Бактыкан Ажымаматова: САРАЙВАН
(аңгеме)
Айылдын четиндеги бөксө тоону өрдөп кеткен ачык жерде эки түп сарайван бар эле. Ага жанаша Шуру кемпирдин үйү турат. Айылдагылардын үйүнө окшобогон, кара топурак менен сынч кылып тургузулган эски там. Шуру кемпирдин айтымында бул тамды маркум абышкасы өз колу менен салган. Өп-чап турмушта жашап өткөн абышкасы кудайы момун, деги эле оозунан жаман сөз чыкпаган, кемпирине да өйдө карап, катуу сүйлөбөгөн киши болгон экен. Балдарды өзгөчө жакшы көргөн жайы болсо да, экөө «ыңаалаган» наристенин үнүн уга алышпады. Айыл турмушуна анчейин аралашпай, жакшылык-жамандык, тойтопурда гана көрүнө калып, ошондо да ооз ачып сүйлөбөй, өздөрүн окчун кармашчу.
- Жараткан да билип түгөй кылат тура. Кара эй, экөө нүн окшошуп калганын. Жок дегенде бири тың болсо, ушулар да элге аралашып, оокаттары тыңып кетмек.
- Ошону айтсаң. Булар да бир пенде да. Эмне кылышсын, нарагынан ошондой болсо…
- Ээ, аларды кеп кылып эмне кыласыңар? Кимиңерге жамандыгы тийип жатат? Өздөрү менен өздөрү жүрө беришсин. Андан көрө колуңардан келсе, жардам бергиле. Оокатына каралашып койгула, – деп айыл эли аларды ар кандай кеп кылат. Шуру кемпирдин абышкасы артында туяк калбаганына арман кылып, ичинен сызып, «сөзгө сөлтүк, кепке кемтик» болуп жүрүп, дүйнөдөн өтөт. Шуру кемпир абышкасынын колунун изи калган топурак үйдө өз тиричилигин улай берди. Кичинекей үйдүн сыртын эч качан акиташ менен актабады. Болгону сыйрылып бараткан жерлерин саман кошуп, ак топуракты жакшылап ийлеп туруп, шыбап алат. Тамдын ичинде деле жарытылуу буюму жок. Өзүнө жетерлик төшөнчү, идиш-аяктары бар. Ага боору ооругандар анча-мынча эски кийимдерин берип турат. Тамак-аштан каралашкандар да бар. Анын жападан жалгыз эрмеги эки түп сарайванды коруп, бышканда терип алып, айыл аралап сатат. Ошол учурда анын колуна майда-барат тыйын түшүп калат. Аны сары майдай сактайт. Бир тыйынынан өйдө эсептеп, бекитет. Сарайван турган жерге жакын жашагандар кемпирдин мунусун таптакыр жактырышпайт.
- Бул сарайван атасынан калган энчи беле? Өзүнөн -өзү өсүп турган немени коруп, анан минтип сатып жатканы эмнеси? Тим койсо, балдар өздөрү эле терип жешет, – деп, кемпирди келекелеп, идиштерин ыргыткандар да болот.
Шуру кемпир андайларга көнүп деле калгандай.
- Сен албасаң, башкалар алат. Мен да ошол балдар жесин деп, коруп, кайтарып, минтип бышканча күтүп жүрөм.
Эгер мен корубай койсом, муну бышырбай эле жок кылышмак, – деп актанат.
- Сен, эмне, муну өз колуң менен өстүрдүң беле? Кудайдын берген белеги. Эмне анча кызганасың? – дейт дагы бири.
- Буларды ыраматылык абышкам эккен, – дейт анда Шуру кемпир.
- Ээ, кой калпыңды. Сенин абышкаң колуна кетмен кармап, жер казган неме беле деги? Минтип бак тиксе, анда заман башка болуп кетмек!… – деп дагы бири алкынат.
- Чын эле абышкам эккен. Тээ тиги адырдагы сарайвандын түбүнөн чыккан көчөтүн алып келип олтургузган. Булар чоңойгончо түбүнө суу куюп турчумун.
- Ики, калпты да чени менен айт. Биз жок жерде айт. Сарайван качан суу иччү эле? Бул токойдо өскөн неме го. Ага эч кандай суунун кереги жок. Тамыры өзү жер алдынан сууну издеп таап, анан өсө берет. Кой, антип калп айтпа…
- Калп эмес. Ишенбесең ишенбе… Кудай күбө… – деп, басып кетет.
