Ырысбай Абдыраимов: Бийлик-байлыктан да кымбат мансап

                                Аңгеме

     Падыша түбү терең ойго батты. Ойлонуудан бөлөк арга таппай, башы катты. Мекенин каптаган түйшүктөрдөн күнү-түнү уктабай, жарга такалды. Жер-токоюу, эгини кысыр калды. Караламан букараны көрөгөчтүк менен бийлей да, бага албады. Байманага чукак казынасы, же ашып-ташпады. Колдо болгон оокат –ашы башына тартса этегине, этегине тартса, башына жетпеди. Акылман-билгилери да дурустап акыл таппады. Алар быякта калып, аялы, уул-кыздары, ини-агалары, ата-апасы да андан тизгин талашты. Ар кимиси буту-колу жеткен ар жер, жети  кошкон элди жарыша  башкарып, ордо ишине аралашты. Алар мунун “кой” деген тилин албай, баары тегиз ээнбаштык кылып, өздөрү билип, кайсакташты.

    Өзү ордого олтургуча өткөн күнүн эстесе, мурунку ажолор Мекенинин байлыгын койнуна да, кончуна да катып,  сандыгынан ашканын көрүнөө да, көмүскө да чет жактарга ташып, бар мүлктү текейден арзан баага бийчыкма –байларына  таратып, чачып, караламанды кур жалак калтырган. Кээ бир ажо  “ордодон оодарам” дегендерди чокмору менен уруп, бараңы менен аттырган. Ордосун талатып-тонотуп, бар буюмун бүлүндүрүп, жок кылып коюшуп, өздөрү  тыш жакка зымырап  качышкан. Зөөкүрлүк менен зулумдугу жок, кең пейил бу падыша калкын ур – токмок менен башкарууга ою да, колу да барбаган. Анткени: “Канзаада бол, карапайым  бол, баарың бирдей тең укуктуусуң!”- деген бүтүмдү өзү чыгарган заман.

    Ал такты ээлегенден берки өз өтмүшүн сыдыргыга салса, калкына  эркиндикти чексиз бериптир: мекенинде каалаган адам – улуусу да, кичүүсү да айбалтадан жалтанбай, көз көргөндү, ак менен караны, жакшы менен жаманды, кимдин болсо да, бетине айтат. Кеңирсиген мейкининде кирешени күргүштөтө өндүрүп, иштеп чыгаар өндүрүшү аз: жайдак талаада койчусу кой-эчки, бадачысы мал багат, чабандеси жылкы айдайт. Бакчысы жашылча-жемиш бышырат. Дыйканы эгин өстүрөт, токой тигет. Кенчиси жер алдындагы алтынды ылгап алып, сатат. Ордосунда иштелген  жумушу ошол.

   Өзү букарасын бакмакка:” Кимиси насыя  узатаар экен?”- деп, шору кайнап,оң- сол коңшу-колоңдордон, алардан алыс, ыраак жактардан үмүт этет.  Кадыры жетсе, чеңгелине илинсе, сырттан аздыр-көптүр насыя-ырыскы таап келет. Көбүнчө  байманалуу өлкөлөргө жалдырайт. Аягы ашка толо эмес, алган –тапкан мыдыры бала-чакасына да жетпеген  ырыскыга “жакшы жашайм” деген кыйындар канаат кылбайт. Андай тобокелдери  маңдайга бүткөн жазмышка,өп-чап турмушка топук кылбай, туш-тарапка тентип, аалам бою кезип кетиптир. Тең укуктуу болгон соң, букара арасынан ар ким каалаганын жасайт. Көпчүлүгү базар-учарда чайкоочулук кылат, соода-сатык, төрт түлүгү менен жан багат. Азыраагы “алма быш, оозума түш” — деп, ордодон чачыла күтүп, иши жок жатат, чалкалап. Эрки бар да, падышаны келекелеп, анын бутунан төбөсүнө чейин сын тагышат. Мекен-жайынын төрт бурчунан топтолгондор эски ажолордун “берешендиги” үчүн кара көөнү буга жабышат : “Ай дээр көсөм ажо, “кой” дээр чечен кожо жок, кошуналарга батмандап жер-сууну  бердиңер. Эзели өз колубуз тийбеген, бүтүн боору чийилбеген, тоо менен кенди да тартуулаган, кандай немесиңер? Сатылбаган эч нерсе жок, кусуру урат эл менен келечектин! Парасын алып, чекилигин жашырып, актыгын жандырып, датка-бийлерди, мансапкорлорду биз эмес, тандадың өзүң!Өз агасын агалай албаган — өзгөнүн эшигин сагалайт”- дешип, кыжылдаган эл топтоп, Ак ордону камалайт. Он жылда бир курулган ордону талкалап, өрттөп, ичиндеги бар нерсени тоноп-талашат. Кыргын-бүлгүндөн чоочуган жан сакчылары аскер башчысы менен кошо туш келди чилдей таркашат. Коколой баш калган падыша айласы жок, бүлөсү менен ээн жерге жетип, жашынат.

