошол кечет. Мен олуя эмесмин, жашоо үчүн күрөшкөн кишимин. Менден эмне сурайсың? Айт? – деди чал. Анын кылгандарын кектеген жок.

– Мына, ата, – деди жигит, ыйлап туруп: – Мал берип жакындашкан атамдын алтымыш досу өзүмдүн кырк жолдошумдун бардыгынан айрылдым. Дүнүйөм бүткөндөн кийин, үй оокатымды сатып жедим. Досторум болсо: «Азыр эчтеме жок. Малдын баарын жүгүртүп жибердик» – деп жооп беришти. Акырында бир күндүк, эки күндүк оокат беришти да, ошону менен жок болушту. Мына, эки күн болду, ачкабыз… Бизди өлүмдөн куткарыңыз. Мага бирдеме үйрөтүңүз. Мен сизге түбөлүк кул болоюн, –  деди жигит.

Чал жигитти кайта өзүнүн кепесине алып барды да, анын колуна жаңы көтөрмө, жаңы чот, керки берип туруп:

– Жүр эми, балам! Адамдын колунан баары келет. Отун сатабыз, оокат кылабыз. Жүр, – деди.

Жигит кубанганынан дагы ыйлады. Чалды ээрчип барса да, көнбөгөн жигит эчтеме кыла албады. Чал унчукпай гана отунду жыйнап экиге бөлүп таңып:

– Эми, балам, көтөргүн, – деп өз отунун көтөрүп жолго түштү. Жигит аябай кыйналып, бир аз көтөрүп жүрдү да, темселеп олтуруп калды.

– Эчтеме эмес, балам. Көнөсүң, – деди да, эки жүк отунду алмак-салмак көтөрүп наавайчыга жеткирип, андан он нан алды.

– Мына, балам! Сенин отунуңдун куну беш нан болду, меники да беш нан болду, – деди чал.

Жигит дүнүйөсүнүн бардыгы кайта келгендей кубанды. Анын үйүнө кадимки турмуштун түрү кирди…

Ошентип, аз-аздан жигит ишке көнүгө баштады. Ошондой болсо да чал аны өтө аяды. Отундун коюу жерин ага таштап, өзү тырмалап тоолуу жерге чыга турган бол­ду. Бир күнү чал тоонун боорунан отун алып жатып, тайгаланып барып үңкүргө түштү.

Ал үңкүрдө эки чоң кумура турган экен. Чал кумуранын оозун ача койсо, толтура алтын. Кубанганынан бакырып жиберди. Жигит сүйүнүчтүү чалдын үнүн угуп:

– Атаке, эмне болду? – деп кыйкырды.

– Балам, алтын! Алтын! Кел, алтын таптым! – деп бакырды. Жи­гит тез жетип алтынды көрө коюп:

– Атаке, бул байлык менен хандыкты да сатып алууга болот. Менин жоготкон байлыгым мунун чейрегине да келбейт. Эми сиз бактылуу болуңуз, – деди.

– Э, балам! Бакыт алтында эмес. Алтын алдамчы болот. Алтынга ишенүүгө болбойт. Пайдалана билсек, бул алтын уулдун уулуна жетет. Кана, балам, экөөнүн бирин тандап ал. Бул экөөбүзгө тептең олжо, – деди чал.

– Сиз тандаңыз. Сизден калганын мен алайын, алтын сиздики, – деди жигит.

– Жок, балам! Менин өмүрүм кичинекей эле калды. Мага бирөөнүн эле чейрегинин чейреги жетет. Сен ал, балам, – деди. Жи­гит үңкүрдөн кумураларды күч менен көтөрүп чыгарды да, көбүрөөгүн сезе койгон эмече: «Мен мына мунусун алдым», – деди.

– Эмесе жүр, балам, – деди чал кубанып.

Тоонун боорунан эптеп түшкөндөн кийин кумураны кум менен тегеретип жүрүп отурушту. Күндүн ысыгы ого бетер чекеден өтүп, чарчап да, тердеп да болушту.

Улам эс алган жерден кумуранын оозун ачып жигит дилделерди кармалап келе жаткан эле. Бир кезде анын ичине ылайланган арамдык сызылып кирди. Чалды өлтүрүп, алтындын бардыгын өзү алмакчы болду. Чал аны сезген жок, деп Акыл аке казанга күрүчүн салып, отту саал кичирейте баштады.

– Ээ, анан эмне болду? – деп уурулардын бирөө Акыл акенин жүзүнө  карады.

