Сагынбүбү Абдиш кызы: КЫЗГАНЫЧ

Таң эрте таттуу уйкудан ойгонуп, бала бакчага барыш Айлуу үчүн азаптын эле азабы. Жумушумдан кечигип калбайын деп тыбырчылаган апасын ойлоп да койбойт. Төшөгүнөн тура албай жатып: «Чөнтөк телефонуңду берсең, бакчага барам, бербесең барбайм», – деп, кадимкидей апасы менен соодалашат. Кызынын айтканына көнбөсө, жумушунан кечигип, бөлүм башчысынан тил угары бышык.

  • Айланайын, менин көлөкөм, берекем! Тур, турагой, сенин тобуңдагы кыздар эбак эле кетип баратышкан. Мен сумкемди алып чыкканча ордуңан туруп, бети-колуңду жуу.

«Бул сөздөрдү апам күндө эле айта берет. Баарынан биринчи барсам деле мага чөнтөк телефон сатып бермек беле?» – деп, өзүнчө сүйлөнүп, «бурк» этип алып, жуурканын башынан бери чүмкөп, тескери карап жатып алат.

Дагы эле кыймылдабай жатканын көрүп:

  • Иий, тура элексиңби?! Бол эми, турагой.

Жанына келип, чачынан сылап, чекесинен өбөт.

Силкилдеп, үстүндөгү жуурканын алып ыргытып жиберип, көзүнүн чанагынан чыкканча апасын тикирейе тиктеп:

  • Апа, телефонуңду берсең турам, бербесең бакчага барбайм.

«Кайдан чыккан телефон эле, анысы жок эле жакшынакай чоңойдук эле. Балекет телефон болду, мындай кыялы жок эле, күн өткөн сайын тилди укпай, өз билгенин кылчу болду», – деп, ичинен сызат.

Жаңыл айласыздан телефонду кызынын колуна карматып, ал телефонго алаксып жатканда кийинтип, анан ээрчитип кетүү көнүмүш болуп калган. Үйдөн чыккандан тартып, бала бакчага жеткенче ар кайсы оюндарды бир ойноп, балдарга ылайык келбеген ар кандай тасмаларды көрүп барат. Мүнөзү өтө өзгөрүлүп кетти. Бакчадагы кыздар менен тил табыша албай: уруп-чапчып, тиштеп, кыздарды эле эмес кээде эркек балдарды да ыйлаткан күндөрү болот. Ичем дегенин ичип, кийем дегенин кийип, айтканым айткандай болуш керек деген мүнөзүндө көктүк пайда болду.

Жалгыз кыз болгон үчүнбү, өзүмчүл болуп баратат. Айткан-дегенинин баарын аткарып, күндөн-күнгө акылына киреби десе, күчөп баратканы бараткан. Өзүн ичтен жеп жүргөн кызы тууралуу бул оюн Жаңыл жолдошуна айтып көрдү эле:

  • «Экинчи балабыз төрөлсө, кыялы оңолуп, жоошуп калаар», – деди. Ата-энесинин маегин укканда жанатан телефон чукулап отурган Айлуу телефонду ыргытып жиберип, караңгыда эшикке жүгүрүп кетти. Аркасынан апасы удаа эле чуркап чыкты. Көчөдө ойноп жүргөн балдардын арасына кошулуп кеткен экен, аркасынан келген апасын көрсө да көрмөксөнгө салып мурчуйду.

Эми чындап ачуусу келген Жаңыл кызын колунан алып, үйдү көздөй жетеледи:

  • Ай, кызым! Атаң экөөбүз сени жакшы окуп, бизди урматтап сыйлаган жакшы кыз болот деп жүрсөк, бул эмне кылганың? Ата-энесине да ушинтип кыялын көрсөтмөк беле? – деп жалооруду. Анан эңкейе калып: «Экинчи мындай кылбагын ээ?» – деп суранып, кызын көкүрөгүнө кысып эркелетейин деди эле, анысы боюн ала качып, эки колун бөйрөгүнө ала:
  • Мен ошондой жаман кызмын. Силердин сүйлөшкөнүңөрдү уктум. Мен бөбөктүү болгум келбейт. Бул үйдө менден башка бала болушун каалабайм! Себеби ал менден баарын талашат. Телефон сатып бер десем, сатып бере албай жүрөсүңөр, анан дагы экинчи балабыз деп коюшат. Аны кантип багасыңар?!
  • Ой, айланайын! Сатып беребиз, сен 1-класска барганда алып берели деп кеңешкенбиз атаң экөөбүз. Азыр сага телефон көтөргөнгө эрте да. Мына, буюрса, жарым жылдан кийин мектепке барасың. Жаңы кыздар менен таанышып, достошосуң…

Апасынын сөзүн аягына чыгарбай, колунан суурулуп чыгып, үйдү көздөй бат-бат басып жөнөдү. Апасы артынан ээрчий:

  • Токто, кызым! Эртеңден баштап, сасык тумоого карата бала бакчалар, мектептер жабылат экен. Сен менин телефонум менен кечке ойно, макулбу? – деп, кызына телефонун карматып, бөлмөсүнө киргизип, каалганы бекем жапты.

Түнү менен күйөөсүнүн дене табы көтөрүлгөндүктөн: «Жанагы коронавируска чалдыгып калбады бекен» – деп, сарсанаа болгон Жаңыл уктабай чыкты.

