Ырысбай Абдыраимов: БИЙДИН НАСААТЫ
Аңгеме
Дыйкан жер казып жатып, оозундагы буугучуна дейре ичи шыңгыраган теңгелерге чылк толтура баштык таап алат. Караса, жылт-жулт эткен, алтынга түспөлдөш күзгү жалбырактардай кызгылт сары тыйындар. Ал адам болуп, жаралгандан бери эгерим асыл ташты көргөн эмес эле. Дилинде болжогон табылгасына ишенип-ишеңкиребесе да, укмуш кубанат. Тегерегиндегилерге минтип кыйкырып, жар салат:
-Сүйүнч-ү, сүйүнч-ү! Алты-ын… Алтын таап алды-ым, мынаке-ей…- деп, алаканындагы томпойгон баштыкты башынан ашыра көтөрүп, булгалайт.
Айланасында кетмен чаап,жер иштетип жүрүшкөн малайлар жумушун токтотуп, баары ага жабыла тиктешет. Аларга баш-көз салып жүргөн бий, дыйкандын жанына шаша-буша жетип келет. Аптыккан бойдон баштыкка үңүлөт. Тыйындарды бирден кармалап,тиштеп көрөт. Көтөргөнгө оор теңгелердин алтын экенине көзү жетет.
Дыйкан ойлонуп туруп, баштыкты тигиге бергиси келбейт.
— Муну мен таптым, демек, дилде меники – деп, баштыктын оозун бекем байлайт.
Бий анын колунан баштыкты жулуп алмак болуп, төш кагат:
— Муну тапкан жер меники. Менин жеримден чыккандан кийин бу айланадан колуңа эмне урунса, ошолордун баары меники болот. Аларга сенин такыр акың жок. Бер, быякка — деп талашат.
Ортодо чыр чыгат. Дыйкан табылгасын ала качып, бий анын артынан кубалайт. Бийдин ач көздүгү менен зулумдугу ашынат. Колундагы кетмени менен этегин карматпай, качып бараткан дыйканды как желкеге чабат. Ал эси ооп, жерге жыгылат.
Экөөнү ажыраштырмак болгон малайлардын бири:
— Ой көрдүңөрбү? Дилде менен сынык темирди айра тааный албай, ит-мышыктай чырдаштык. Байлык, алтын, казына болгон жерде ушундай жаңжал, уруш, ызы-чуу…Тынчтык бузулат. А бизге, бай болосуңбу, же кедейсиңби, айырмасы жок. Ынтымак менен ырыскы-кутка бай болуп, тынч жашаганыбыз өйдө. Койгула, биз аман-эсен, тынч иштейли – дейт да, жумушун улантат.
Бий болсо, жардана тиктеп тургандарга сыр алдырбоо үчүн алакандарын кагынат. Баштыкка колун кайра салып, ичиндеги теңгелерди аралаштырып, дагы бир сары дилдени сынай кармайт. Анан куулук кылып, жүзүн бырыштырып, иренжигендей жерге таштайт. Теңге тиштеген оозун аарчып, түкүрүнөт да, дыйканды колдон тартып, өөдө тургузат. Ага:
-Дилде эмес десем, ишенбей, сары темирди талаштың. Чөлдүү жерде алтын чыкпайт. Бу дилде эмес, дагы айтам, сары темирдин дат баскан сыныгы.
-Ай жок… Бул – дилде. Эгер антпесе, сиз мени кубалабайт элеңиз. Байлык , тапкан адамдыкы болот, — деди дыйкан жемин жедиргиси келбей.
-Асыл ташты өмүрү көрбөгөн сендей жармач, темир -терсекти ажырата албайт. Итке минген жакырга сары жез да, дилде болуп туюлат. Билесиңби, асыл таш, оо аска-зоонун боорунан, кумдуу жерден чыгат. Ташта муну, — деп, дыйкандын колун күбүп, алтын толо баштыкты кайра жулуп алат. Күүлөнүп туруп, бар күчү менен аны алыс жакка ыргытат. Баштыктын түшкөн жерин эстеп калат:
-Дат баскан темир мага да, сага да керексиз. Ай болду, талаш аяктады. Жумуш бүттү. Тургула да, жатагыңарга жөнөгүлө – деп, каарын төгүп, малайларды келген жагына таратат.