– Азыр, балам, азыр! Окуя эми кызып келе жатат, – деп сөзүн узартты.

Чал жигитти күтүп олтурган эле. Жигит жете келди да:

– Атаке, дем алып алыңыз. Алтын эң эле оор болот экен, бул канча алтын болду экен? – деп кумураны ары-бери козгоп, ичиндеги кыянатын ишке ашырууга ойлонду

– Ээ, балам, – деди да чал жылмайып, – алтын канча көп болсо, анын чатагы да ошончо болот. Бул алтын бизден кийин да далайлардын колунан өтөт. Алтындын куну кетмейинче дүйнөдө калыстык болбойт. Бул алтын кимдердин башын жебеген дейсиң. Дагы далайдын башын кемирет, – деп койду да, терең ойго батып кетти.

Жигит ордунан тура калды да, башын жерге салып олтурган чалдын кежигесине бычак салып жиберди. Чал белге атылган коендой тыбырап, жумшак кумдарды чаңдатып жатты. Жигит чалдын аппак сакалынан кармап, тизеси менен көөдөнүн басып, мууздамакчы болду.

– Балам, – деди чал титиреп жатып, – токтой тургун. Мен эми тирилбеймин. Алтын сеники, анда менин кылдай да акым жок. Мен сага капа эмесмин, алтынга капамын. Муну кылып жаткан сен эмес, алтын! Сен өлтүрбөсөң да мен жакында өлөт элем, – деди. Жигит унчукпай чалды тизелеген бойдон тыңшады. Чал сөзүн созду.

– Сенден жалгыз гана тилегим бар, ошону орундатсаң, сага эки дүйнөдө тең ыраазымын. Ушул жашка келгени бир бала көргөнүм жок эле. Бир балага зар элем. Азыр кемпиримдин боюнда алты айлык бала бар. Ошол аман-эсен төрөлсө, атын өзүң барып коюп бер. Кыз төрөсө, атын өзүң билип кой. Эркек төрөсө, атын Даат койгун. Башка сөзүм жок. Ушуну аткарсаң, сенде эч кандай акым жок, бардыгын ке­чем. Алтын жеке өзүңдүкү, – деди да, чал түбөлүк уйкуга кетти.

Жигит чалды кумга тээп таштап, алтындын баарын ээлеп кала берди. Улуган шамал кумдун үстүнө кум шилеп, чалдын өлүмүн жерден жерге жана түбөлүккө жомоктоду, – деп Акыл аке сөзүн токтотту да, узун моюн чайдооско көк чай салып, оттон оолагыраак тартып, карапа-чыныларын тазалап бир жагына койду.

– Ээ, жигитти кудай урду го… Жакшылыкка жамандык кылды. Эми эмне болор экен? – деди уурулардын бирөө.

– Ээ, балам! Тамашасы эми башталат. Алтын кимди азгырбайт, – деп аларды жандатып шилтегендей болду. Сөзгө кызыккан уурулар аны байкашкан жок. Акыл аке саймалуу сөзүн дагы созду.

– Байбача чоң бай болуп кетти. Алтымыш төөнүн кербени эртең менен шаардан чыкса, алтымыш төөнүн кербени кечинде шаарга кирип турду. Бир-эки айдын ичинде мурунку байлыгынан алда канча артык болуп байыды.

Бир күнү чалдын кемпири эркек төрөдү. Байбача алтынды актоо үчүн, беш нан, бир табак палоо алып кемпирге барды да:

– Эне, чалыңыздын мага кылган жакшылыгын унутпаймын. Ал киши мага ар дайым бир сөз айтчу эле. «Кемпирим эркек төрөсө, атын Даат коюп бергин. Менин өмүрүм бала төрөлгөнгө жетпес», – дечү эле. Мен ал кишинин осуятын орундатканы келдим. Балаңыздын аты Даат болсун, – деди.

Кемпир байбачага абдан ыраазы болуп, аябай алкыш айтып кала берди…

Көз ачып жумганча үч жыл өттү. Кемпирдин баласынан башка бактысы жок. Өлбөстүн күнүн көрүп, ичпестин ашын ичип, жакпастын отун жагып кылдырап жашай беришти. Кемпирдин үстүндө үйрүп салар кийими жок, сураганы кайыр, көтөргөнү үч жашар Даат.

