Айбек Абдылдаев: ВАГОНЗАК. ОТУЗ ЖЕТИНЧИ КҮЗ
1982-жылы 5-июнда Алай районундагы Каблан-Көл айылында туулган. 1999-жылы Э.Мурзаев атындагы орто мектепти, 2004-жылы Ош мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. 2016-жылы «Түндөр» ырлар жыйнагы, 2021-жылы «От кечкен отуз күн» аңгемелер жыйнагы жарыяланган. 2025-жылы «Абдувахаб Мониев» аталышындагы эмгеги жарык көргөн. 2021-жылдан тарта «Азаттыктын» веб-редактору, 2023-жылдан тарта башкы редактору болуп эмгектенүүдө.
ВАГОНЗАК. ОТУЗ ЖЕТИНЧИ КҮЗ
(аңгеме)
1937-жылдын 14-сентябры. Орунбор темир жол бекетиндеги платформада кыймыл кымгуут. Бутундагы хром өтүгүн кырчылдатып, каршы-терши басып турган НКВД кызматкери улам саатына үңүлүп, курун кайра-кайра оңдоп, ойдолоп турду. Сүзө качырып, сүрдүү тиктеген аскер адамынын жанына келгенде шашып бараткан кишилер үркүп, кыйгап өтүп жатышат.
- Вагонзакка эки кишини салыштыбы? – деп шыбырай сүйлөдү колдорунда кара майдын тагы калган, орто жаштагы толмоч машинист диспетчер аял олтурган жердеги тешикке башын тыгып.
- Ооба.
- Жаш келиндичи? Аны отургузушкан жокпу?
- Лейтенант аны өзүнүн купесине жайгаштырды…
- Кудай урган тура! Ушунун айынан башыбыз кетпейби?
- Тилиңдин азабынан атылып кетип жүрбө, тишиңе катып жүрсөңчү, Степаныч.
- Мени менен качан Фрунзеге барып келесиң Настюшка-аа! Хе-хе, бир байкелетсем кана эле…
- Барчы ары! Сен аялды жыргатпаган кокуйлардан болсоң керек.
Орунбор – Фрунзе багытындагы поезд күшүлдөп, ордунан козголо баштаганда гана НКВД кызматкери жандай басып келип, тутканы кармап, бир топ жерге чейин тепкичте барды дагы, ичине кирип кетти. Жашы отузга эми кирген лейтенант Устинов Кыргыз ССР НКВДсынын жетекчиси Лоцмановдун жеке буйругу менен мамлекеттин эң коркунучтуу кылмышкерлерин Орунбордон Фрунзеге коштоп баратат. Ал орто бойлуу, арык жигит эле. Бүгүн өзүн дөө сезип, катуу толкуп тургандай. Ичинде сыймыктануу сезими дүрт этип, баргандан кийин кызмат даражасы көтөрүлүшү мүмкүндүгүн кыялданып, чыккынчылардын шериктерин таап, терисин тирүүлөй сыйрыса да айыбын моюнуна коюп, Лоцмановдон жылуу сөз угууга дилгир эле.
Отуз жетинчи жылдын күзү ушундай ырайы суук башталды. Күндүн көзү көрүнбөй, эртели-кеч мунарыктап, боз түштү. Кишилер көлөкөсүнөн чочуп: «Артымдан бирөө кубалап келаткан жокпу?» – деп, көчө-көйдө алаңдап басып калды. Коңшусунан, ал тургай жакын тууганынан шек санап, камакка алынган бир кишинин артынан отузу, кыркы кошо камалып, тоголок каттардын артынан баштар топтой ыргып жатты. Адам тагдырын каалагандай калчаган мындай зулумдукту адамзат мурда көрдү беле же жокпу, аны айтуу кыйын…
Кимдики туура, кимдики чеки, ким күнөөлүү, кимдики куру доомат – териштирген киши аз эле. Жарышка түшкөндөй шымаланып, чоң империянын булуң-бурчунда «эл душманын» таап, жазалоого шашышты. Отчёттор поезд менен кошо чуркап, зым карагайга тартылган зымдар: «Кокуй, лимитти көбөйткүлө, миң кишини атып, он миңди камаган менен эл душманы быкпырдай кайнап жатат, дагы аталы, дагы камайлы», – деген кайрылууларды борборго жеткирип жатты. Борбордон башталган бороон-чапкын бүт өлкөнү будуң-чаң сапырып, алдынан чыкканын көмөлөтө коюп, жыгылбай калганын жылаңачтап өтүп, Сибирдин адам буту баспаган чытырман токойлоруна ыргытты. Лейтенант Устиновдун ооматтуу сааттары чыкылдап, пагондоруна жылдыздар жымырай турган учур ушул эмеспи. Баскан жериңде чет элдик тыңчылар, эл душмандары, коюнуна котур ташын каткан контрреволюционерлер. Карма, кама! Бүттү! Пагонго жылдыздар өзү эле учуп келип конот.