Дыйкан тигинин ач көздүгүнө ачууланат, нааразы болуп калат. Бийдин кол алдында иштеген жатакчылардын баары үйлөрүн көздөй бет алат. Алардын караандары көрүнбөй калганда бий амал таап, артына кайрылат. Издеп жүрүп, айдоонун четинде топуракка аралашып жаткан баштыкты табат.
Көп узабай, Батышта согуш оту тутанат. Ак падыша аскерге элеттегилерди да алууну буюрат. Орус аскерлери жоокерлерди алып кетүү үчүн айыл-кыштактарды түрө кыдырып, үй-аткана, ороо-кампаларды түгөл тинтишет. Элеттегилердин ороолорго катылган эгиндерин таап алышып, арабаларга жүктөп, бодо мал, жылкыларды байлап, алдуу-күчтүү эркектерди да кошо айдап кетишет.
Кезек эми бийге жетет. Ал айылдагы жигиттерди аскерлерге кошуп берет. Анын жана коңшу-колоңдордун аялдары менен кыз-кыркындары кулагындагы алтын сөйкөлөрү менен билегиндеги билериктерин чечишип, желдеттерге алдырбаш үчүн жерге көмүшөт. Андан ашкандарын дубалдын көңдөй оюк-тешиктерине киргизип, үстүнөн ылай менен шыбашат.
Бийдин жалгыз уулу боло турган. Караса, аскерлердин саны дагыле толбой, өзү менен кошо эр жеткен баласын да аскерге алчудай. Эми ал желдеттер айылдан узагыча, өзүнө эсеп жеткиче көздөн далдоо жүрүүнү чечет. Куржунун гүлазыкка толтуруп, уулун да ала качат.
Бирок, желдеттер чатырларын тигишип, коңшу кыштактарга ошол жерден каттап, айылда кыйла убак туруп калышат. Бул арада тоого жашынган бийдин азыгы түгөнөт. Өзү баруудан тайсалдап, үйүнө уулун жөнөтөт. Баласы үйүнө келгенде колго түшөт.
Бийге:
-Өзүң да келип, колго түшүп бер! Антпесең, үйүңдү өрттөп, балаңды атып салабыз, – деген талабы бар кат жиберишет.
Бий мына ошентип, тузакка аргасыз илинет. Барбай коюп, капканга түшүп бербесе, уулунан айрыларын сезет. Жан сактаар башка амал таппай, айлына жүдөп келет. Желдеттер колуна кишен салышып, үйлөрүн көз көрүнөө каратып туруп, тинтишет. Самандай сапырып, үй бурчундагы ороого катылып, карапага толтурулган баягы баштыктагы алтын менен кошумча зер буюмдарын да сууруп чыгышат.
Олжосун колунан жулдуруп, ичинен кан өтүп кете жаздаган бий аргасыздан:
—Мага ашык атпаган мүлк балама буйрубас. Кедей дыйканды алдап, андан алтынды зордук менен тартып алдым эле. Карачы эми, дилденин чекеме чыйкан болуп чыкканын? Кимдир-бирөөнүн ичин оорутуп, акысын жеп, нааразы кылган болбойт тура! Жыйнаган мал-мүлкүм да куржун толо дилдем менен бирге ата-бабам тааныбаган жексурларга жем болду. Өмүр бою топтогон дүнүйө-мүлкүмдү баскынчыларга тарттыргандан көрө, өз элим менен жакындарыма, жарды-жалчыларыма буйрусун. Малымды багып, башын көбөйтүп, эгинимди өстүрүп, мени ошолор байыткан. Эсепсиз дүнүйөнү табууга мен өзүм маңдай тер агызбагам. Мээнетсиз оокат мага жукпады, мен үчүн аш болду, арам, — деп, айтат арман.
Желдеттер баласы экөөнү айдап баратканда топтогон алтын тыйындарын да: ”Мага жукпаган байлык балама ашык атпас. Белен оокат – бел оорутат, баш айландырат” — деп, чөнтөк, баштыгына өөнөп, жашырып калган алтын тыйындарын да жол бою учурагандарга чачып, таркатып кетет.