   Такка жутагандар жумалап издеп жүрүп, аны көөдөй түндө чет жердеги  Ак өргөөсүнөн табышат. Алар: “Мурда сага насыя берген падышалар да бергенин үстөгү менен кошо сурап,  чегарага келатат”- дейт, кол курап. Аман калууну кааласаң, өз ыктыярың менен тактан кеткин. Бийликти бизге бергин! Антпесең, үй-бүлөң менен жок болосуң. Бизден угаарың ушул, акыркы чечим! Бир апта мөөнөт, эсиңди жыйгын. Калк алдына чыккын. Тактыны тапшырам деп айткын,” – дешет да, көздөн кайым болушат.

   Жан алчулардан корккон падыша ооруп, төшөккө жыгылат. Такка жутунгандардын талабын кайдан-жайдан жете келген аскер башчыга араң-зорго угузат. Аскер башчы ордо бийлигин коргоо үчүн такка жутунгандарды жазалоого уруксат  сурап, таазим кылат.

   -Жок, – дейт анда падыша.

   Ал ордунан туруп, ордо алдына чыгат. Ичтен да,  сырттан да чыккан жоого окшоп, так талашкандарга:”Улуу-кичүү дебей, көрүнгөнү эл бийлөөнү самашат. Карапайым кишилердей  маңдай тер менен жашасак, сөзсүз жарашат!”-деп капаланат, арданат. “Алсыз- кедей ордого ким болсо да үстөмдүк кылганга, тагын ээлеп, жерин тартып алганга умтулат тура!”- деп кыялданат.  Айла таппай,  тизе бүгүп, калың элдин алдына жыгылат. Жоолашмакчы болгон эрендерге кайрылат. Ичи бузуктарды берегидей акылы менен тыят:

    – Мен элим үчүн суранам: “Мени коргойм”- деп, же “ мага каршы турам”- деп, экиге бөлүнүп, жоолашып, касташпагыла! Чабышпагыла, атышпагыла! Такты үчүн эч бир адамдын чекеси чийилбесин, башынан бир тал чачы түшпөсүн. Эзелтен жыйылып жаткан бүткүл мүлкүм менен ата мурас-казынамды ачкыла! Букарамдын ар бирине тийгидей кылып, калыс бөлүштүрүп, алтын-күмүш, зумурут, зер буюмдарды тегиз чачкыла! Карыз үчүн сураган насыясын төгүп, жериме көз күйдүргөн коңшулардын оозун жапкыла. Өз койнумдан  чыккан душмандардын да кара ойлорун тыйгыла! Калкым кыйноого бөөдө батпасын. Падышалыктан мен да тизгин тартайын. Кызматың  бир күн бар да, бир күн жок, ал — аманат! Ордого балдай жабышып, мен кылбайын такка кыянат! Чүкө менен добуш берип, калыстык менен санап-этип, ордонун жаңы  ээсин тандап алгыла! Ага да моокумуңар канбаса, кол-бутума тузак салып, мына мени камагыла, аскыла!..Бирок, эл-жерди тынч койгула! Эй  куйругун карматпай, эл-жерден качкан ажолор! Ата-Журтумдун байлыгын соргон мансапкорлор! Силер да келгиле, уурдап алганыңарды кайтаргыла! — дейт.

   Такка жетүүгө бири менен бири жарышып, жулунгандар падышанын сөзүнө ишенип,  муюп, үндөшпөйт. Ызы-чуу басылып, “кың” дешпейт. Мансапкорлор аны жектешип, ажолуктан кетишин гана күтүп турган. А болбосо, көрө албастар эл-жерге тынчтык бербей,  ордону утуру талкалап, өрттөп, жок кылганды, береке-ырыскыны төгүп чачканды  өнөкөт кылган.

    Падыша тактан түшүп, өз соңунан аял, бала-чакасын ээрчитет. Ордодон  бир баш таруу да албай, үстүндө болгон кийими менен чыгып кетет. Калкы менен чогуу жашаганы  жер бөлдүрүп алып, какыр талаага боз үйүн тигет. Ошентип, эч кимди чырдаштырбай-уруштурбай, тоз-тополоңду акыл менен жеңет.  Кең пейилдиги менен эл алдында жүзү жарык, турмуш өткөрөт. Мансабын алдырган урук-туугандары аны “ырыскыйды, келесоо” деп сөгүшөт да күлүшөт.

   Ага ажонун берген жообу бул болду:

    -Токтогула! Тытышмайды койгула! Эл катары жашайын! Мага ордо менен элимдин аман-эсен,  тынчтыгы керек! Ар кандай бейиш замандан, ордо менен мансаптан калкымдын эсендиги кымбат!

    Падышаны баары туурап, айтканын оң көрүшөт. Хандар-бектер, бай-манаптар менен бий чыкмалар  байлыктарын ортого түгөл төгүшөт. Алтын, күмүш тыйындар, асыл мүлк, буюм-тайымдар этегине көз жеткис, опол тоодой  болуп үйүлөт. Казынасы ашып-ташып, насыя алган карыздары да үзүлөт.

    Калкы падышага ыраазы. Бак-таалайлуу, май көл-сүт көл, ырыскылуу болуп, күлүп-жайнап, бапырап өмүр сүрүшөт. Байлык-бийликтен да өткөн мансап бар. Ал — тынчтык менен ынтымак экенин мүлдө калкы түшүнөт да, билишет.