Бул элдин мурунку ханы элди эзип жибергендиктен, Адыл деген киши ханга каршы чыгып, мурунку ханды түшүрүп, өзү хан болгонуна бир топ жыл болгон эле. Ал хан такка олтургандан баштап, Адил хан деген атка конгон. «Элде зордук-зомбулук жок болсун, эч ким даттанып жүрбөсүн», – деп буйрук чыгарган.

Бир күнү ошол хан жигиттери менен тамашага жөнөдү. Сурнай, кернейлер тартылып, ханды шаардан узатып жөнөштү. Кемпир ме­нен Даат так ошол хандар бара жаткан көчөдө эле. Даат балдар ме­нен бирге чуулдаган тамашаны ээрчип кетти. Кемпир самтыраган кийими менен чыга албай, өзүнүн  үйүнүн босогосуна келип:

– Даат! Ой, айланайын Даат! – деп баласына кыйкыра берди. Хан «Даат» деген үндү уга коюп:

– Ким бул даттанган? Менин элимде даттуу киши болууга тийиш эмес. Тез барып билгин, – деп вазиринин бирин жиберип, өзү аны күтүп калды.

Вазир эдиреңдетип чаап келди да:

– Ой, кемпир! Датыңды айт, – деди. Кемпир эшикке чыкпастан босогону таянып туруп:

– Жок, балам! Мен силерге даттанган жерим жок. Даат деген баламдын аты. Ал силердин шарыңар менен көчөгө чуркап кетти. Мен эшикке чыга албай, ошол баламды чакырып жатам, – деди. Ва­зир экинчи сөзгө келген жок, адыраңдатып кайта чапты. Кемпир жалгыз баласынан ажырап калчудай:

– Даат! Ой, Даат! – деген бойдон, мына минтип кыйкыра бер­ди,–  деп Акыл аке кемпирди туурап, колун оозуна такап алып босогого барып, үнүн кубултуп бакырды. Уурулар Акыл акенин усталык менен кемпирди туурап жатканына ыраазы болушуп:

– Бали, кайта көрсөтүңүзчү? Кемпир кандайча кыйкырды дедиңиз? – деп кемпирдин кыйкырганын дагы тууратышты.

– Хан вазирдин айтканына ишенбестен, экинчи вазирин жиберди. Ал келсе кемпир баласынан чыны менен ажырагандай болуп, мына минтип бакырды:

– Ой, айланайын, Даат!! Ой, Даат! Менин үнүмдү угасыңбы!! Даат!!! – деп бакыра берди.

Акыл аке «Даат» деп бакырып жатканда, анын үйрөтүп жаткан балдарынын бири ойгонуп калды да, калган жолдошторунун бардыгын ойготуп, Акыл акенин Дааттап кыйкырып жатканын айтты. Балдардын бардыгы Акыл акенин чебердик менен жардам күтүп жатка­нын билишип, эшиктин алдына топтолушуп, Акыл акеден уруксат күтүп турушту. Акыл аке балдарынын келгенин сезсе да, жомогун созо берди.

– Экинчи вазир жетип келип сураганда кемпир баягы жообун берди. Хан буга да ишенген жок. Эми вазирлердин эң чоңун жиберди. Ага да кемпир баягы жооптуу берди. Хан буга да ишенген жок. Саякатты токтотту да, унчукпай сарайына келип:

– Ошол кемпирди алып келгиле, – деп буюрду. Самтыраган кем­пир Даатты көтөрүп, хандын алдына келди.

– Кана, кемпир, сенин эмне датың бар? Эмне үчүн «даат!» деп бакырдың? – деди хан.

Кемпир баягы сөзүн айтты.

– Эмне үчүн балаңдын атын Даат койдуң? Ал атты ким койду? – деди хан күлүмсүрөп.

Кемпир анын дайынын толук сүйлөдү.

– Чалың кандай киши эле? Ал качан өлгөн? – деп толуктап сурады хан.

Кемпир төкпөй-чачпай баарын айтып берди.

– Чалымдын жоголгонуна үч жарым жыл болду. Анын кандайча өлгөнүн билбеймин, – деди кемпир.

– Ат койгон жигит азыр барбы7 Анын оокаты кандай? – деп дагы сурады хан.

Кемпир ал жигиттин эң мурун бай болуп жүрүп жарды болгонун, чалдын жардамы менен оокат кылганын жана азыркы күндө ушул элдин биринчи байы болгондугун сүйлөдү.

Хан вазирин чакырды да:

– Мына бул кемпирге жүз дилде бер да, баланын атын койгон байбачаны чакырып кел, – деп буюрду.