Айылдын ылдыйкы көчөлөрүн аралайт. Ал жактагылар аз-аздан сатып алышат. Айрыкча балдарга кызык да. Ар кыдырганда беш-он килолук кылып терип алат. Анан орточо чыныны кошуп көтөрүп алып, ошого ченеп салып, баасын бирдей коюп сатат. Анын сарайваны тиги токой ичиндегилерге таптакыр окшобойт. Бармактай-бармактай болуп, сырты кочкул сары келип, даамы башкача. Адатта сарайванды көп жесең, оозуңдан кара суу келип, ичиңди да оорутуп салат эмеспи. Булар андай эмес. Айтор, сарайвандын башкача түрү белем, ким билсин. Ошондон улам да ага кызыгып, бышкан ченде уурдап, терип жегенге аракет кылышат. Бул учурда Шуру кемпир деги эле уктабай, эки көзү сарайванда болот. Кээ бир түнү айылдагы балдар келип, шыбыш алдырбай, даракка чыгып, терип кетишет. Аны се зип калса, ай-уйлап кыйкырып, колуна таягын алып, жүгүрүп чыгат. Топтошкон балдар туш-тушка качат. Жылда эле ушул. Шуру кемпир сарайвандар бышар алдын аларды коруйт, терет, сатат. Жарыбаган акчасы чай-чамегине жарап калат. Кемпир карып баратат. Сарайвандар карыбайт негедир. Тескерисинче жылдан жылга түшүмү көбөйүп, жазда ушунчалык сонун гүл ачат. Анын гүлү дары деп, терип кеткенге кызыккандар бар. Аларды да жанына жолотпойт.
- Азыр гүлүн терип кетсеңер, эртең түшүмү кайдан болсун. Мунун гүлү анчейин дары эмес. Тиги долононун гүлүн терсеңер, ошол дары. Баш оору, жүрөк ооруга жакшы, – деп, кеңеш берет.
- Мен дайыма ошол долононун гүлүн демдеп ичем. Башым ооруганы токтоп калат. Анын үстүнө долонону эч ким деле жебейт да, – деп чын пейилинен айтат.
Дагы бир күз келип, сарайван бышып калган убак эле. Быйыл да түшүмү жүзүм болуп, тирелип эле калды. Алыстан бажырайып көрүнүп турат. Анын жанынан өткөндөр кызыкпай койбойт. Шуру кемпир сарайван толук бышканда гана үзө баштайт. Ага чейин эч кимди жанына жолотпой кайтарат. Бир күнү бул айылдык эмес, бейтааныш үч атчан сарайванды жандай бастырып өтүп калышты. Алар бышып турган мөмөдөн жегилери келдиби, аттын үстүндө туруп эле, шактарын ылдый тартып, мөмөсүн үзө башташты. Кемпир карыса да кулагы сак болчу. Кобур-собурдан улам сыртка жүгүрүп чыкты. Тиги сарайванга асылган кишилерди көрүп, кыйкырып калды.
- Ай-уй, силер кимсиңер?! Эмне кылып жатасыңар?! – деди.
Алар кемпирдин кыйкырыгына назар салбай, үзүп жатышкан. Шактарын ылдый тартып, бир эки майда шактарын сындырып да жиберишти. Шашыла гөлөшүн бутуна салып, жүгүрө басып, алардын жанына келди.
- Ай, силер кимсиңер, деги? Бул эмне кылганыңар?! –деп, ачууланды.
Алар кемпирди эми гана уккан таризде, токтоп калышты.
- Эмне болду? – деди, бири.
- Эмне болду дейсиң да? Ким силерге уруксат берди?
- Эмне, ушуга да уруксат керекпи? – деп, дагы бири таң калгандай сурады.
- Ооба, бул менин сарайвандарым. Токтоткула тергениңерди! Шактарын сындырып да коюпсуңар. Мен буларды аздектеп карап жүрөм… – деди, биринин атынын башын колу менен уруп.
- Кандайча сиздики? Бул өзүнчө эле өсүп турат го? Сиздин корооңузда турган жок да.
- Тиги үйдү көрдүңөрбү? Ошол менин үйүм. Буларды мен карайм. Менин сарайвандарым, – деген кемпир ого бетер ачуулана кетти.
- Тиги үйбү, эмне? – деп, бири анын тамы жакты карап алып, катуу каткырып жиберди.
- Көзүңө эмне көрүнүп жатат? Ошол менин үйүм, мен жашайм, – деп кемпир анын каткырганына бир аз туталана түштү.
- Мен аны желмогуз кемпирдин кепеси го дедим эле. Ошол жерде адам жашайбы ээ? – деди, дагы бири шеригинин сөзүн коштой.
- Мунуң деле желмогуз кемпирдей эле түрү бар го? – деп үчүнчүсү каткырды.