Эртеси алы кетип турса да: «Комиссия келди эле, атайын эле качып келбей койду дебесин», – деп жумушуна чыгып кетти. Бирок ошол түнү акыбалы оорлошуп, дене табы мурунку күндөн да бийик көтөрүлүп, жөтөлү басылбай, деми кыстыгып, аба жетпей, турганга дарманы жок, ооруканага жатып калды. Арадан үч күн өткөн соң, акыркы сапарга узап кетти…

Өмүрлүк жолдошунан ажыраган Жаңылдын турмушу оорлошуп, күйүткө чыдабай, ою онго, санаасы санга бөлүнүп, азаптуу түндөрдү башынан кечирди. Күндөн күнгө ичи чоңоюп, төмпөйө баштаганын көргөн Айлуу кыжырланат. Жаңыл кызын өзүнө жакындатып, ага түшүндүргүсү келип:

  • Айланайын, сенден башка менин эч кимим жок. Атаң бизди эрте таштап кетти. Кызым, балекетиңди алайын, акылдуусуң, сенден гана жакшылык күтөм. – Көзүнүн жашын кызынан жашырып, акырын колу менен сүрттү. Ордунан туруп, ичин кармап: «Мына, карачы, жакында бөбөктүү болосуң, үчөөбүздү жакшы жашоо күтүп турат», – деди жылмайып.
  • Мен жалгыз болгонду жакшы көрөм. Бөбөктүү болгум келбейт, – деп «бурк» этти кызы..
  • Алтын кызым, сен кичинекейиңде атаң экөөбүздүн сөзүбүздү угуп, тил алчаак элең, чоңойгон сайын тилазар болуп баратасың. Балким, атаң болгондо анын сөзүн угаар белең?
  • Жок. Мен бөбөгүмдөн оюнчук, телефон талашып отургум келбейт. Атамды бирөө тойго бар деди беле?! Тойго барбаса оорумак эмес, өлмөк эмес. Ал өлбөсө деле ушундай эле болмокмун.
  • Садагаң болоюн, антип айтпачы! Атаң КОВИД болуп… Бирок ойлоп көрсөң, бөбөктүү болгон жакшы да, сага жардамчы болот.
  • Атам өзү күнөөлүү! КОВИД, КОВИД деп коёт. Еще не хватало, рожать собирается! Ичин кара, томпоюп, – деп, туталанган кызы бир ордуна тура албай, ары-бери басты.

Кызынын жоругуна көңүлү чөккөн Жаңыл өз бөлмөсүнө кирип, керебеттин бир бурчуна көчүк басты да: «Бул бала эмес эле, балээ болду го?! Балекет кыз болду. Ушундай кызды мага таштап, өзүң эч нерсени сезбей, түбөлүк уйкуда жатасың. Эми эмне кылам?! Кантем, кантип тарбиялайм, айтсаң боло?! – деп, дубал боорундагы күйөөсүнүн сүрөтүн тиктеп, көзүнүн жашын көл кылды. Ыйлап жатып, көзү илинип кеткен экен. Түшүндө күндө эле ордунда турган нан кескен бычагын жоготуп, издеп, убараланып жүрөт. Уйкусунан чоочуп ойгонсо ичи ооруп калыптыр. Кийимдерин салыштырганча баланын суусу кетти. Дароо эле телефон менен тез жардам чакырып, тез жардам машинеси менен шаардагы №2 төрөт үйүнө келди. Ай-күнүнө жетпей, жети айлык, бирок дени сак эркек балалуу болду. Эмчегинен сүтү чыкпай, бала ыйласа кошо ыйлап, күнүгө ый менен таң атырат. Төрөгөндөн тартып, төрөт үйүнөн чыгаар-чыкканча жанындагы орус аял эмизип, тынч уктап жүрдү. Бир жумадан кийин үйүнө чыгып келди.

Кызы бөбөгүн жакшы көрмөк тургай, жакындап да койбогонуна, күйөөсүнүн ушундай азапка аны жалгыз таштап кеткен күйүтүнө чыдай албай Жаңыл таңды ый менен тосчу болду. Ыйлап жатып алса жашоосу жеңилдемек беле? Карайлаган караңгы күндөрү өзү менен өзү сүйлөшүп, өзүнө өзү күч берип, белин бекем бууганы аракет кылат. Азыр да «шуу» үшкүрүнүп алып, ордунан турду да: «Балдар уктап жатканда, дүкөнгө чыгып келе калайын» деп, таттуу уйкуда жатканда кичинекейин бир жыттап, эшикти кулпулап чыгып кетти. Айлуу апасынын кетишин эле күтүп тургансып, эшик «тарс» этип жабылганда ойгонуп кетти.
Бөлмөнү караса апасы жок, бөбөгү мемиреп уктап жатып тыр. Жанына жакын келип тиктеп турду да: Бүттү! Апам, эми, мени гана жакшы көрөт, мени гана эркелетет! Оюнчуктар, телефон, апам – баары меники болот! – деп, тынч уйкуда күлүмсүрөп жаткан, суусу кургай элек, сары ооз балапан-бөбөгүн колуна алып, балконго чыкты да, жерди карай ыргытып жиберди. Төмөндө ызы-чуу түшүп, бөбөгүн тегеректеген элди эч нерсе болбогонсуп, сенейип тиктеп турду.