Көп убакыт өтпөстөн вазир байбачаны хандын алдына келтирди. Менсинген байбача хан менен жакшылап көрүштү да:

– Сиздин буйругуңузга кайылмын, – деди. Хан башка сөзгө келбестен, туурадан туура гана:

– Кана, байбача. Дааттын атасын эмне үчүн өлтүрдүң? – деди. Эчтемеден шеги жоксунган байбача, катуу чочуп кетти.

– Таксыр, анын өлгөнүн мен билбеймин. Байкуш чалды мен өлтүрүп эмне кылайын. Менин өлтүргөнүмө күбө барбы? Болсо беттештириңиз, – деди.

– Баланын атын Даат деп ким койду? – деди хан.

– Таксыр, «Даат» деп мен койдум. Анткени: «Мен өлүп калсам, баламдын атын Даат койгун» – деп өтүнгөн эле. Мен ошол кишинин тилегин гана орундаттым, – деди байбача.

– Көргөн киши мойнуңа салса, башыңды азыр алайынбы, – деди хан.

Байбача күбөнүн жоктугуна толук ишенет, анткени, чалды өлтүргөндө ал талаада адам эмес, канаттуу да жок болучу.

– Көргөн күбө мойнума салса, башымды ала бериңиз, – деди. Хан каткырып күлдү да:

– «Даат» деген атты чалдын айтуусу боюнча койдуң беле? – деп дагы сурады.

– Ооба, чалдын айтуусу боюнча койдум. Мен анын сизге жакпай турганын билген эмесмин, – деди байбача. Хан ордунан туруп алаканын чапкылады. Анын вазирлери жабалактап кирип, тура калышты.

– Байбача, сен акмаксың, – деди хан күлгөн бойдон, – чалды өлтүргөндүгүңө үч күбө бар: бири – Даат, экинчиси – мен, үчүнчүсү – сен, – деди.

Вазирлер да, байбача да эчтемени түшүнгөн жок.

– Силер түшүнбөсөңөр, мен айтайын. Чалдын өлүмү мындайча: – деди хан.

– Кандайча, таксыр? – деп байбача ишенбегендей болду.

– Тыңша, – деди хан, – чал ашкан акылдуу болгон. Анын бардык тулкусу акыл менен толгон. Сен аны өлтүрүп жатканда, өлтүргөндүгүң үчүн өзүңдү күбөлүккө даярдаган. Сен акылсыз бай­бача ага түшүнгөн эмессиң. Акылдуу чал чындыкты акылдуулардан күткөн. «Баламдын атын «Даат» койдурсам, даттын түйүнүн чече турган акылдуу калыс чыгат», – деп ишенген. Ал сени өлсө да куткарбоого аракет кылган. Мына, сен кутулган жоксуң. Өзүңө өзүң күбө болдуң. Сен акылга бычак салдың. Бирок ал сенин акмактыгындан пайдаланып, чындыкты чыгарды, – деди хан.

Ооздорун ачып олтурган уурулардын бири:

– Чалдын акылына ыракмат, хан аларды эмне кылды? – деп сурады.

Акыл аке каткырып катуу күлүп жиберди да:

– Кана, вазирлер! Муну эми кармагыла! – дептир. Мына минтип тагынан тура калыптыр, – деп депкирин кармаган бойдон Акыл аке ордунан тура калды.

Эшиктеги тыңшап турган шериктери Акыл акенин ушул гана сөзүн күтүп турушкан эле. Ичинен илип койгон каалганы жулуп алышып, жабалактап кирип келишти да, камсыз олтурган үч ууруну байлап алып, ханга жеткиришти.

Хан эртесинде элдин бардыгын жыйнап, үч ууруну дарга асмакчы болду. Уурулар дардын алдына барышканда алардын бири:

– Таксыр, бир ооз датыбыз бар, – деп кыйкырды.

– Датың болсо айт, – деди дагы хан жанындагы Акыл акеге бурулду.

Ууру ханды тиктеп туруп:

– Бул жаза абдан туура. Биздин кылбаганыбыз калган эмес. Бир эле арманыбыз бар, кечээ Акыл аке бизге бир жомок баштады эле. Ошол жомоктун аягы эмне менен бүттү экен? Ошону угуп өлсөк экен, – деди.

Акыл аке жылмайып күлдү да:

– Анын аягы так ушул! Так силердин өлүмүңөр менен бүттү. Ал жомок силерди колго түшүрүү үчүн, атайын чыгарылган менин акылымдын көгөргөн жапырагы болучу, – деди.