Ырысбай Абдыраимов: КЕЛМЕ КЕЗЕК
Аңгеме
Мартбек карыган ата-энесинен эрте айрылып, жетим болуп өстү. Балапан эти ката элек, балтыр эти толо элек тестиер чагынан бодо мал, жылкы багып, байга жалданып жүрдү. Эмгегине үй ээси жылына эки-үч кой-козу бөлөт. Бала аларды байдын малынан бөлбөй, чогуу кайтарып, чыгымга учуратпай, бирге багууга көнөт.Эгерим эс алууну билбей, күнү-түнү мээнетти жерибей, байдыкын да, өзүнүнүн жандыктарын да көбөйтөт. “Жетим – жетилет. Өнөрлүү – өлбөйт.Жалкоонун жолу болбойт да,иши оңбойт,” – деген накыл мээсине кыттай орнойт.
Колу бошто китеп окуп, кой-эчкинин, бодо мал, жылкынын эти менен терисин, жүнү менен сүтүн кайра иштетүүнүн жолун издейт. Анан жер иштетүүнү, бак-дарак өстүрүүнү, колго тийген буюмдан жарак-жабдык, айтор ардеме жасоону үйрөнөт. Жигиттик баралга жетеерде малын базарга салып, анын пулуна жер, түркүн көчөт сатып алат. Жерине биринин соңунан бири бышып, түшүмүн жайнатаар жашылча-жемиш, эгин айдайт.
Бул арада байдын аны менен тең куракта болгон уулу – Битирбай да чоңоёт. Ал улуулар түгүл, атасынын да айткан акылын укпай, тескери басат. Ээнбаш, өзүм билемдик ага жагат. Иш билгилик жадында жок, жанын кыйнабай, көп уктап, чак түштө араң ойгонот. Кармаганы – телефон, кечке чукулайт. Билгени оюн – зоок,оокат ичмей, уктап-турмай, бозо, арак-шарап татып, тынымсыз шапар тебет.Алагүүлүктөн көзүн ачпай, ойногону кумар. Кумарда да ооматтуулар менен куулар утаар, алардын да жолу кууш – бат эле сызга олтураар.
Битирбай ошентип, келечегин ойлобой, бар байлыгын уттурду: кийиминен өйдө шылынып, карызга кокодон тутулду. Мал-мүлк, үй-жайы таланып, карызынан атасынан артып калган дүйнө менен араң кутулду. Ары урунду, бери урунду. Бирок, эмне тапса да берекеси болбой, колунан иш келбей, ырыскы качып, жармачтыкка тушукту. Кыйлага жетип, эсине келип, акылын араң жыйды. Көңүл коюп, көз салса, кечээки менен бүгүнкүнү таразага салыштырса, [i]жетим деп тең санабаган бир кездеги нокотек Мартбек, ченде жок бапырап байыптыр: кокту-колот, короосуна мал батпай, айкөл, мал — көл, ак сарайлуу асман кабат үй салыптыр. Чырпыгы – чынар, түркүн дарагы түшүмү эсеп жеткис дүркүрөгөн, калың бак-шактуу токойго айланып, багында куштар сайрап, казанында ала көлдөй чык, Ала-Тоодой эт кайнайт. Тоо боорунан төмөн куюлган мөлтүр булагы, жер алдынан калпып алынган алтын-күмүшү жайнап, ал табылгасы казынаны көздөй агыптыр. Кербендердей бири-бирине уланып курулган ишканалары улам өркүндөп — өсүп, өндүргөн өнүмдөрү кымбат баада чет жерге өтүп, тамыр-тааныш, тууган-уругу, эли-жери көбөйүп, байманасы укмуш ашыптыр. Мартбек өзү абройлуу окуу жайдан билим,кесип алыптыр.
Битирбей көрүнгөндөн насыя алат. Иштеп тапканын кайра эле насыяга карматат, карыздын үстөгүн жабат. Бересеси баштан ашат. Үй-жай, үлүш жеринен да ажырап, коколой баш, ач-жылаңач, томаяк болуп калат. Ошондо кур намысты жыйыштырат. Айласыздан болуп өтө сыпаа-сылык, Мартбекти издеп-таап, кеңеш сурайт:
-Жетим элең, жакшы жетилипсиң. Кыз-жигиттерди туш келди иш издетип, жер кыдыртып, сандалтпай, элиңди мыктап багат экенсиң. Мындай доорго кантип жеттиң да, жөлөп-таяган устун-уркуң ким?
Мартбек күлүп койду да, Битирбайды аяды:
-Жакшы атанын уулу элең. Эстесең,эзелтен сага мен тең белем? Атаңдын учугун улап, жолун туурап, онун – жүз, жүзүн миңге курап, жерин бейишке айлантсаң, албетте жарашмак!