Бир караганда поездге чиркелген вагонзактын башка вагондордон көп айырмасы байкалбайт. Бирок паам-парасаттуу киши чакан терезеси темир тордолуп, сыртынан бекем кулпуланган вагонзакты дароо эле билмек. Анда мамлекеттик чыккынчы катары кармалган Жусуп Абдрахмановду, ага кошуп корей улутундагы Пак деген жигитти Фрунзеге алып баратышкан. Темир тордон канча киши олтурганы көрүү мүмкүн эмес.
«Жүк бар» деген жазуусу бар вагонзактарда кишилерге буюмдан да жаман мамиле кылышчу. Буюмду сынып калбасын, бүлүнбөсүн деп аярлап, жумшак нерсеге ороп салса, кишини сындыруу үчүн вагонзактарга ач-жылаңач салышчу. Вагонзактарды сүйрөгөн поезддер жүрөгүндө саткындыктын, аксымдыктан калган тырыктары менен эрки сынып, көзүнүн оту өчкөн кишилерди Колыма, Воркута, Магадан, Карагандага ташып жатты…
Атканын атып, жолдо өлүп калгандарын иттин өлүгүндөй ыргытып, туш келди жерге көмүп кете беришет… Бул жолу вагонзак, тескерисинче, батыштан чыгышты көздөй бараткан.
Жыйырма эки жаштагы Мариянын сүлдөрү эле калган арык кебетеси солкулдап, жашын тыйбай олтурат. Купеге НКВД кызматкери кирип келгенде ордунан тура калды. Анын күйөөсүн үч күн мурун камакка алышкан. Алар үч күн мурун дал ушул каттам менен Фрунзеден Орунборго поезд менен келишкен болчу. Никелешип, ата-энелеринин батасын алып кайтышкан. Поездден түшөрү менен күйөөсүн кармап кетишти, өзүн дагы НКВДга сурак кылып, кайра бошотушкан болчу. Эртеси жаш лейтенант: «Биз менен Фрунзеге кетесиң», – деди. НКВД кызматкерлери күйөөсү Василий Пакты: «Жапониянын кызыкчылыгы үчүн тыңчылык кылган», – деп кармашты. Орус-корей үй-бүлөсүнөн чыккан Василийдин жаш илимпоз катары атагы чыгып, студенттердин сүймөнчүгү эле. Василий экөө тең Фрунзеден, ата-энелери ошол жакта турушат. Лейтенант киргенде Мария ордунан тура калды.
- Олтура бер, – деди жаш лейтенант Устинов. Ал жүзүндөгү санаркоону жашырып, кабагын түйүп, фуражкасын башынан алды дагы тармал сары чачтарын сылап койду.
- Тигине, чемоданыңды алып кирдирип койдум, – деди ээги менен чемодан турган тарапты искеп, чөнтөгүнөн ачкычты алып, кызга сунду.
Өзү чемодандын жанындагы кара кайыштан тигилген килейген портфелди алды дагы, жанына таштады. Мария үч күн мурун дал ушул лейтенант менен бир поездде келип, ошонун арты менен күйөөсү камакка алынганын билген жок. Бүгүн эртең менен Орунбордун түрмөсүнөн жолдошун вагонзакка конвой менен алып келишти. Ошондуктан жолуга албады, сүйлөшкөнгө болбоду, артынан гана көрдү.
Устинов купеге киргенден кийин шашпай олтуруп рапорт жазды.