- Силер кандай немесиңер? Деги кимсиңер? Ушунчалык да наадансыңарбы? Мен силердин апаңардай болсом керек. Силерди да мендей эне төрөсө керек? Желмогуз деп коёт. Мени желмогуз дегениңер, өз энеңерди айтканы-
ңар… – деп, үчөөнө бирдей тиктеп, ызаасынан какап-чакап сүйлөп жатты.
- Биздин апабыз минтип ээн тамда жашабайт. Биздин апабызга асылбай сүйлөңүз. Тербей койсок болдубу? – деп, баятан бери улам бирин тиштеп ыргытып, экинчисин оозуна салып жатканы атынын оозун бурду.
- Эмне кароолчусузбу? – деди экинчиси.
- Кароолчу-пароолчу эмей эле, ушул сарайвандарды кайтарып, бышырып, анан мөмөсүн сатып, оокат кылам, уктуңарбы? Арамдар десе, минтип асылып, шагын сындырбай эле сурасаңар өзүм деле терип бермекмин… – деп, колундагы кичинекей чыбыгы менен биринин атын чаап калды.
- Болду эй, желмогуз кемпир, тим койсо аңкылдайсың да. Биз деген дал ушул токой дарактарын көзөмөлдөгөн адамдарбыз. Ушул тоо ичиндеги токой жыгачтарын эсепке алып, жарактуусун калтырып, жараксызын жок кылабыз. Минте берсең сарайвандарыңды түп орду менен кыйдырып салабыз. Ансыз деле карып калыптыр. Бул жерлерди жайыт кылыш керек. Жайыттарыбыз тарып баратат, – деп, улуураак көрүнгөнү Шуру кемпирге ачуулуу карады да, анан жанындагыларга буюра сүйлөдү:
- Мобу турган долонолордун бардыгын жок кылыш керек. Ошолордун арасында буларды да кырктырыш керек. Карагыла, жайыттар таарып кетиптир. Долоно мынча жайылып кеткен? – деди.
- Эми долоно деген ушундай болот экен да. Даны түшкөн жерге өсүп чыга берет экен.
- Буларды түп тамырынан бери жок кылыш керек. Антпесе, кырктыргандан пайда жок, шеф, – деп бири ага кошоматтана сүйлөдү.
Алар эми кемпирге көңүл бурбай, өздөрүнчө кобурашып, бастырып кетишти. Кемпир ал түнү негедир тынчсызданып, уктай албай жатты. Улам сыртка чыгат. Тиги үч киши, сарайвандарды түп орду менен жок кылып жаткандай, шыбыр этсе чочуйт. Сыртка кулак түрөт. Эки түн ошондой болду. «Алар жөн эле айтып коюшту да. Кантип эле кыйып салышсын. Мөмөсү бышып турган немеге кантип колдору барсын?» – деп өзүн жооткотот. Сапсары болуп бышып турган сарайванга суктана карап коёт. Үч күн үйүнөн эч жакка жылбады. Эч ким келген жок. Анан адатындай сарайвандан эки баштыкка терип, айыл аралап кетти. Бир баштыгы түгөнгөндө, экинчисин айылдын тиги башындагы дүкөнчүгө берип салды.
- Сен сатып койчу. Эл алат да. Мен кете берейин, – деди.
- Ии, апа, көп эле алып келе бериңиз. Алышат. Сонун сарайван экен. Алышат, – деп, сатуучу кыз өзү бирин алып, даамын татып көрдү.
- Ии, ошент, кызым. Сатып жибер, – деп эртеден бери көп басып койгонгобу, чарчаңкы сүйлөдү да, дүкөнчү менен коштошуп жолго чыкты.
Үйүнө жетейин деп калганда эки түп сарайвандын жерде кулап жатканын көрдү. Көргөн көзүнө ишенген жок. Улам көзүн ушалап алат. Ооба, эки түп сарайван узатасынан сулап жатат. Тамыры топуракка буланып, тарам-тарам болуп, асманды карап, тарбаят.
- Оо, кокуй, бул эмне! – деп катуу чаңырып алды. Сарайвандарын карай жүткүндү эле, буттары шилтемге келбей, ордунан жыла албай, туруп калды. Буту таптакыр шилтемге келбеди. Колу менен ургулайт. Жок, шилтенбейт.
Тамыры менен казылган эки түп сарайван сапсары болуп, бышып турган мөмөсү менен кыйлага чейин турду. Аны ким казды, эмне үчүн казып салды, териштирген эч ким болгон жок. Кемпир болсо эки буту кыймылдабай төшөк тартып жатып калды…