Битирбей кайсалап, өкүнүп, оор үшкүрдү. Айласы куруп, эки жакка алаңдап:
-Ээ, анын несин айтасың?… Бирөөнүн көзүн каратпас, бөтөндөн оокат суратпас, атамдын ашкан акылы кайдасың?…Көрсө, атанын тапкан-тутканы балага буйрубайт тура! “Бирөөнүн ырыскы-ашы башкага жукпайт”,- дегени чын экен.
— Мына эми өзүңө келе баштапсың!- деди Мартбек ойлуу түрдө.
Битирбей жерге ийилген башын көтөрбөй,муңайган түрдө:
— Көсөөнүн акылы түштөн кийин келеери ырас экен. Насыямдын үстөгүнө үстөк кошулуп атат. Шайым кетти, байлыгыңдан үлөштүрө турчу, бир аз… Сен менден жармач элең, буга кантип жеттиң?
-Анын жолу эң оңой. Эгер уксаң, адегенде жалакайлыкты кой: ысык төшөктөн чыкпасаң, түшкө дейре уктасаң, акыл менен эмгек кылбасаң, бар мыдырыңды оюн-күлкү менен шамалга чачсаң, албетте, оомат качат. Мен — ар кимден үйрөндүм өнөр. Өнөр алууга ким да болсо, чыпалактайдан ыктаар, көнөөр. Кур дегенде жер иштет: жылына үч-төрт түрдүү эгин эк, түшүм өнөөр. Бак тик, ал токой, таза аба береер. Коё жесең –кой артат, тарта жесең — тай артат. Жумуртканы тоокко, тоокту койго, койду бодого, бодону жылкыга айлант. Аларды багып-караганга короо тап! Түгөнбөс жем камдап, жылга-жыбытка толтура чөп чап. Кой-эчкиң үчэмден, уй-бээң төлдөсүн эки эмден. Анан эгерим карыз алба! Насыя алсаң, аны кайда жумшаштын, убагында кайтаруунун көзүн бил. Тапканыңды үнөмдө, ашыкча төкпө — чачпа! Күтүрөп иштээр, кирешени жүз эсе береер ишканаларды түмөндөтө кур! Насыя алсаң, анын өзүнөн да үстөгү жаман! Убагында кредиттен кутулбасаң, анын пайызына пайыз кошулат. Кабыргаң кайышып, санаа тартып, кыйналасың абдан! Кыскасы, кулдай иште да, хандай жаша!
-Насыя албасам, карыздан кантип кутулам? – Битирбайдын шайы куруду.
Мартбек ууртунан күлүп, ага айтты муну:
-Ага такыр жолобо! Мен сага, жашаарыңа үй-жай, оокат-азык, кийим-кече да берейин! Багаарыңа мал-кой, короо… Чөп чабаарыңа, бычан камдаарыңа жайлоо-белес, жайыт менен жер да бөлөйүн! Колдогуңду төкпөй, бар болсо — чалкалап, чачып-көппөй, жок болсо – мүңкүрөбөй, тың жашаганга көндүрөйүн. Сарамжалдыкты үйрөтөйүн.
— Алганымды кантип төлөймүн? Кайдан билдим, итке минген сага бак-таалай конуп, даңазалуу мен жакыр болуп, ооматым колдон кетеерин?
— Ай, ага баш оорутпа, эгерим!.. Өткөн өттү, кечээгиге кайгырба! Бай билгенди кул билет, Күндү жер тегеренет. Кыш артынан жаз келет, көктөм менен май, анан саратан жай, бышыкчылык күз келет. Жашоо өзү күндү айланган — айланкөчөк. Ааламдашуунун айынан чилдеде да күн ысык. Африкага кыш түшүп, Түндүктөгү мухитте жатат, муз ээрип. Жаурупада чилдеде күн кайнап, Азияда мандарын менен апельсин бышып атат. Муну айтканым болоор сабак. Көрдүңбү, атаңдын байлыгы сага жукпады, жалкоо элең, сени мээнет чырмады. Эсиңе түй: адал мээнетсиз дүр-дүйнө эч кимге жукпайт, жалакайды жакырлык чырмайт. Бирөөдөн жардам күткөн байкушту жалкоолук жалмайт.
Азыр ааламда жылуулук алмашкандай байлыгы түгөнбөй, байлар да түбөлүккө турбайт. Колу жукаларга мал бүтөт, алар да байыйт, келет – кезек. Мына ушундай айланкөчөк. Сага тогуздап мал бөлөйүн – менден болсун, ошол сага белегим. Бергенимди мен доолабайм, сен да кайтарам деп ойлобо! Анткеним — сени байысын дегеним! Мен ыраазы, пендеге тийсе — керегим! Анткени, атаңдын эмгегин, жоомарттыгын унута элекмин.
Жакшынын шарапаты ушинтип, эзелтен калган. Эстүү адам кул кезинде жеген куйка менен жакшылыкты унутпайт. Билим, өнөр, акыл менен иштесең, жашооң болоор — май, талкан!
[i] гүнкүн